Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 16:00

Депутат гранттык акчанын чыгымын санады


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга берилген гранттык каражаттын көбү консультанттарга, окутууга жана ушул сыяктуу административдик чыгымдарга жумшалат.

Жакында Дүйнөлүк банк Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматы менен Улуттук статистика комитетинин техникалык абалын жаңылоого жана санариптештирүүгө 17 млн. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бере турганы белгилүү болгон.

Дүйнөлүк банк бул ири долбоорду иштеп чыгуунун алдында салык алуу компонентин модернизациялоого даярдоо үчүн 384 900 доллар грант бөлгөн. Анын 320 400 доллары консультациялык кызмат көрсөтүүгө, 25 000 доллары окутууга жана 37 000 доллары маалымат-коммуникациялык жабдууларын сатып алууга жумшалат.

Парламент депутаты Дастан Бекешев аталган гранттын мамлекет үчүн пайдасы канчалык болору тууралуу маселе көтөрдү:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

- Ушундай гранттык макулдашууларда адатта консультанттардын чыгымы көбүрөөк болот. Насыялык макулдашууларда болсо андай эмес. Аларда консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кеткен чыгымдар 2-3 пайызды түзүшү мүмкүн. Ал эми гранттык макулдашууларда берилип жаткан гранттын жарымынан көбүн кайра эле ошол донор уюм өзү сунуштаган консультанттар алып кетишет. Мисалы, Дүйнөлүк банк салык кызматына берчү гранттын 384 миң долларынын 320 миң доллары эле консультанттардын кызматына кетип жатат. Бул чыгымдар гранттын жарымы эле эмес, керек болсо 80 пайыздан ашуун бөлүгүн түзөт.

Депутат Дастан Бекешев Финансы министрлиги эл аралык донор уюмдар менен макулдашууларды даярдоодо ашкере чыгымдарды кыскартып, алына турган насыялар менен гранттарды натыйжалуу пайдаланууга көңүл бурушу абзел экенин айтты.

Дастан Бекешев соңку үч жылда берилген гранттык макулдашууларды карап чыгып, алардын көпчүлүгүн ыксыз чыгымдар түзгөнү аныкталганын белгиледи:

- Биз парламентте ратификациядан өткөн соңку макулдашууларды анализдеп чыкканда, акчанын көбү эле консультанттарга бөлүнүп кеткени аныкталды. Бирок Финансы министрлиги бизге "бул стандарттык макулдашуу, бул жерде консультант сөзсүз болушу шарт, болбосо грант бөлүнбөйт" деп айтышат. Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык донор уюмдардын бардыгы грант бөлүп, анын алкагында "долбоорду ишке ашыруу бөлүмү" деп ачып алып, өзү тандаган консультанттардын чыгымдарына көп акча карап салышат. Кайсы гана гранттык макулдашууну албайлы, ошондой өнөкөт бар. Мисалы, Түп-Кеген жол долбооруна 55 млн. доллардын жарымы насыя, жарымы грант катары бөлүнүп, анын ичинде 2 млн. доллары консультанттардын кызмат акысы катары каралган. Жарандык авиация агенттигине берилген гранттын эсебинен 550 миң доллар окутууга жана авиация тармагы боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жумшалган.

Дүйнөлүк банк дооматка макул эмес

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү депутаттын гранттык макулдашуулардагы ыксыз чыгымдарга байланыштуу койгон дооматына чукулунан жооп кайтарды.

Өкүлчүлүктүн коомчулук менен байланышуу бөлүмү бул гранттык каражат Кыргызстандын салык алуу жана статистика тутумун жаңылап, толук санариптештирүү боюнча ири долбоорду даярдоого гана багытталганын билдирди. Аталган долбоордун шартына ылайык, 17 млн. доллар насыянын жарымы кайтарымсыз грант түрүндө, жарымы жылына 0,75 үстөк пайыз менен 38 жылга берилип, аны алты жылдан кийин гана төлөп баштай турган жогорку жеңилдиктеги насыя экени мекеменин маалымдамасында көрсөтүлгөн.

Ал эми Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү буга окшогон долбоорлордо консультанттардын акысы жана долбоорду башкарууга кеткен чыгымдар 6 пайыздан ашпасын эске салган.


Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков Дүйнөлүк банктын талабы боюнча бул ири долбоорду даярдоого жогорку тажрыйбалуу адистер тандалып алынарын билдирди:

- Салык салуу башкармалыгын жана статистикалык маалымат тутумун модернизациялоо боюнча ири долбоорду даярдоо иш-чарасы ишке киргени турат. Аталган грант бул ири долбоорду даярдоочу компонент гана болот. Анткени ошол долбоор биздин салык кызматын санариптештирүү аркылуу фискалдаштыруу менен Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалымат тутумун иштеп чыгууга багытталат. 17 млн. долларга бааланып, беш жылдык мөөнөттө ишке ашырууга багытталган ал ири долбоорду даярдоого Дүйнөлүк банк грант бөлгөн. Эми Дүйнөлүк банктын талабы боюнча долбоорду иштеп чыгууга жогорку тажрыйбалуу чет элдик жана жергиликтүү адистер атайын сынактын негизинде тандалып алынат.

Маселенин маанилүү эки тарабы

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү Сайдулла Нышанов ири долбоорлорду даярдоодо маселенин эки жагы бар экенин айтып, ошентсе да андагы ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча Финансы министрлигине кезинде сунуш берилгенин белгиледи. Анын айтымында, консультанттарга өтө чоң маяна чегерген өнөкөт Кыргызстанда көп жылдан бери тажрыйбаланып келет:

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

- Негизинен бардык гранттык долбоорлордо ошондой. Консультанттардын же башка бир адистердин жол киресинен баштап, бардык чыгымдары төлөнүп, аларга 10 миң доллардан ашуун маяна чегерилген учурлар бар. Ошондо берилген гранттын көп каражаты эле ошондой чыгымдарга кетип калууда. Бул чындык. Кезинде биз Финансы министрлигине аны тартипке келтирүү боюнча маселе койгонбуз. Бирок маселенин экинчи жагы дагы бар. Сырттан чакыртылган, жогорку тажрыйбалуу адистер кандайдыр бир долбоорлор боюнча биздин 30-35 миң сомго келип, иштеп бербейт экен да. Ошол жагын дагы эске алуу керек. Бизге гранттык макулдашууларды парламентке алып келип коргогон өкмөт мүчөлөрү ошондой талаптарга көнүп, документти даярдоодо ошол шарттарга макулдугун берип коюшат экен. Эми гранттык долбоор болгондуктан, жок дегенде акча такыр эле келбей калгандан көрө, биздин адистер тажрыйба үйрөнсүн деген таризде макулдашууларды бекитип жатканда биз да ошондой жактарына жумшак мамиле кылып койгон учурлар болот. Бирок негизи берилген гранттарды ошондой ашкере чыгымдарды көрсөтүү менен кайра эле эле сыртка алып чыгып кетүүгө жол бербеш керек.

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга өткөн 25 жылда жеңилдетилген насыялар жана кайтарымсыз гранттар түрүндө 1,6 млрд. доллар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөткөн. Алардын көпчүлүгү энергетика тармагын жаңылоого, жолдорду курууга, айыл жана суу чарбасындагы объектердин курулуштарын оңдоого, ошондой эле бюджетти колдоого жумшалганы маалымдамада көрсөтүлгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG