Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Бишкектин Ленин районунун акими алмашты


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкектин Ленин районунун акими болуп Русланбек Тагаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 15-сентябрда кабарлады.

Маалыматка караганда, Тагаев буга чейин суу менен камсыздоо жана канализация системасында иштеген.

Мурдагы аким Мурат Осмонов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулгон.

Төрт райондон турган Бишкек шаарынын мэриясында биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG