Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Бишкектеги мектептерде медпункт иштейт


Бишкектеги мектептердин бири. 15-сентябрь, 2021-жыл.
Бишкектеги мектептердин бири. 15-сентябрь, 2021-жыл.

Бишкек шаарындагы бардык орто мектептерде медициналык пункттар ачылып, атайын бекитилген дарыгерлер жана медайымдар иштей баштады. Бул тууралуу 15-сентябрдагы брифингде Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын адиси Чынара Исакова билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер окуучуларды жана кызматкерлерди санитардык талаптарга ылайык күн сайын текшерип турушат.

Буга чейин Бишкек мэриясы түзгөн атайын комиссия мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерип чыккан. Ошондой эле, окуучуларга бет кап тагынуу милдеттүү экенин эскерткен.

Мэриянын Билим берүү башкармалыгынын карамагында 97 орто мектеп бар. Бул мектептерде 170 миңге жакын окуучу окуп жатат жана 7000ден ашуун мугалим иштейт. Мугалимдердин 60% коронавирсука каршы эмделген.

15-сентябрда мектептер мурдагыдай тартипте ишке киришти. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл 159 миңдей бала 1-класска барат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG