Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

COVID-19: Түркмөнстанда вирустан өлгөндөр кескин көбөйдү


Түркмөнстандын борбору Ашхабадда коронавирустан көз жумгандардын саны кескин көбөйдү. Баш калаадагы өлүкканага жүздөгөн адамдын сөөгүн алып келип жатканын “Азаттыктын” түркмөн кызматы саламаттык сактоо тармагындагы булактарга таянып жазды. Андагы маалыматка ылайык, Чоганлы өлүкканасына 10-сентябрда 200дөн 300гө чейин адамдын сөөгү алып келинген. Ал эми көрүстөндөрдүн жумушчулары жай казганга жетишпегендиктен экскваторлор тартылган. “Азаттыктын” кабарчылары билдиргендей, үйүндө жатып каза болгондордун сөөгүн өлүкканага алып барышпай, акыркы сапарга узатуу зыйнатына аз гана адам катышып жатат.

Түркмөн бийлиги өлкө аймагында коронавирус бар экенин расмий түрдө четке кагып келет. Бирок өкмөт пандемияны кыйыр моюнуна алып, бир катар чектөөлөрдү киргизген. Учурда бул өлкөдө толугу менен локдаун өкүм сүрүп, соода, кызмат көрсөтүү жана эс алуу жайлары жабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG