Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

АКШ: Блинкен Конгрессте Ооганстандагы операция боюнча маалымат берүүдө


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШнын башкы катчысы Энтони Блинкен эки күндөн бери Конгрессте Кошмо Штаттардын аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүү маселесине байланыштуу жыйындарга катышып, Сенаттын эл аралык иштер боюнча комитетиндеги республикачылардын да, демократтардын да катуу сынына кабылып жатат.

14-сентябрда сенаторлор президент Жо Байдендин администрациясынын Ооганстандан чыгуу боюнча уюштурган иши бул өлкөдө бийлик толугу бойдон талибдердин колуна өтүп кетишине жана көптөгөн америкалыктар, гран-карта ээлери жана оогандыктар кооптуу абалга кептелишине алып келгенин сындашты.

Блинкен Байдендин администрациясы өтө оор жана башаламан жагдайда колунан келген бардык аракетин жасаганын белгилеп, “Американын эң узакка созулган согушун токтотууга мезгил келгенин” айтты:

"Ооганстанда андан ары да кала берсек бул өлкөнүн коопсуздук күчтөрү жана өкмөтү туруктуураак же күчтүүрөөк болмок дегенге эч кандай далил жок. 20 жыл ичинде колдоо көрсөтүү, жабдуу, окутуу үчүн жүздөгөн миллиард доллар бөлүп бергенибиз жетишсиз болуп чыккан соң дагы бир же беш, он жыл калуунун кажети бар беле?”.

Республикачыл сенатор Марко Рубио президент Байдендин администрациясын Ооганстан боюнча ийгиликсиз иши үчүн күнөөнү мурдагы президент Дональд Трамка оодарууга аракет кылып жатат деп айыптады.

Комитеттеги жалгыз аял, демократ сенатор Жин Шахин “Талибан” менен 2020-жылы түзүлгөн келишим “аялдардын жана кыздардын укуктарынан баш тартуу” үчүн сынга кабылганын белгиледи. Блинкен жакын арада АКШда ооган аялдары жана кыздары боюнча саясатка жооптуу кызматкер дайындаларын айтты.

АКШнын Ооганстанда 2001-жылдын 7-октябрында баштаган өнөктүгү быйыл аяктап, 31-августта акыркы америкалык аскер Ооганстандан чыгып кетти. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG