Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

COVID-19: Путин обочолонуусун Sputnik V вакцинасын сынап көрүү мүмкүнчүлүгү деп атады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталганына байланыштуу обочолонуп иштөөгө өткөнүн Sputnik V вакцинасын сынап көрүү мүмкүнчүлүгү катары сыпаттады.

14-сентябрда башкаруучу “Единая Россия” партиясынын лидерлери жана өкмөт мүчөлөрү менен видеобайланыш аркылуу өткөргөн жыйында Путин “Менин жакын айланамдагы бир нече адам ооруп калды. Алардын бири менен мен тыгыз байланышта иштейм” деп айтты.

Буга чейин Sputnik V вакцинасы менен эмделгенин айткан орус президенти азыркы обочолонуусун “табигый эксперимент” деп атап, “бул вакцина иш жүзүндө кандай таасир берерин карап көрөлү” деди.

Орусия калкын өзү өндүрүп жаткан Sputnik V жана EpiVacCorona вакциналары менен эмдеп жатат. Бул өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 2020-жылдын декабрында башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG