Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Сын уккан министр кызматтан кетти


Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

Транспорт жана жолдор министри кызматтан кетүүгө арыз жазганын өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго министр Жамшитбек Калиловдун отставкасын кабыл алуу тууралуу сунуштаманы киргизди.

Жамшитбек Калилов өзү видео кайрылуу таратып, кызматтан кетүү арызын өз каалоосу менен жазганын айтты:

- Мен азыр тергөө амалдары жүрүп жатканда, менин жана өкмөт башчынын дарегине негизсиз айыптоолор тагылганына байланыштуу өз каалоом менен арызымды жазып бердим. Ошол жумушта менин орун басарым Жусубалиев кармалып калат деп эч качан ойлогон эмесмин. Азыркы учурда министр болуп иштөөгө менин моралдык укугум жок деп эсептейм. Мен Транспорт жана жолдор министрлигинде 1984-жылдан бери эмгектенип келдим. Мындан ары кызматсыз же жумушсуз калбайм. Профессионалдык деңгээлде мүмкүнчүлүктөрүм бар. Дагы эле кыргыз элине кызмат кылууга даярмын.

Жамшитбек Калилов: Кызматтан кетүүнү чечтим
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

14-декабрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министринин “ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиевге байланыштуу ачууланган. Ал министрди ордунан тургузуп уяткарган.

- “500 миң доллар пара алат” деп дүйнөгө шерменде болдук. Өкмөт мүчөлөрү, премьер-министр! Калилов, ордуңуздан туруңуз. Мен болгондо арыз жазып, тергөө бүткүчө убактылуу иштен четтеп турмакмын. Жок дегенде “четтеп турайын” деп да арыз жазбайсың! Урматтуу премьер-министр, 500 миң доллар пара боюнча талкуу болуп жатат. Мына, мен аймактарды кыдырып жүргөндө майып балдардын ата-энелери оору бакканы үчүн иштей албай жатканын айтып, "бизге айлык төлөп бергилечи" деп суранышчу. Ушул маселе кечээ чечилди. Азыр алар жарыбаган акчага сүйүнүп жатышат. 500 миң доллар эмне деген пара? Бул боюнча баарын жоопко тартыш керек. Урматтуу премьер-министр, министрди убактылуу иштен четтетип туруңуз. Азыр ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында отурат. Бул эмне деген шермендечилик?, - деген Жээнбеков.

Буга чейин транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин паракорлукка байланыштуу кармалганы боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин кескин сынына кабылган.

Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып аткаминердин кармалышы өкмөткө моралдык жактан сокку болгонун моюнга алган.

​- Туура эмес иш болду. Азыр тергөө жүрүп жатат. Өкмөт башчы катары мага, министрге моралдык жактан сокку болду. Министр менен сүйлөшкөн учурда тиешеси жок экенин айтып жатат. Биз ушул иштерде кемчиликтер бар экенин айтып, тапшырма бергенбиз. Андан кийинки жыйынтык ушул болду. Министр да өзү келип “ушундай күмөнүм бар” деп айткан.

​6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.

Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган.

Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ал эми ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган.

Учурда кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагында камакка алынды. Тергөө уланууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG