Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Дүйшөмбү шаарында ЖККУ жана ШКУ саммиттеринин алгачкы иш-чаралары өтөт


Дүйшөмбү шаары.
Дүйшөмбү шаары.

Бүгүн 15-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында аймактык эки бирикменин – Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) президенттеринин саммиттеринин алкагындагы иш-чаралар башталууда.

ЖКУУ жыйыны 16-сентябрда, ШКУ жыйыны 17-сентябрда өтөт.

Саммиттерге катышуу үчүн Кыргызстандан президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегация Тажикстанга бүгүн жөнөп кетет.

Президенттер эл аралык жана аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында жалпысынан кырктан ашуун документке кол коюлат.

Талкуулана турган негизги маселелердин бири – Ооганстандагы соңку абал.

Шанхай кызматташтык уюмунун 20 жылдык саммитине Ооганстандын делегациясы катышпай турган болду.

Жыйындарга Орусиянын президенти Владимир Путин да катышпайт, себеби айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталганына байланыштуу ал обочолонуп иштөө режимине өттү.

Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУ уюмуна сегиз өлкө – Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Пакистан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Беларусь, Иран, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG