Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Химиялык куралды тыюу уюму: Навальный "Новичок" менен ууланган


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Химиялык куралды тыюу уюму немис өкмөтүнө орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышы боюнча иликтөөсүнүн корутундусун жөнөттү. Анда Навальный "Новичок" заты менен ууландырылганы аныкталганы айтылат.

Уюмдагы немис өкмөтүнүн өкүлү корутундуну Химиялык куралга тыюу салуу боюнча Конвенцияга кол койгон өлкөлөрдүн баарына жөнөтүүнү жана коомчулук үчүн ачык коюуну суранды.

Кремлдин башкы каршылашы Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Навальный ооруканадан 23-сентябрда чыккан жана Германияда болуп, дарылануусун улантарын билдирген.

Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын кабарлашкан. Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет жана Берлинди «бул ишти иликтөөдө Москва менен кызматташпай жатат» деп күнөөлөгөн.

Навальный өзүн ууландыруунун артында Орусиянын президенти Владимир Путин турат деп эсептей турганын «Der Spiegel» немис басылмасындагы маегинде билдирген.

XS
SM
MD
LG