Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Бюджеттин талаштуу тартыштыгы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошентип Кыргызстан 2018-жылкы бюджетин жети миллиард сомго жакыныраак таңсыктык менен жапты. Өкмөт бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки-үч эсе аздыгын айтып, муну жетишкендик катары баалоодо.

Бирок депутаттар өкмөт чыгашанын суммасын кыскартуу аркылуу дефицитти кичине көрсөткүсү келип жатканын сынга алууда. Эл өкүлдөрүнүн ишендиришинче реалдуу таңсыктык мындан көп жана ондогон миллиарддарды чапчыйт.

Өкмөттүн мактанычы

Коллегиялык жыйындардагы жана парламенттеги кызуу талкуулардан кийин Финансы министрлиги 2018-жылкы бюджеттин аткарылышы боюнча акыркы отчетун коомчулукка койду. Анда соңку маалыматтар делгени менен көбүнчө буга чейинки жыйында айтылган сандар келтирилди. Киреше-чыгаша жана таңсыктыгын суммасы да көп өзгөртүлбөгөн жагдайда жарыяланды.

Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Марлен Амандыков жалпы статистика менен бөлүштү:

Марлен Амандыков
Марлен Амандыков

- Республикалык бюджеттин жыйынды кирешелери 135 млрд. 437,6 млн. сомду, ал эми жыйынды чыгашалары 142 млрд. 71,5 млн. сомду түздү. Натыйжада бюджет 6 млрд. 633,9 млн. сом таңкыстык менен аткарылды. Негизи былтыр бюджетте таңсыктык 12 млрд. 606 млн. сом деп такталгандыктан, аны жабуу үчүн ички жана тышкы булактардан 11 млрд. 481,5 млн. сом табылган. Ал сумманын 6 млрд. 633,9 млн. сому таңсыктыкты жабууга жумшалды. Ошентип 2018-жыл 4 млрд. 847 млн. сом калдык менен жыйынтыкталды, - деди ал Бишкектеги басма сөз жыйынында.

Бюджет боюнча атайын кеңешме учурунда таңсыктык мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайганын аз күн мурдараак өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да жетишкендик катары баалады:

- Оңдуу учурлардын катарында өткөн жылы буга чейинки жылдарга салыштырмалуу биз бюджеттин тартыштыгын кыскартууга жетишкенибизди атоого болот. Ал 6,6 млрд. сомду түздү же ИДПга карата 1,2%, бул 2017-жылга караганда 10,7 млрд. сомго төмөн. Биз «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашырууну улантуу үчүн каражаттарды бөлө алдык. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында «Айыл банк» ачык акционердик коомун жана «Кепилдик фондун» капиталдаштыруу ийгиликтүү аяктады, үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысы көбөйтүлдү, - деген премьер-министр Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев Финансы министрлигинин бюджетти талкуулаган коллегиялык жыйынында.
Мухаммедкалый Абылгазиев Финансы министрлигинин бюджетти талкуулаган коллегиялык жыйынында.

Ооба, 2017-жылы бюджеттин тартыштыгы Финансы министрлигинин эсеби боюнча 17 млрд. 388,3 сомду түзгөн жана 2018-жылкы таңкыстык мындан сезилээрлик эле төмөн экени көрүнүп турат. А 2016-жылкы 20 млрд. 878 млн. сомдук тартыштыкка салыштырмалуу былтыркы көрсөткүч үч эсе аз.

Жиликтөөдөн кийинки суроолор

Бирок адистер өкмөттүн киреше-чыгашалардын айырмасын эле тартыштык деп атаганын сынга алып, муну өзүнүн чабалдыгын жашыруу аракети катары сыпаттоодо. Анткени чыгымдар алгачкы пландоодо Финансы министрлиги азыр айтып жаткан суммадан кыйла көп болчу. Муну Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматтар да ырастап турат.

2018-жылдын бюджети боюнча мыйзамда каралгандай, бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 140 млрд. 882 млн. сом өлчөмүндө болот деп болжолдонгон. Ал эми чыгашасы 161 млрд. 149 млн. сом деңгээлинде белгиленген. Ошондо бюджеттин тартыштыгы 20 млрд. 267 млн. сомду түзмөк.

Бирок былтыр жыл ортолоп, такталды деген бюджеттин кирешеси 141 млрд. 533 млн. деп белгиленип, чыгашасы 154 млрд. 140 млн. сом деп, азайып көрсөтүлүп калган. Эмне үчүн чыгаша пландалгандан аз көрсөтүлдү? Андан да, эгер былтыр реалдуу иштеткен каражатыбыз 142 млрд. 71,5 млн. сомду түзсө, анда такталган чыгашанын калган 12 млрд. 606 млн. сому (154 млрд. сомдон кемиткендеги сумма) кайсы жумуштарга кетмек жана алар эмнеге каржыланбай калды?

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Марлен Маматалиев мына ушул суроолорго жооп жоктугун эске салды:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

- 2018-жылдын бюджети 20 млрд. тартыштык менен бекитилген. Ал 20 млрд. ошол бойдон эле калды, аны жаап койдук деп айта алышпайт. Бирок план боюнча 141 млрд. сом топтош керек болсо, булар 135 млрд. сом гана чогултушту. Алар мына ушуну гана чагып, ушуну гана дефицит деп атап жатышат. Тескерисинче көрсөткүчтөр былтыр абдан начар болду. Бул мактана ала турган нерсе эмес. Башкача айтканда өкмөт ошол 20 млрд. сомду жаба турган сырттан түз келчү инвестицияларды да толук тарта алган жок жана топтогон каражатынан да алты миллиард кем болуп калды. Ооба, таңкыстык адатта инвестиция жана кыскартуулар аркылуу чечет. Маяна сыяктуу корголгон каражаттарга го тие алышпайт, бирок башка нерселерден кыскартышып эптеп чыгышты. Балким мектеп курулбай калгандыр, же дагы бир нерселер берилбей калгандыр. Мен азыр Финансы министрлигине расмий кат жөнөтүп, ошол каражаттар кайсы жактан кыскарды, эмнени төлөбөй калдык, эмнени кура албай калдык, тактаганы турам. Бул мурда да колдонулган практика, болгону башта планды аткарган үчүн билинбей калчу. Быйыл планды да аткара албай калып ашкере болуп калып жатат да. Ошондуктан өкмөт тартыштыкты азайттык дегенден уялышы керек. Сыягы алар коомчулукту адаштыруу аркылуу өзүнүн планды аткара албай калганын жашыргысы келип жатат.

Деген менен дагы бир кызык жагдай, өкмөт башта бекитилген былтыркы жылы 20 млрд. сомдук таңсыктыкты жабуу үчүн сырттан алынчу каражаттардын 14 млрд. 889 млн. сомун алганы деле белгилүү болду. Анын 5 млрд. 668,4 млн. сому грант, 9 млрд. 220,6 млн. сому насыя. Бирок Финансы министрлиги бул каражаттар эмнелерге жумшалганын тактаган жок.

Ага карабай өкмөт чыгашаларды азайтуу аркылуу таңсыктыкты кыскартууга жетишкенин белгилегендер да бар. Экономист Айылчы Сарыбаев буларга токтолду:

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

- Кирешени көбөйтүү жана чыгашаны азайтуу бюджеттин тартыштыгын жабууда негизги максаттар. Эң башкысы чыгашаны азайтуу болушу керек. Себеби бизде ыксыз, кереги жок чыгаша көп. Анын баары айтылып эле жатат, ашмалтай болуп бүттү. Азыркы премьердин айтканы туура, бюджетте бир топ кыскартуулар болду, бул чындап керек нерсе болчу. Чын-чынында кыскартууну ошол депутаттар өздөрүнөн баштаса болмок, тилекке каршы алар мунун баарына каршы болуп жатышат. Кирешенин, салыктын түшүшүнүн азайышына да ошол парламент күнөөлүү. Себеби алар көмүскө экономиканын “крышасы” болуп жатат. Парламенттен олтургандардын бизнестери салык төлөбөй, ондогон, жүздөгөн миллиарддар түшпөй жатат. Ошондуктан өкмөттү желкелегенден мурун, парламент өзү койгон өкмөткө өзү жардам бериши керек.

Маалым болгондой, былтыр күздө парламентте кабыл алынган мыйзамга ылайык 2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 151 млрд. 762,4 миллион сом, чыгашасы 161 млрд. 913 миллион сомго барабар болот деп бекитилген.

Натыйжада быйыл бюджет таңсыктыкты 10 млрд. 150 млн. 752 миң сомду түзүшү керек. Бирок бул көрсөткүчтүн такталган бюджетке карата жана аткарылган бюджетке карата катышы кандай болот, азырынча белгисиз.

Казынадан “качкан” 6 миллиард
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG