Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Токтогул суу сактагычында 12,1 млрд куб метр суу бар


Токтогул суу сактагычы. Июнь, 2021-жыл.
Токтогул суу сактагычы. Июнь, 2021-жыл.

16-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд. 181 млн. куб метрди түздү.

"Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, бул былтыркы ушул күнкү көрсөткүчтөн 3 млрд. куб метрге аз.

Ушул тапта суу сактагычка секундасына 339 куб метр суу агып кирсе, андан 234 куб метр суу агып чыгууда.

Быйыл март айынын аягында "Токтогулда" суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет.

Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлдү.

Келишим президент Садыр Жапаровдун июндагы Ашхабадга жасаган расмий сапары учурунда жетишилген. Ошондой эле Түркмөнстандан жаратылыш газын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG