Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Туйгунаалы Абдраимов ИИМге жеткирилди


Туйгунаалы Абдраимов.
Туйгунаалы Абдраимов.

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине жеткирилди.

Бул тууралуу ИИМдин жанында турган "Азаттыктын" кабарчысы жеринен кабарлады.

Ал эми Kaktus media басылмасы Абдраимовду милицияга алып кетип жаткан видеону жарыялады. Анда ал бийликти басып алуу беренесине шек саналып жатканы айтылат. Абдраимов микрофон сунган журналисттерге "беренеде айтылгандар чындыкка дал келбейт" деп жооп берди.

Туйгуналы Абдраимовдун жактоочусу же жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. ИИМ саясатчылардын кармалышы тууралуу маалымат берген жок.

Курсан Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев дагы кармалган. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен орган кызматкерлери Сарыбаевди колуна кишен салып, машинеге отургузуп алып кетишкенин айтты.

Учурда милицияда парламент депутаттары Алтынбек Сулайманов жана Жанарбек Акаев сурак берип жатат. Анын алдында депутат Жанарбек Акаев анын аты аталып жаткан аудиодо айтылгандарды "каралоо" деп билдирген. Ал эми Сулайманов президенттин атына жазылган айрым маданият ишмерлеринин кайрылуусуна байланыштуу чакырылганын айтты. 14-сентябрда ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов камакка алынган.

Ушул күндөрү мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн.

Маданият ишмерлери кол койду деген кагазда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG