Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Бюджеттеги миллиарддаган тартыштык


Кыргызстан 2016-жылдын бюджетин 20 миллиард сомдук тартыштык менен аяктады. Ал эми өлкө 2017-жылга 23 млрд сом тартыштык менен кирип бара жатат.

Соңку жылдардагы кирешеден чыгымы көп бюджетти аткаруудагы негизги өксүктөр кайсылар? Бюджеттеги миллиарддаган дефицит эмне менен жабылат?

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик.

Талкууга каржы министри Адылбек Касмалиев жана Жогорку Кеңештин депутаты, бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев катышты.

“Азаттык”: Адылбек мырза, 2016-жыл бюджеттин тартыштыгы - 20 млрд сомдон ашык тартыштык менен аяктады. Анын ичинен өтүп кеткен жылдын соңку айында эле тартыштык 3,4 миллиард сом болгон экен. Бул 25 жыл аралыгындагы рекорддук көрсөткүч деп жатышат. Сиздер жыл башында дефицитти азайтуу жолдору, булактары бар деп ишендирбедиңиздер беле?

Адылбек Касымалиев: Эми эң көп бюджет тартыштыгы 2016-жылы болду дегенге мен макул эмес элем. 2012-жылдын бюджетинин тартыштыгы ички дүң продукцияга салыштырмалуу 6,5 пайыз менен бүткөн, ошондо тартыштык 22 миллиарддын тегерегинде болгон. Бирок бюджеттин тартыштыгы деген акча жок дегенди түшүндүрбөйт. Бюджеттин тартыштыгы бир гана Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө, 90 пайыз мамлекеттерде, анын ичинде өнүккөн АКШ, Европа өлкөлөрүбү же Жапониядабы бардыгында бар. Муну мындай деп түшүндүрөр элем. Биз бүгүнкү күндө мамлекеттик инвестициялык программаларды алып жатабыз. Мисалы, жол куруп жатабыз, энергетика тармагына салып жатабыз. Бюджеттин аткарылыш эсеби боюнча бул кирешеге кирбейт, ал баланстын сыртында турат. Бирок ошону жолго сарптап жатсак, ал чыгашага кирет дагы, киреше менен чыгашанын айырмасы болуп калат. Бул дагы бюджеттик тартыштык деп эсептелинет. Анан ошол кредит жана грант менен бюджеттик тартыштык жабылат.

“Азаттык”: Таабалды мырза, сиз өкмөттү бюджеттик планын аткара албай калды, ал реалдуу аткара ала турган милдеттерди алышы керек эле деп сындап жатасыз. Бирок ал бюджетти парламент кабыл алган да. Бул үчүн өкмөт сиздерге ыраазылык да билдирип жүрбөдү беле. Демек парламенттин дагы жоопкерчиги болуш керекпи?

Таабалды Тиллаев: Башынан айтып келсем, 2016-жылдын бюджетин алып келгенде мурдагы премьер-министр көп убадаларды, талаптарды астына коюп алган. Ошондо биз макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү, мындай бюджетти аткара албайсыңар, алдыбызда кризис турат деп эскерткенбиз. Антсек болбой эле булар “аткара алабыз” деп чоң көрсөткүчтөрдү коюп алышкан. Бирок, тилекке каршы, өзгөртүүлөр менен келгенде “аткара албай калдык, салык системасынан 4, 5 миллиардга, бажыдан 1,3 миллиард, мүлк фондунан 2 миллиардга азайтып бериңиздер, биз аткарабыз” дегенде, биз өкмөт башчы баш болгон өкмөт мүчөлөрүнө, кызмат башчыларына талап койгонбуз, эгер аны да аткара албасаңар жоопкерчилик тартасыңар дегенбиз. Алар болсо аткарарын айтып бизди ишендирген. Эми ишендиргенде бул мыйзам. Мыйзамды аткара албаганы үчүн биз акыркы комитетте булардын жоопкерчилигин кароо боюнча премьер-министрге чечим жөнөттүк.

Бюджеттеги миллиарддаган тартыштык
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:23 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG