Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Өзбекстанга кире качкан ооган учкучтары АКШ базасына чыгарылууда


Оогандык учкучтар убактылуу жайдан которулууда. Термез, Өзбекстан. 12-сентябрь 2021-жыл
Оогандык учкучтар убактылуу жайдан которулууда. Термез, Өзбекстан. 12-сентябрь 2021-жыл

Кабул талибдердин колуна өткөндө Өзбекстанга кире качкан оогандык учкучтар америкалык базага которула баштады. Ал эми тажик бийлиги түн ичинде Ооганстандан ооп келген 100 чакты кишини кабыл алганы кабарланды. Ал тапта БУУ Ооганстанга гуманитардык жардам берүүгө үндөдү.

Оогандык учкучтар АКШнын Бириккен Араб Эмираттарындагы базасына жеткирилип жатат. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жекшембиде республикачыл сенатор Огюст Пфлюгердин кеңсесине таянып жазды. Буга чейин Wall Street Journal Вашингтон администрациясы учкучтар боюнча Ташкент менен келишимге жетишкенин маалымдаган. Гезит жазганына караганда, “Талибан” пилоттор менен учактарды өткөрүп алуу үчүн Өзбекстанга кысым көргөзүп келди. Учкучтар жоочулар Кабулду алганда үй-бүлөлөрү менен кошо аскердик учактардын бортунда Өзбекстанга жан сактай качышкан. Маалыматка караганда, жалпы жонунан алардын саны 585 кишиге жетет.

Атын атабаган пилоттордун бири Reuters агенттигине билдиргендей, учкучтар тобу 12-сентябрда Бириккен Араб Эмираттарына бет алды.

Ал эми The New York Times жакынкы күндөрдө калгандары Өзбекстандан чыгарыларын кабарлады. АКШ алар өз өлкөсүнө кайтышса, көзүн тазалашат деп чочулайт. Аскердик учкучтар ооган армиясынын талибдер эң жек көргөн мүчөлөрүнө кирет, эмне дегенде алар жоочулардын позицияларына абадан сокку уруп келишкен, - деп жазат гезит.

Ал арада тажик бийлиги түн ичинде Ооганстандан качып келген 200дөн ашуун оогандын 100 чактысын кабыл алганы белгилүү болду. Тажикстандын Хамдони райондук администрациясындагы булактар “Азаттыктын” тажик редакциясына дүйшөмбү күнү билдиришкендей, ооган жарандары Пянж дарыясын кечип өтүп келишкен. 100гө жакыны Дүшөмбүнүн жака-белине жайгаштырылды, калгандары артка кайтарылды. Бул маалымат расмий адамдар тарабынан бышыктала элек.

"Талибан" Кабулду көзөмөлгө алгандан бери коңшуларын аларга эч кандай коркунуч жаратпасына ишендирип келатат. Өз тарабынан Москва региондогу өнөктөштөрүнүн коопсуздугун коргоорун билдирүүдө.

Өлкөнүн өзүндө экономикалык каатчылык күчөп баратканын бир катар гуманитардык уюмдар кабарлашууда. Ооганстанга жардам берүү маселеси Улуттар Уюмунун 13-сентябрдагы атайын конференциясында талкууланмакчы. Баш катчы Антонио Гутерриш баш болгон расмий адамдар, 40 чакты өлкөнүн министрлери Женевага чогулуп, калгандары онлайн катышмакчы. Улуттар Уюму гуманитардык кризиске туш болгон өлкөгө 606 миллион АКШ долларын чогултууну көздөп жатат.

"Биз абалдын катастрофалык масштабга жетишин алдын алууга тийишпиз. Андай абал бейстабилдүүлүккө алып келип, ал жактагы террордук уюмдардын чыгарына май тамызышы мүмкүн", - деп билдирген Гутерриш.

"Талибан" Кабулду ала электе эле ооган калкынын жарымы эл аралык жардамдын эсебинен күн көрчү. Кургакчылык, накталай ачканын, азык-түлүктүн тартыштыгы абалды ого бетер кыйындатты, - деп айтышат БУУнун расмий өкүлдөрү.

Испанияга чыгып кеткен оогандар. Рота, 31-август, 2021-жыл
Испанияга чыгып кеткен оогандар. Рота, 31-август, 2021-жыл

Уюмдун Качкындар агенттигинин жетекчиси Филиппо Гранди “салгылашуулар, адам укуктарынын тебелениши, экономиканын кыйрашы жана эң керек социалдык кызматтардын жоктугу” сыртка кетүүнү көздөгөн оогандардын санын көбөйтүшү мүмкүн деп 12-сентябрда эскертти.

БУУ сөз болгон 606 миллион доллардын үчтөн бир бөлүгүн тоё тамактана албаган оогандарга жумшоону пландап жатат. Август-сентябрь айларында сурамжыланган 1 миң 600 кишинин 93% акчаларын ала албай, дээрлик тамак-ашсыз отурушканын айтышкан.

Андан тышкары аялдар менен балдарга жана билим берүү тармагына, жер которгон 3 жарым миллиондой оогандык үчүн башкалкалоочу жайларды орнотууга өзүнчө каражат бөлүү каралууда.

Муну менен катар Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму донорлор чегингенден кийин жабылуу коркунучуна кептелген медициналык жайларды каржылоо мүмкүнчүлүгүн издеп жатат.

Бир топ өлкөлөр Ооганстанга жардам берүүнү каалаганы менен көбү “Талибандын” тушунда ал каражат кантип сарпталарына кабатырлануусун билдиришүүдө.

Өткөн аптада БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Дебора Лайнс талибдердин колуна өтүп кетпесин деп, Ооганстанга каражат берүүнү токтотуу сөзсүз экономикалык көйгөйлөргө алып келет деп эскерткен:

"Эл аралык коомчулук миллиарддаган активдер менен донорлордун каражаттарын берүүнү токтото турууну чечти. Бул кадамдын максаты белгилүү, каражат де факто “Талибан” администрациясынын колуна тийбеши керек. Бирок анын арты олуттуу экономикалык каатчылыкка, ачкачылык, жакырчылыкка алып келип, качкындардын агымы көбөйүп, өлкө артка кетет".

Талибдер бийликке келген өткөн августтан бери Ооганстандын Борбордук банкынын чет жактагы 10 миллиарддык активдерди колдонуу убактылуу токтотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG