Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:49

"СССРдин акыркы башкармасы катары колхозду таркаттым"


Кенжалы Арыкбаев

Кенжалы Арыкбаев - СССРдин эң акыркы башкармаларынын бири. Ал Талас облусундагы "Үрмарал" колхозун башкарып турганда Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары жарыяланган. Мурдагы башкарма эгемендиктин алгачкы жылдары, колхоз-совхоздордун таратылышы тууралуу маек курду. 70 жаштагы Кенжалы Арыкбаев азыр Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында жашайт.

- Михаил Горбачев СССРдин акыркы баш катчысы болуп калды. Сиз болсо “Үрмарал” деген колхоздун акыркы башкармасы экенсиз. Мындайча айтканда, сизди "СССРдин акыркы башкармасы" десе деле болчудай окшойт...

- Ооба, ошондой эле болуп калды. Анткени мен башкарма болуп турганда союз таркап, Кыргызстан көз карандысыз мамлекет деп жарыяланды. Мен “Үрмарал” колхозуна 1990-жылы башкарма болдум. Ошону менен беш жылдан ашык иштеп, 1995-жылы колхозду толук таркаттык. Башкарма болгонго чейин бул колхоздо агроном, андан кийин алты жылдай парторг болуп да иштегем. Алгач бул жердеги айылдар өз-өзүнчө беш колхоз болгон экен. Анан 1951-жылы беш айыл биригип, “Сталин” атындагы колхоз болуп түзүлгөн. Бирок кийин Никита Хрущёвдун убагында Сталиндин туура эмес иштери тууралуу айтылгандан соң колхоздун аты өзгөртүлүп, өзүбүздүн жердин атынан “Үрмарал” болуп түзүлгөн.

- “СССРдин акыркы башкармасы” катары 30 жыл мурдагы окуялар тууралуу эмне айтасыз бүгүн?

- Мен башкарган жылдары Кызыл-Октябрь, Үрмарал, Маданият, Таш-Кудук жана Көк-Таш айылдары кирген “Үрмарал” колхозунда эки миң колхозчу болгон. Колхоздун 20 миңден ашык кою, үч миңден ашык ую, 700дөй жылкысы бар эле. Ошондой эле 3450 гектардай сугат жери болгон. Мен колхоз тарарга жакын калган жылдарды айтып жатам. Талас облусу боюнча эли, жери жана малы боюнча алганда чоң да, кичине да эмес, орточо колхоз болчу.

- Колхоз-совхоздорду таратуу, жеке менчикке өткөрүү, жер реформасы боюнча иш-аракеттер эгемендиктин алгачкы жылдарында эле башталган экен. Колхоз-совхоздорду таратууну эл кандай кабыл алды?

- 1991-жылы Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болду. Элдин пикири өзгөрдү. Ал кезде заман башка эле да. Эл магдыроо тартып, кыйналып калды. Анткени буга даяр эмес эле. Коомдошуп, жалпылашып иштешүүгө көнүп калган эл ар бири жеке чарба болуп кеткенде абдан кыйналды, чайналды. Ошол кезде реформаны туура жүргүзүү керек эле. Биринчи президент Аскар Акаев айыл чарбасын көп биле бербеген киши экен. Өзү менен кошо Бекболот Талгарбековду реформатор катары алып келди, ал бирок туура эмес реформа жүргүздү.

- Ал эми сиз башкарган “Үрмарал” колхозу кантип жеке менчикке бөлүндү?

- Биз колхозду жеке менчикке 1995-жылы барып толук өткөрдүк. Ага чейин үрөн чарбасы катары кармалып турдук. Ал кезде тегеректеги чарбалар тарап кеткен эле. Бизге деле "жеке чарбага өткүсү келгендерди кармабай, бөлгүлө" деди. Бирок 1995-жылга чейин абдан болсо биздин колхоздон 4-5 гана адам батынып, жеке дыйкан чарба болуп бөлүнүп чыкты. Көпчүлүгү бөлүнө албай койду. Анан 1995-жылы колхозчуларды күчкө салып эле жеке чарбаларга таратып салдык. Анткени жалпы мамлекеттик саясат ошондой болду.

- "Үрмарал" колхозунда жер ар бир жан башына 37 сотыхтан бөлүнгөн экен. Ал эми техника, мал-жандык кантип бөлүндү?

- Техниканы туугандаштырып жамаат-жамаатка бөлдүк. Анткени техниканы ар бир кишиге бөлө албайсың да, бир бурамадан тийип калбайбы. "Мына, ушул техника силердин жамаатка бөлүндү, чогуу иштетесиздерби же сатып акчасын бөлүп аласыздарбы, өзүңүздөр билесиздер" дедик. Малды болсо ар бир колхозчунун үлүшүнө карап, жан башына бөлдүк. Бирок жеке чарбага бөлгөндө элдин турмушу абдан начар болду. Тиричилиги өтпөй, абдан кыйналды. Туруп-туруп эле ар бир үй-бүлөгө эки гектардан жер тийип калса, кантип иштетмек эле?! Алар ага чейин 20 сотых огородунан башканы ойлобой эле жүрүшкөн да. Колхоздо иштеп, үйүнө айлыгы келчү, жеп-ичкенге буудайы, кышында жакканга көмүрү короосуна даяр түшүп калчу. Колхоз тарагандан кийин кыйналып, жүгөрүдөн нан жеп калгандар болду. Анан акырындык менен үйрөнө баштады, бирок бул процесс оор өттү.

- Бир кой бир бөтөлкө арак болуп калды деп да айтып жүрүшпөйбү? Ушул чынбы?

- Ооба, ошентип сатып жок кылышты. Анткени иштейин десе эч нерсе жок. Жерди иштетейин десе, солярка сатып алыш керек, трактордун ремонтун жасаш керек, аларга каражат жок. Малга болсо тоют камдалган эмес.

Кенжалы Арыкбаев
Кенжалы Арыкбаев

- Колхозду таратуу абдан чоң жумуш, чоң процесс болду да. Жаңжалдашкан, талашып-тартышкан учурлар да болдубу?

- Биздин колхоздо андай болгон жок. Мен эки-үч ай отуруп алып, абдан ойлондум. Колхозду баарына тегиз эсептеп, таратуу деген азап экен. Экономисттер, бухгалтерлер менен катуу эсептедим. Айылдын мыкты инсандарын, кадырлуу адамдарын чакырып, жерди калыс бөлүп бердим. Ошол күндөн ушул күнгө чейин мурдагы "Үрмарал" колхозунда жер боюнча бир да чатак чыккан жок. Бизден башка колхоздордо канча деген кырылыш болду. Ошонун айынан айылына батпай калган акыркы башкармалар толтура. Бул жагынан бизде кудайга шүгүр.

- Ошол кезде легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкуловдун улуттук акча - сомду киргизип жаткандагы талкууда “бүгүн - эрте, бирок эртең кеч болот” деп айткан сөзү айтылып жүрөт. Сиздин оюңузча колхоз-совхоздун таркап, жердин жеке менчикке берилгени эрте болдубу же кеч болдубу?

- Ошол кездеги дүйнөлүк окуяларды, саясатты салыштырып караганда туура эле болду, сөзсүз таратуу керек эле, кармап турууга мүмкүн эмес болчу. Социализм тараса АКШ, Батыш мамлекеттери кол сунууга, жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирген. Акаевдин жерди жеке менчикке берген жагы абдан туура эле болду. Бирок жеке менчикке өтүүдө реформанын жолун туура эмес тандаган деп ойлойм.

"Үрмарал" колхозунун саанчылары
"Үрмарал" колхозунун саанчылары

- Ошентсе да 30 жылдан кийин карап көргөндө кандай ойдо болуп жатасыз? Кыргызстан эгемендиктин алгачкы жылдарында туура эле жол менен кеткен бекен?

- Дүйнөлүк тенденцияга караганда туура эле кеттик. Мындан башка жол жок эле. Эгер биз мурдагы эле жол менен кете берсек, оор болмок. Анткени колхоз-совхоздун деле жеткен потенциалы ошол болчу да. Бирок биз башкача жолду тандасак, эл мынчалык кыйналбайт эле. Мисалы, Кытай социализмдин башкача жолу менен кетти да.

Эгер биз колхоз-совхоздорду элге таркатканда жердин 20 пайызын айыл өкмөттөрдүн балансына калтырган сыяктуу малдын да, айыл-чарба техникаларынын да 20 пайызын мамлекеттин эсебинде калтырып койгондо, жер реформасы оңоюрак ишке ашмак. Биз 20 пайыз жерди мамлекеттин эсебине алып калганыбыз менен техниканы, кашарларды, мал-жандыкты таратып салдык да. Жер болгону менен аны кантип иштетет эле мамлекет, техникасы жок болсо. Мен кат жазып, ошондой сунуш киргизгем. Бирок ага учурунда көңүл бурулбай, баары таратылып кетти.

Азыр эми айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн ири кооперацияларды түзүү зарыл экендигин айтып жүрүшпөйбү. Эгерде ошондо жердин 20 пайызы менен кошо, техниканын жана колхозго таандык имараттардын 20 пайызы сакталып калганда башкача болот эле. Ири кооперацияларды түзүү азыр оңой болмок.

Кенжалы Арыкбаев колхозчулар менен.
Кенжалы Арыкбаев колхозчулар менен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG