Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Жол консультанттардын айлыгы суроо жаратты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-майда Жогорку Кеңеш Азия өнүктүрүү банкы менен жол курууга 68 миллион долларлык кредиттик келишимди ратификациялады.

Келишимдин алкагында банк 9,5 млн. долларды Кыргызстанга грант иретинде берет. Бирок ал сумманын 75 пайызы консультациялык кызмат көрсөтүүгө каралганы депутаттар арасында суроо жаратты.

Айрым депутаттар бул кредиттик келишимди ратификациялоодон баш тартты.

Депутат Жанар Акаев гранттык каражаттардын дээрлик 80 пайызы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө кете турганын айтып, нааразылык билдирген. Анын айтымында, бул долбоорго тартылган консультанттар айына 24 миң долларга чейин айлык алат:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

«Азыр Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,5 млрд. долларга жетти. Алардын эң көбүн биринчи кезекте энергетика тармагына, экинчиден, жол курууга алып жатабыз. Биз парламенттен ратификациялап берген карыздарды карасаңыз, олчойгон суммалар консультанттарга кетип жатат. Алардын арасында кыргыздын жарандары деле бар. Менин угушум боюнча алар өздөрүнө 24 миң доллардан айлык коюп алган. Дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун, бул - чоң акча. Келишимди карап жатканда ошонун баарын азайтсак болмок. Бул акчанын баарын 30 жыл аралыгында Азия өнүктүрүү банкына төлөп беришибиз керек».

Кыргызстанга 2018-жылы жалпысынан 14,8 миллиард сом гранттык каражат келип түшкөн. Инвестициялык каражаттардын эң көп пайызы жол куруу тармагына коротулат. Былтыр транспорт секторуна жалпы инвестициялардын 36,9 пайызы жумшалган.

Жамшитбек Калилов
Жамшитбек Калилов

Кыргызстандын Транспорт министрлиги Азия өнүктүрүү банкы менен кредиттик келишимди бирге иштеп чыгат.

Мурдагы транспорт министри, жол куруу боюнча адис Жамшитбек Калилов консультанттар алган айлыктын өлчөмүн алардын жогорку квалификациялык сапаты менен түшүндүрүп, мындай шарт кредит берүүчү банктын талабы экенин айтты.

«Бул жерде эч кандай жаңылык жок. Азия өнүктүрүү банкы "эгерде биз кредитти кыргыздардын өзүнө эле берип койсок, анда жумуш убагында аткарылбай калат, бүтпөй калат, бүтсө да сапатсыз бүтүп калуу коркунучу бар" деп кооптонот. Дал ушул консультанттарды алып келүү идеясы банктын өзүнөн чыккан. Бизде азыр да коррупциялык тобокелдик бар. Мен ал түп-тамыры менен жоюлуп кетти дегенден алысмын. Бийлик органдары кийлигишсе, жергиликтүү персоналга кандайдыр бир басым болуп кетиши мүмкүн. Ал эми сырттан келген консультантка эч ким басым көрсөтө албайт».

Келишимге ылайык тыштан келген консультанттардын камсыздандыруусу да гранттык каражаттан каралган. Алардын жашаган жери, тамак-ашы, транспорту, байланыш чыгымдары, долбоордун эсебинен каралган.

Азия өнүктүрүү банкына караштуу түзүлгөн топтун жетекчиси Руслан Сатыбалдиев сөз болуп жаткан грантта көрсөтүлгөн консультациялык кызмат төрт компоненттен турарын жана аларга тендер жарыяланарын айтып, бизге эл аралык жана жергиликтүү консультанттардын айлык акысынын өлчөмүн ачык айтып берди:

«Банк менен Кыргызстандын ортосунда келишим бар. Анда "долбоордун үстүнөн көзөмөл кылууга консультант алыныш керек" деп жазылган. Жергиликтүү консультанттардын айлыгы 1,5-2 миң доллар болот. Ал эми эл аралык консультанттардын айлыгы эң аз дегенде 12-14 миң, көп дегенде 24 миң долларды түзөт. Аларды тандоо боюнча да тендер өткөрүлөт. Эки участокко бир консультант алынат. Жол эрежелерине коопсуздук жаратып жаткан нерселер боюнча консультант чакырылат. Ал министрлик жана МАИ менен чогуу иштетет. Үчүнчү консультант СУДА (Система управления дорожными активами) деп аталган система боюнча алынат. СУДА боюнча консультанттар иштеп жатат. Үч компонентке гранттан жана бир компонентке кредиттен каражат кетет. Ар бир компанияда бир-экиден киши эмес, 13-20 адис иштейт».

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан кредитти 1995-жылдан баштап ала баштаган. 2018-жылы Кыргызстандын бюджетине эл аралык уюмдардан жана өнөктөш өлөлөрдөн түшкөн кирешенин 9,5 пайызын же 14,8 миллиард сомду гранттык каражаттар түзгөн. Бул болжол менен 215 миллион долларды түзөт. Алардын 36,9% транспорт секторуна, 22,6% энергетикага, 15,2% айыл чарбага жана 13,2% суу менен камсыз кылууга жумшалган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG