Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 19:44

Кушчубеков: Кабул сапары Бишкектин тышкы саясатына каршы келбейт


Кыргызстандын делегациясы Кабулга гуманитардык жардам жеткирди.

Ооганстандын дүйнө коомчулугу тааный элек жаңы өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн Кабул жолугушуусу коомчулуктун көңүлүн бурган окуя болду. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков бул кадамды Кыргызстандын эркиндеги кадыресе иш катары баалады.

- Талант мырза, Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков баштаган делегация Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирип, өкмөттүк деңгээлдеги жетекчилерине жолукту. Муну кыргыз тараптын күтүүсүз кадамы деп баалоого болобу?

Талант Кушчубеков
Талант Кушчубеков

- Жалпы коомчулукка ушундай көрүнүшү ыктымал. Бирок чоң саясатта бул мыйзамдуу көрүнүш десем жаңылбайм. Дүйнө коомчулугунда “Эмне болор экен”, "Булар өзүнүн турмушун мындан ары кантип алып кетет?” деген көптөгөн суроолор туулуп жатканда, биздин бул өлкөнү башкарып тургандар менен бетме-бет сүйлөшүп, алып барып жаткан иши, тышкы саясаты боюнча пикирин укканын туура эле деп эсептейм.

Мисалы, АКШ, Орусия өңдүү башка өлкөлөр деле жолугуп жатпайбы. Эми алардын кызыкчылыктары биздикине караганда башкача болушу ыктымал. Бирок мен муну биздин турмушубузга, коопсуздугубузга байланышкан суроолорго жооп алуу үчүн жасалган сапар деп эсептейм.

- Сиз айтып жаткандай, АКШ, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн деле Ооганстандын жаңы бийлиги менен байланыштары бар экени айтылып жатат. Бирок бул сапар эч ким тааный элек "Талибан" бийлигин таанууга жасалган кадам эмеспи?

- Жок. Минтип түздөн-түз айтууга али эрте. Мындай пикирден алыс болушубуз керек. Азыр изилдөө деңгээлинде жашап жатабыз. Талибдер сөз жүзүндө эле болуп, иште өзүн-өзү көрсөтө элек. Бирок бул өлкө биздин чөлкөмдө жайгашкандан кийин каалайбызбы же каалабайбызбы таасири болорун эске алып, көз салып туруу милдетибиз. Бул өкмөттүн тышкы саясатка тиешелүү мекемелеринин, кызматкерлеринин түздөн-түз иши.

- Бул кадам айрым талдоочулар айтып жаткандай шашылыш болгон жокпу? Экинчиден, делегация кайсы бир өлкөлөрдүн таасиринен тышкары бардыбы? Кыргызстан бул сапардан кандай упай алат?

- Эми упай алат деген ойдон бардыгыбыз алыс болушубуз керек. Эгемен өлкө болгондон кийин мындай кадам жасоого укугубуз бар. Себеби, биздин жалпы тышкы саясатыбыз ким менен кандай мамиле түзсөк да башка өлкөлөргө каршы саясат болбойт. Муну биздин тарыхыбыз далилдеп келатат. Демек, сиз айтып жаткан чоң өлкөлөрдүн биз менен кеңешпей же кабар бербей ушундай кадамга барды дегенге укугу жок, аларга жаман таасир бергидей мисалды да көрсөткөн эмеспиз.

- Демек, биринчи орунда кошуналык гана кызыкчылык турат?

- Сөзсүз. Каалайбызбы-каалабайбызбы, талибдер бийликке келди. Элинин жарымынан көбү аларды колдоп жаткандай сезилүүдө. Себеби, “мурдагы бийлик максатына жеткен жок, бийликти кармай албады, турмушун оңдой албады” деген пикирлер айтылып жатпайбы. Мындан аркысын мезгил гана көрсөтөт. Биз өзгөчө кадам жасап жаткан жокпуз. Ал бийликти тааныдык деп жарыялаган да жокпуз. Алдын ала сүйлөшүүлөр гана жүрүп атат. Бул шашылыш кадам эмес.

Мен керек болсо 90-жылдары талибдер жаңы бийликке келгенде да тышкы саясатта иштеп жаткан кызматкерлерибиз тарабынан коомчулукка айтылбаган сүйлөшүүлөр болгонуна токтоло кетким келет. Себеби, ал кезде Баткен окуясы болгон. Анда да мындан ары кандай болот деп, кырдаалды изилдөөгө мажбур болчубуз. Жалпы чөлкөмдөгү коопсуздукка байланышкан тизгинди кармап туруш үчүн кырдаалга абай салып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турушубуз керек.

- Ооганстанды албетте, дүйнө жүзү акмалап турат, убадалар аткарылабы-жокпу деп. "Талибандын" бийликке келгенин жактырбаган позициядагы Иран, Индия, кошунабыз Тажикстан өңдүү өлкөлөр да бар. Ушундай эки ача мамиле чек ара маселесин чече элек эки кошуна өлкөнүн ортосундагы чыңалууну күчөтпөйбү?

- Жок. Мен өтө эле ача позиция бар деп айтпайт элем. Кыргызстандын аракети Ооганстандын жаңы бийлигин изилдеп, байкоо үчүн гана көрүшүп, ой-пикирин угуу экенин дагы бир ирет белгилейин. Тажик тарап деле көрүшүп, сүйлөшүп жатканы маалымдалып жатпайбы.

Экинчиден, Тажикстандын расмий позициясынын ЖККУ өлкөлөрүнөн бир аз башкараак болуп жатышынын себеби бар. Ооганстанда элинин 49 пайызы тажик улутундагылар деп атышат, дегеле 40 пайыздан көп экени баарыбызга белгилүү. Ошол себептен Тажикстандын Ооганстанда болуп жаткан окуяларга көңүл буруп, калкына боор ооруп, жаңы өкмөттүн курамына кирбей калганына тынчсызданып жатканы мыйзамдуу нерсе. Аны биз да түшүнүшүбүз керек.

ЖККУга кирген өлкөлөр деле түшүнүп атат. Ошон үчүн Тажикстандын позициясы башка экен деп эч ким расмий доомат койгон жок. Дүйшөмбү "Талибандын" бизге жакпай жаткан себеби мындай деп жыйынында позициясын ачык айтты. Бирөө да "жок, сеники туура эмес" деген жок. Алардын Ооганстандагы кызыкчылыгы бизге караганда көбүрөөк.

- Демек, Ооган маселеси кошуна эки өлкөнүн мамилесине тескери таасир этет деп ойлобойсуз?

- Жок. Азырынча таасири тийбейт деп ойлойм.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG