Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Окутуучу Гүлзат Алиеванын соту башталат


Гүлзат Аалиева.
Гүлзат Аалиева.

Диний кастыкты козуткан деген шек менен үй камагына алынган окутуучу Гүлзат Аалиеванын соту 16-сентябрда Биринчи май райондук сотунда башталат. Бул тууралуу Аалиева өзү маалымдады.

Анын айтымында, буга чейин үч жолу сот жылдырылган. 16-сентябрда соттук материалдар менен таанышуу болушу мүмкүн.

Гүлзат Аалиева 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары суракка чакырылып, ошол жерден кармалган. Райондук милиция ал Жазык кодексинин 313-беренеси, «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» боюнча шек саналып кармалганын билдирген. Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-апрелде Аалиеваны үй камагына чыгарган.

Гүлзат Аалиева адвокат Аида Абдрахманованын "социалдык тармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп жатат" деген арызынын негизинде суракка чакырылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG