Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Мелис Турганбаев суракка чакырылбаганын билдирди


Мелис Турганбаев.
Мелис Турганбаев.

Мурдагы ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы Мелис Турганбаев милицияга сурак берип чыкты деген маалыматты четке какты. Ал сыртта жүргөнүн, эч кимге сурак бербегенин "Азаттыкка" билдирди.

Буга чейин Мелис Турганбаев өзүнүн кеңсесинде милиция кызматкерлерине сурак бергенин Kaktus.media тартип коргоо органдарына таянып жазган. Анын "бийликти басып алууга аракет кылуу" ишине байланыштуу суралганы жазылган.

Мунун алдында интернетке ИИМдин мурдагы орун басар Асанов жана "АКБ Толубайдын" директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда ЖК депутаты Жанар Акаев, ИИМдин мурдагы жетекчиси Мелис Турганабевдин дагы ысымы аталган. Аты аталган аудиону "фейк" деп атап жатышат.

Ушуга улай 14-сентябрда мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөтүлүп, кийин интернетте тараган. Анда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган. Маданият ишмерлери кол койду деген кайрылууга байланыштуу аты аталган саясатчылар 15-сентябрда ИИМге сурак берип чыгышты.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун, мазмуну өзгөрүп кеткенин билдирип чыгышкан.

Каттын артында кимдер турганын аныктоону талап кылган экс-депутат, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдогон.

ИИМ Жазык кодексинин 309-беренесинин (Бийликти күч менен басып алуу) негизинде шектүү катары Асанов менен Сарыбаев кармалганын билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG