Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Навальныйдын ууланышы: Орусияны козгогон бир жыл


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиядагы оппозициянын лидери Алексей Навальныйдын ууландырылганына 20-августта туура бир жыл болду. Бир жыл ичинде Навальный негиздеген уюмдар Орусияда "экстремисттик" деп тыюу салынып, үзөңгүлөштөрүнө басым күчөдү.

Бир жыл мурун эмне болду эле?

2020-жылдын 20-августунда орус бийлигинин эң башкы сынчысы болгон Алексей Навальный Томск-Москва багытындагы учакта абалы начарлап, эсин жоготкон. Учактын учкучтары жолдогу Омск шаарына чукул конуу чечимин кабыл алган. Дал ушул шаардагы ооруканага саясатчы оор абалда жеткирилген.

Орусиялык дарыгерлер Навальныйдын абалы оор экенин билдиришкени менен анын диагнозун ачык айтпай жатышты. Ошол эле учурда башка өлкөгө алып кетүүгө да уруксат беришкен эмес. Эки күндөн кийин эле Навальныйдын жакындары орус бийлигинен оппозиционерди чет өлкөдөгү ооруканага которууга мүмкүнчүлүк алышты.

Навальный оор абалда Берлиндеги “Шарите” клиникасына жеткирилип, 17 күндөн кийин гана эсине келди. Ошол жерден саясатчы “Новичок” деп аталган уулуу зат менен ууландырылганы белгилүү болду.

Дал ушундай уу менен буга чейин Лондонго журт которгон орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал жана анын кызы ууландырылганы аныкталган. Бул иштин артында Орусиянын атайын кызматы турганы кийин белгилүү болгон.

Европадагы бир нече көз карандысыз лаборатория, Химиялык куралга тыюу салуу уюму Алексей Навальныйдын “Новичок” тобуна кирген уу менен ууландырылганын тастыкташты.

Кийинчерээк Bellingcat тобу Навальныйдын катышуусу менен жүргүзгөн журналисттик иликтөөдө саясатчыны ууландыруу боюнча операцияны Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын агенттери уюштурганын ашкере кылышты.

Алексей Навальный өзүнө кол салуунун артында орус президенти Владимир Путин турат деп эсептейт. Кремл бул шектенүүлөрдү, дегеле Навальный ууландырылган деген версияны четке кагып келет.

Путин быйыл июнда Женевада АКШ президенти Жо Байден менен жолуккандан кийинки маалымат жыйынында адатынча Навальныйдын атын атабай тергеп, ага карата куугунтук жок экенин билдирген.

"Ал мыйзамдын талаптарын көзгө илбей, укук коргоо органдары чакырган учурда келбей жүрдү. Ага издөө жарыяланды. Ушунун баарын билип туруп, Орусияга келди. Менин оюмча, атайын эле камакка түшүүнү каалады. Ал эмнени кааласа, ошону алды”.

Ооруканадан түрмөгө

Төрт айдан ашык Германияда дарыланган оппозициячыл саясатчы быйыл январда Орусияга кайтары менен аэропортто камакка алынган. Ага жети жыл мурунку “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деген айып тагылып, дээрлик үч жылга кесилди.

Навальный камакка алынган соң Орусиянын көптөгөн шаарларында он миңдеген адамдар катышкан жүрүштөр өттү. Бул акциялар саясатчынын тарапташтарын куугунтуктоого кошумча негиз болуп, миңдеген адамдар камалды.

Навальныйды колдоо жүрүшү. 23-январь, 2021-жыл.
Навальныйды колдоо жүрүшү. 23-январь, 2021-жыл.

Учурда 44 жаштагы Алексей Навальный Владимир облусундагы түрмөдө жазасын өтөп жатат. Колонияда ал “качып кетүүгө жөндөмдүү соттолуучу” деп аныкталып, күчөтүлгөн кайтарууга алынган.

Ууландырылганына бир жыл толгон күнү Навальныйдын соцтармактагы баракчаларына билдирүүсү жарыяланды. Анда ал өмүрүн сактап калгандарга ыраазылык билдирген.

“Мен экинчи жолу жашоого, өзүм туура жана акыйкат деп санаган чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк алдым. Мен андай нерселерди буга чейин кылып келгем, кылып жатам жана улантууга аракет кылам”, - деп жазды Навальный.

Мындан сырткары бул күнгө карата Алексей Навальныйдын абакта отуруп жазган макаласы британдык The Guardian, франциялык Le Monde жана немис тилиндеги Frankfurter Allgemeine гезиттерине басылды. Анда оппозициячыл саясатчы Батыш өлкөлөрүн дүйнөдөгү, анын ичинде Орусиядагы коррупция менен күрөшүүгө, орус президенти Владимир Путиндин айланасындагы олигархтарга санкция салууга чакырган.

Бир жыл ичинде эмне өзгөрдү?

Бүгүн Навальный ууландырылган бир жыл ичинде эмне өзгөрдү деген суроо талкууланып жатат. Аны ууландырылышы Орусияда оппозицияны куугунтуктоонун жаңы толкунун жаратканын Навальныйдын үзөңгүлөштөрүнүн бири Руслан Шаведдинов айтып берди:

“Бир жыл ичинде абдан көп нерсе өзгөрдү. Бул убакыт аралыгында көз карандысыз маалымат каражаттары болуп көрбөгөндөй басым алдында калды. Биздин штабдарды, студияны экстремисттик деп таап, Талибан, “Ислам мамлекети” уюмдарына теңеп салды. Бардык оппозициячыларды же камакка алып же өлкөдөн чыгарып жатышат. Бир жыл аралыгында биздин өлкө өтө тездик менен Беларустагы режимге айланып калды”.

Чынында эле саясатчы камакка алынышына каршы нааразылык акцияларынан кийин саясий активисттерге, эркин медиага басым күчөдү. Мындан улам Навальныйдын бир катар үзөңгүлөштөрүнө кылмыш иши козголуп, айрымдары чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болду.

Быйыл Мамлекеттик Думага ат салышууну көздөгөн Любовь Соболь, Владимир Милов, Иван Жданов, Дмитрий Гудков сыяктуулар башка өлкөлөргө көчүп кетүүгө аргасыз болду.

Любовь Соболь.
Любовь Соболь.

Саясатчынын иниси Олег Навальный, маалымат катчысы Кира Ярмыш баш болгон бир нече адам шарттуу кесилди.

Быйыл жайында Навальный түптөгөн “Коррупцияга каршы күрөш фондуна”, экстремисттик уюм катары тыюу салынды. Эми бул уюмдар менен кызматташкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мындан башка дагы 40тан ашуун уюм жана адамдар “чет өлкөлүк агент” деп таанылды.

Роскомнадзор уюму Навальныйдын сайты баш болгон бир нече маалымат булактарына тыюу салды.

Дал ушундай шартта Навальныйдын иши Батыш менен ансыз да солгун мамилени ого бетер начарлатты. АКШ менен Евробиримдик оппозиционердин ууландырылышына жана абакка кесилишине байланыштуу Кремлдеги жети аткаминерге санкция салды.

Алексей Навальныйдын ууландырылганына бир жыл толгон күнү Германиянын канцлери Ангела Меркел Москвага сапар менен келди. Меркелдин немис өкмөт башчысы катары Орусияга акыркы сапарынын жүрүшүндө абактагы саясатчынын маселелери көтөрүлөрү белгилүү болду. Анын жыйынтыгы менен кандай чечим кабыл алынары белгисиз.

Ал тапта 20-августта Amnesty International уюму Алексей Навальныйдын уулундарылган жагдайларды толук иликтебегени үчүн Орусияны сындаган билдирүү таратты.

"Азаттыктын" архиви: Орус элин ойготкон Навальный

Орус элин ойготкон Навальный
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:23 0:00

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG