Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

БУУ Ооганстанда азык-түлүк жетпей жатканын билдирди


Согуштан улам Ооганстандын ичинде жер ооштурууга аргасыз болгон качкындар. Кандагар. Июль, 2021-жыл.
Согуштан улам Ооганстандын ичинде жер ооштурууга аргасыз болгон качкындар. Кандагар. Июль, 2021-жыл.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы гуманитардык жардам боюнча координатору Рамиз Алакбаров сентябрдын аягында азык-түлүк түгөнөрүн билдирди.

"Ооганстан гуманитардык катастрофада турат. БУУ жана анын өнөктөштөрү колдон келгенин кылганына карабай, эл аралык коомчулуктун көмөгү керек. Башкы маселе - азык-түлүк тартыштыгы. Ооган элинин басымдуу бөлүгүндө күнүмдүк тамагы жок. Дары-дармектер жетишсиз", - деди ал.

Алакбаровдун айтымында, Кабул аэропорту жабык болсо да, БУУ жана өнөктөштөрү жардам жеткирүүнүн башка жолдорун таап жатышат. Ага ылайык, жүк Пакистандан унаалар менен жеткирилүүдө. Мазари-Шариф аэропортуна 37,5 тонна дары-дармек жүктөлгөн учак конду. Бул 20 ооруканага таратылат. Мындан тышкары балдар үчүн 600 тонна азык-түлүк керек.

Ооганстан "Талибан" кыймылынын бийлигине өтө элек мезгилде эле БУУ дүйнөлүк коомчулуктан өлкөгө 1,3 млрд. долларлык жардам сурап кайрылган. Анын ичинен 400 млн. доллар гана алынган.

Алакбаров ошондой эле БУУ "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) кыймылынан гендерлик теңчиликти сактоону талап кыларын билдирди.

"Аялдар ишине кайтып келип, башкаларга жардам берүүсүнө, ал эми бизге өз ишибизди аткарууга мүмкүнчүлүк берилүүсүн талап кылабыз", - деди ал.

“Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм)кыймылы Ооганстандын борбору Кабулду 15-августта ээлеп алган. Бул АКШ баш болгон коалициялык күчтөрдүн аскерлерин ооган жергесинен чыгарып жаткан учурга туш келген. Мындан соң Батыш өлкөлөрү Ооганстандан өз жарандары жана алар менен иштеген оогандыктарды чукул шартта чыгарууга туура келген. Жалпысынан батыш өлкөлөрү Кабул аэропорту аркылуу 100 миңден ашуун адамды эвакуациялаган. Алардын ичинде он миңдеген ооганстандыктар бар экени кабарланган.

АКШ Ооганстандагы аскерлерин август айынын аягында толук чыгарып кетти. Ошентип 20 жылдан берки миссиясы аяктады.

1-сентябрда Пакистандын бийлик өкүлдөрү Ооганстан менен чектешкен Торкхам өткөрмө бекетинде чек аранын ачылышын күтүп, көп сандагы адам турганын билдирди. Дагы көп киши Иран менен чек арада топтолуп турганын күбөлөр маалымдашкан.

XS
SM
MD
LG