Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Түп - Кеген жолу 2022-жылы курула баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык маанидеги Түп-Кеген жолун куруу иштери 2022-жылы башталат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Дүйнөлүк банктын каржылоосунун алкагында Түп менен "Каркыра" көзөмөл-өткөрмө пунктун бириктирген 52 чакырым жолду, "Сан-Таш" тарыхый комплексине кетүүчү жол куруу пландалууда. Ошондой эле, жол боюндагы объектилерди салуу каралган.

Министрлик Түркиянын PROYAPI консалтинг компаниясы тарабынан Түп - Кеген унаа жолунун деталдуу долбоорун иштеп чыгуу жана жол курган компанияны тандоо боюнча тендердик документтерди даярдоо иштери бүтүп калганын билдирди.

Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен 2022-жылдын жазында жол курулуп баштайт. Дүйнөлүк банк 55 млн. доллар бөлгөн, анын жарымы грант, калганы насыя түрүндө берилет.

Каркыра капчыгайынын аймагына жанаша жайгашкан Түп - Кеген чоң жолу "Аймактагы жолдорду жакшыртуу" программасына кирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанга берилген гранттык каражаттын көбү консультанттарга, окутууга жана ушул сыяктуу административдик чыгымдарга жумшаларын сындап чыккан. Анда Дүйнөлүк банк бөлгөн 55 млн. доллардын 2 млн. доллары консультанттардын кызмат акысы катары каралганы белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG