Депутаттар насыяга салынып жаткан жолдордун курулушу өз убагында бүтпөй жатканын сынга алып, өкмөттү ыкчам иштөөгө чакырышты. Ушуга чейин жол тармагына 2 млрд. доллардан ашык насыя алынса, анын 1 млрд. доллардан көбү Кытайдын Эксимбанкына таандык. Өкмөт эми аталган банктан 56 млн. доллар грант сураганы жатат.
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 26-февралда өткөн жыйынында жол салуу боюнча 13 чоң долбоордун төртөө жай жүрүп жатканы белгилүү болду.
Алар: Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Бишкек - Кара-Балта, Ош-Баткен-Исфана жана Исфана-Кайрагач-Баткен-Төрткүл автоунаа жолдору.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов долбоорлор эмне себептен белгиленген мөөнөттөн артта калып жатканын мындайча түшүндүрүүгө аракет кылды:
- Бир долбоор боюнча күнөөлүүлөр - ошол жерде иштегендер. Бул Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолу. Алар өз убагында битумду сатып алган эмес жана техниканы өз учурунда мобилизация кылган эмес. Ал эми Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунда туннелди казууда оорчулук болуп жатат. Бишкек - Кара-Балта жолу боюнча жергиликтүү бийликтин күнөөсү болуп калды. Исфана-Кайрагач-Баткен-Төрткүл жолунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу артта калуу бар. Бирок анча көп эмес.
Аталган долбоорлордун ичинен эң ириси - Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Ош-Бишкек жолуна альтернатива болчу Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Бул жол быйыл салынып бүтүп, колдонууга берилиши керек болчу. Бирок өкмөт жолду салууда кошумча жумуштар чыккандыктан ал 2021-жылы бүтөрүн билдирди.
Депутаттар чет мамлекеттен алынган насыяларга салынып жаткан жолдордун өз убагында эксплуатацияга берилбей жатышын сынга алышты. Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Бактыбек Сыдыков буга байланыштуу маселени көтөрдү:
- Кубатбек Айылчиевич, өкмөттө бул боюнча жыйын өткөзбөсөңөр болбойт. Муну ревизия кылыш керек. Долбоорлор алты ай, бир жыл, эки жыл артта калууда. Насыянын баарын алып койгонбуз. Ага ким жооп берет? Алардын пайыздары өсүп жатат. Жолдор болсо эксплуатацияга бериле элек. Биз 23 чакырым жолду эки-үч жыл куруп атабыз.
Финансы министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан чет жактан жол тармагына баш-аягы 2 млрд. 540 млн. 760 миң доллар каражат алган. Анын 87 пайызы насыя, калган 13 пайызы грант. Алынган насыянын ичинен 1 млрд. 173 млн. доллары Кытайдын Эксимбанкына таандык.
Ошол эле Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун курулушуна Кытай Эксимбанкынан 700 миллион долларга жакын акча алынган.
Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов министрлик альтернативалуу жолду аягына чыгарыш үчүн аталган банктан дагы 56 млн. доллар грант сураганы жатканын айтты. Тиешелүү сунуш Кыргызстандын Финансы министрлигинин кароосунда турат.
- Биз башка банктар менен деле иштешип жатабыз, - деди ал. - Бирок Эксимбанктан 1 млрд. доллардан ашык насыя алыптырбыз. Эми 56 млн. долларды грант катары сурап көрөлү деп атабыз. Бул болгону грант эле. Биз ушуга аракет кылып жатабыз.
Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкынан Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолуна насыяны эки пайыз үстөгү менен алганын жана аны 32 жылдын ичинде төлөп бериши керек экенин кабарлады.
Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков Кытайдан алынган насыялар боюнча кыргызстандыктардын маанайын эске салып, мындан ары Кытайдын Эксимбанкынын насыяларынан баш тартууга чакырды:
- «Эксимбанк менен сүйлөшүүлөр болуп жатат» деп айттыңар. Мындан башка банк менен сүйлөшсөңөр болбойбу? Эксимбанктын пайызы жогору. Элди да кооптондуруп жатат. Парламенттин жалпы жыйынында да финансы министрине ушул суроону бергенбиз. Эксимбанк бизге насыяны эки пайыз үстөгү менен берип жатса, грантты кантип бермек эле?
Алынган насыялар иштин бир өңүтү болсо, аны даректүү колдонуу да өзүнчө маселе. Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков мына ушуга көңүл бурду:
- Эмне үчүн Транспорт министрлигинде коррупция азайбайт? Анткени бул жакта кадрлар алмашпайт. Бул министрлик коррупция боюнча Кыргызстанда биринчи орунда турат. Алынган насыялардын 3 млрд. долларга жакыны жолго кетиптир. Аны карапайым эл төлөп атат.
Былтыр декабрь айында УКМК транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаганын кабарлаган. Атайын кызматтын материалдарына ылайык, Жусубалиев акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган деп шек саналууда.
УКМКнын маалыматы боюнча ал иште чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. Андан мурда ал ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алганы кабарланган.