Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

"Талибан" ички чырдан вице-премьер Барадар өлгөнү тууралуу маалыматты четке какты


Абдул Гани Барадар.
Абдул Гани Барадар.

“Талибан” кыймылы Ооганстанда вице-премьер Абдул Гани Барадар ички уруш учурунда атып өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Мындай билдирүү мурда кыймылдын Доха шаарындагы саясий кеңсесин жетектеп келген Барадар Ооганстанда убактылуу өкмөттүн ичинде бийликти бөлүштүрүү маселесине байланыштуу чыккан чырдын курмандыгы болгону тууралуу сөздөр күчөп турган чакта жасалды.

“Талибандын” өкүлдөрү кыймылдын ичинде эч кандай карама-каршылык жок экенин да айтууда.

Алар жакында Ооганстанда премьер-министрдин орун басары болуп дайындалган Барадар жараат алганы же каза болгону жөнүндөгү маалыматтар жалган экенин, өзү азыр Кандагар шаарында болуп жатканын билдиргенин айтышты.

Барадар соңку бир нече күндөн бери көрүнө электиги да түрдүү жоромол жаратууда. Ал 12-сентябрда Кабулда Катардын тышкы иштер министри менен жолугушууга катышкан жок. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG