Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Түндүк Корея эки баллистикалык ракетасын учурду


Сеулдагы телеканал Түндүк Кореянын ракета учурганы тууралуу кабар таратып жаткан учур, 15-сентябрь 2021--жыл.
Сеулдагы телеканал Түндүк Кореянын ракета учурганы тууралуу кабар таратып жаткан учур, 15-сентябрь 2021--жыл.

Түндүк Корея узак аралыктагы жаңы канаттуу ракеталарын сынагандан көп өтпөй эки баллистикалык ракетасын учурду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Башкы штабынын жетекчилиги 15-сентябрда билдирди. Маалыматка ылайык, баллистикалык ракета шаршемби күнү Түндүк Кореянын борбордук бөлүгүнөн учуп чыгып, Корея жарым аралынын чыгыш тарабындагы деңизге түшкөн.

Бул окуядан кийин Түштүк Корея Түндүк Кореяга байкоо салуучу кызматтарынын ишин күчөттү. Коңшу Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Пхеньяндын кадамын сынга алды.

"Бул биздин өлкөнүн жана чөлкөмдүн тынчтыгы менен коопсуздугуна коркунуч туудурат. Чектен чыккан аракет. Бүгүн кечирээк биз улуттук коопсуздук комитетитинин чукул жыйынын өткөрөбүз. Биз АКШ, Түштүк Корея жана башка өлкөлөр менен чогуу иш алып барабыз", - деп билдирди Токиодо Ёсихидэ Суга.

Буга чейин Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги узак аралыктагы жаңы канаттуу ракеталар 11-12-сентябрь күндөрү ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялаган. Ага чейин Пхеньян бир нече айдан бери эч кандай сыноо өткөрө элек болчу.

13-сентябрда Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын соңку сыноосу өлкөнүн коңшуларына жана башка аймактарга коркунуч жаратарын эскерткен.

Түндүк Кореянын өзөктүк курал жана баллистикалык ракеталар боюнча программасына эл аралык санкция салынган. Бирок канаттуу ракеталарды чыгарууга эч кандай тыюу жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG