Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, 81 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 14-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан эки киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2578 адамга жетти. Соңку бир суткада вирус дагы 81 адамдан табылды.

  • Бишкек - 32
  • Ош шаары - 2
  • Чүй облусу – 17
  • Ош облусу – 2
  • Талас облусу - 2
  • Нарын облусу - 3
  • Ысык-Көл облусу – 10
  • Жалал-Абад облусу – 10
  • Баткен облусу - 3

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19ду жуктуруп алгандардын жалпы саны 177 389 кишиге жетти.

Учурда 603 бейтап ооруканада жатат, 978 киши​ үйдөн дарыланууда. Бир суткада 117 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 767 киши.

Коронавируска каршы эмделгендердин жалпы саны 1,2 миллиондон ашты. Алардын 746 миңден көбү вакцинанын биринчи дозасын алды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG