Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

"Талибан" менен "Ислам мамлекетинин" тиреши күч алды


Мусулмандар намаз окуп жаткан маалда коопсуздукту камсыздап турган "Талибандын" жоочусу. 1-октябрь, 2021-жыл. Кабул.
Мусулмандар намаз окуп жаткан маалда коопсуздукту камсыздап турган "Талибандын" жоочусу. 1-октябрь, 2021-жыл. Кабул.

Кабулдагы жардыруудан көп өтпөй талибдер "Ислам мамлекети" радикал тобунун уюгун жок кылганы кабарланды. 3-октябрда мечиттин жанында болгон жардырууда эки киши мерт болгон. Ооганстанда талибдер бийликке келгени "Ислам мамлекетинин" чабуулдары күч алды.

"Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы "Ислам мамлекети" (Кыргызстанда тыюу салынган) террордук тобунун уюгун жок кылганын билдирди. Окуя Кабулдагы мечиттин жанындагы жардыруудан бир нече сааттан кийин жүргүзүлгөн рейд маалында болгон. Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид "Твиттерге" 4-октябрда жазгандай, операция түндө өткөрүлүп, террордук топтун уюгундагы бардык адамдар жок кылынган.

3-октябрдагы Эйдгах мечитинин жанындагы теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким алган эмес. Анткен менен Забиулла Мужахид "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, баштапкы иликтөөлөр жардырууга "Ислам мамлекети" радикал уюмуна байланышы бар согушкерлер аралашкан болушу мүмкүн экенин көрсөткөн.

Жардыруу мечиттте Забиулла Мужахиддин энесине куран окулуп жаткан маалда болгон. "Азаттык" радиосунун ооган кызматы кабарлагандай, теракт эки адамдын өмүрүн алган. Дагы эки киши жарадар болгон.

"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери негизинен чыгыштагы Нангархар провинциясында отурукташкан. Буга чейин аталган топ бир нече жолу талибдерге кол салган.

3-октябрдагы окуя август айынан берки баш калаадагы эң биринчи чабуул болуп калды. Августта Кабулдагы эл аралык аэропорттун жанында болгон жанкечтинин жардыруусунан 169 оогандык жана 13 америкалык аскер көз жумган. Анда жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобунун Ооганстандагы канаты "Ислам мамлекети-Хорасан" тобу өз мойнуна алган.

Тажикстанга өтүп кетүүнү көздөгөн ооган өлтүрүлдү

Ал арада талибдер коңшу Тажикстанга өтүп кетүүнү көздөгөн ооган жаранын өлтүрүп, дагы бир адамды колго түшүргөнү кабарланды.

Бадахшандагы "Талибандын" администрациясы бул окуя боюнча комментарий бере элек. Август айында кыймыл Ооганстандын көп бөлүгүн басып алгандан кийин миңдеген жарандар өлкөдөн чыгып кетүүнүн ар кандай жолдорун издей башташкан.

Тажикстан менен чек арага жакын жерге топтолгондор эки айдан бери ошол жакта экенин айтышууда. Алар тажик чек арачылары жолдорун тороп жатканына нааразы.

Оогандык качкындардын бири "Озоди" радиосуна курган маегинде "Талибан" тажик-ооган чек арасындагы качкындардан өз үйлөрүнө кайтууну талап кылган. Болбосо талибдер алар катуу жазаланарын эскертишкен.

"Согушкерлер адамдарды топ-тобу менен чогултуп, оор жүк ташуучу машинелер менен Кабулга кайтууга мажбурлап жатышат. Алар качкындардын арасынан панджшерликтерди издеп жүрүшөт. Бир адамды Панжшерден болгон жана аскердик кызматта иштеген деген шек менен кармап, өзүлөрү менен алып кетишти", - деди бозгундардын бири.

Ооганстандын түндүгүндө жайгашып, негизинен этникалык тажиктер отурукташкан Панжшер провинциясы талибдердин карамагына өтө элек жалгыз аймак. Ал жакта талибдерге каршылык көрсөтүү фронту түзүлгөн.

Буга чейин "Талибан" кыймылы Тажикстан менен чек аралаш аймакка өз аскерлерин жөнөткөнүн "Озоди" радиосу жазган. Андан мурда талибдер Тажикстан менен чектешкен беш уездди "Ансоруллах" тобунун көзөмөлүнө өткөрүп бергени маалымдалган.

25-сентябрда Забиулла Мужахид "Твиттерге" аскердик кийимчен адамдардын жана аскердик машинелердин сүрөтүн коюп, Ислам Эмиратынын Мансури армиясынын "он миңдеген аскерлери Тажикстанга жакын Тахор аймагына тартылганын" жазган.

"Озоди" радиосу кабарлагандай, Ислам Эмиратынын Мансури армиясы негизинен жанкечти террорчулардан турат.

Анткен менен расмий Дүйшөмбү ооган-тажик чек арасында согушкерлер топтолгону тууралуу маалыматты четке какканын "Азия-Плюс" агенттиги өз булактарына таянып жазды.

"Биз коңшу мамлекетте чек аралаш аймактарда болуп жаткан окуяларга тыкыр көз салып жатабыз. Тажикстандын атайын кызматтарынын маалыматына ылайык, "Талибан" кыймылынын жана башка топтордун ооган-тажик чек арасында топтолгону байкалган жок", - деген агенттиктин Тажикстандын күч түзүмдөрүндөгү булагы.

"Талибан" кыймылынын жетекчилиги дагы чек арага аскерлердин тартылышы тууралуу маалыматты Орусиянын "РИА Новости" агенттигине 2-октябрда четке каккан.

"Бул чындыкка коошпойт", - деген кыймылдын өкүлү Билал Карими.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG