Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Чек арадагы кармоолор, кыргыз бийлигине жолдонгон кат


Кыргызстандык чек арачылар, Баткен. 2021-жыл, 4-май.

Тажикстандын күч органдары жекшембиде кармап кеткен Лейлек районунун Жаштык айылынын тургунун Кыргызстанга кайтарып берди. Эксперттер соңку күндөрү жайкын тургундардын чек ара тилкелеринде тез-тез кармалып жатканын куралдуу жаңжал боюнча соттук териштирүүгө байланыштырууда.

26-сентябрда Тажикстандын аймагында кармалган Лейлек районунун Жаштык айылынын тургуну Орозбек Мирзаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң бир күндөн кийин 27-сентябрда түш оогондо "Кулунду" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу кайра Кыргызстанга кайтарылды.

"Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согд облусунун башчыларынын жана эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Кыргызстандын жараны Мирзаев кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Кыргызстандын тиешелүү органдары териштирүү жүргүзүп жатат",-деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Чек арада кармалган төртүнчү учур

Бул окуя сентябрь айында кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде кыргызстандык жаран кармалган төртүнчү учур болуп калды.

Буга чейин кыргызстандык эки мектеп окуучусун 23-сентябрда белгисиз кишилер Тажикстанга алып кирип кетип, алар бир күндөн кийин мекенине кайтарылган.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын башкармалыгы 16 жаштагы кыргызстандык эки өспүрүм кармалганы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди" радиосу) 27-сентябрда өз булактарына таянып жазып чыкты. Тажик тараптын маалыматына ылайык, окуя 23-сентябрда өспүрүмдөр Бобожан Гафуров районундагы Хистеварз айыл аймагында "Мерседес-Бенц Спринтер" микроавтобусунан жүзүм түшүрүп жаткан учурда болгон.

"Өспүрүмдөр кармалган эмес. Аларды микроавтобус жана контрабандалык жүк кимге таандык экенин такташ үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жергиликтүү бөлүмүнө алып барышкан. Биз алгач аларды үйүнө алып баралы дегенбиз. Бирок кийинчерээк аларды кыргыз бийлигине өткөрүп берели деп чечтик. Тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал туруктуу", - деп билдирген Чек ара кызматындагы булак.

Ага чейин 6-сентябрда Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну Кубанычбек Акматовду кармап кетип, эки жумадан кийин кайтарган эле. Кармоо учурунда анын жанынан болжол менен 100 кг. кокон чайыры (ферула) чөбү табылганы айтылган.

Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев элге, айрыкча чек арага жакын айылдардын тургундарына такталбаган, талаштуу аймактарга барбоо тууралуу эскертилгени менен айрым адамдардын айынан мындай учурлар катталып жатканына токтолду.

“Ар бир айыл өкмөтүнө, участкалык милицияга, чек ара кызматкерлерине баарына айтканбыз. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө! Учурда Тажикстан менен мамлекеттик чек арабыз жабык. Тобокелдикке салбай тынчыраак эле байланышты, соода сатыкты токтотуп туралы деп айтылып жатат. Эл экен да укпай эле ушул кадамга барып атат өзүлөрү эле кармалып жатат”.

Ошол эле учурда Тажикстандын Канибадам районуна караштуу Жийделик айылынын кыргыз тектүү тургундары да күч органдары тарабынан кармалганы тууралуу айтылууда.

Учурда Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөн Жийделик айылынын тургуну 20-сентябрда анын эки айылдашы Сайдахмат Артыков менен Нооман Самадов аттуу адамдар кармалганын “Азаттыкка” кабарлады.

“Биз азыр Кыргызстанда бирөөнүкүндө жашап жатабыз. Үйүбүзгө бара албайбыз. Бизге жардам болоор бекен. Биз бекер жер берсин дебейбиз. Бизге арзаныраак жер болсо, сатып алмакпыз. Мурдатан эле кыргыз документтерибиз бар. Кыргыз жарандарыбыз. Жийделик айылындагы кыргыздардын 95 пайызы кыргыз жарандары. Тажикстанда жашай берели десек, акыркы айларда кеткиле же тажик жарандыгын алгыла дейт. Тажик жарандыгын да бербей жатышат. Кыргыз өкмөтүнөн эч кандай жардам болбоду”.

Белгилей кетсек, Жийделик айылы Тажикстандын Канибадам районуна карайт. Айылдагы кыргыз тектүүлөрдүн саны миңден ашуун.

Ушул жылдын апрель айынын соңундагы окуялардан кийин Кыргызстан коңшу өлкө менен чек арасын жаап, соода-сатык, карым-катнашын токтоткон.

Соттук териштирүүлөр

Эксперттер коңшу өлкөлөрдүн мамилесин калыбына келтирүүгө убакыт керек деп эсептейт. Анткени 28-29-апрелдеги куралдуу жаңжалдын жарааты айыга элек. Чек арадагы куралдуу жаңжалдан беш ай убакыт өткөндөн кийин деле Дүйшөмбү менен Бишкекетин мамилеси сууп турат.

Тажикстан менен Кыргызстандын бийлиги, анын ичинде президенттер Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бирок Бишкек коңшу өлкө менен чек арасын бир тараптуу жаап, аба каттамдарын токтотуп, тажик студенттеринин келишине чектөө койду. Ушул айда эле Тажикстандын эки жараны Кыргызстанда өмүр бою абак жазасына кесилди. Ошондой эле Кыргызстандын тажик тектүү үч жараны 15 жылга эркинен ажыратылды.

Жергиликтүү эксперт, конфликтолог Базарбай Масеитов соңку күндөрү жайкын тургундардын чек ара тилкелеринде тез-тез кармалып жатканын куралдуу жаңжал боюнча соттук териштирүүгө байланыштырат.

“Негизи Баткендеги, Лейлектеги кармоолор, айрым жаңжалдар жакында өмүр бою абакка кесилген тажик жарандары үчүн жооп катары болуп жаткандай. Ал эми кечээки окуяда албетте, кыргыз жарандарынын Кожент - Канибадам жолундагы каттамга түшкөнү туура эмес. Жолдор жабылганын билиш керек эле. Алар мыйзамсыз баратканы анык да. Негизи ойлонулган эле жооп болуп жаткандай.”

Куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналган беш кишинин ишин Баткен облусунун Лейлек райондук соту караган.

Айып тагылгандардын жакындары жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрыларын билдиришкен.

Кыргыз бийлигине жолдонгон кат

Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров.
Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров.

“Озодиге” Тажикстандын Бишкектеги элчилиги эки өлкөнүн бийлиги мамилени калыбына келтирүү аракетин көрүп жатканын айтып, бирок кеңири маалымат берген эмес.

Тажикстандын Транспорт министрлигинин "Наклиот" апталык басылмасынын башкы редактору Хандонгүл Доробова өткөн аптанын соңунда “Озоди” менен маегинде тажик тарап чек араны ачуу жана кызматташтыкты калыбына келтирүү тууралуу Кыргызстанга расмий кат жолдогонун айтты.

“Бишкектин жообун азырынча ала элекпиз. Тажикстан өзү тараптан өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланышты жандандырууга даяр”, - деген ал

Кыргыз-тажик чек арасы 970 километрге созулуп, анын 519 чакырымы гана аныкталып, такталган. Талаштуу тилкелердин көбү Баткен менен Согд облустарынын аймагында.

Тажик аналитиктери өлкөлөр ортосундагы мамиленин сууп кетишинин себебин Бишкектен издөө керек дешет.

Парвиз Муллоджанов.
Парвиз Муллоджанов.

"Кыргызстандын жогорку жетекчилиги өзүнүн саясий кызыкчылыктарын коргоо үчүн мамилелерди татаалдаштырууну туура көрдү. Бишкек жакынкы аралыкта Тажикстан менен мурдагы байланыштарын калыбына келтирүүгө макул болот деп ойлобойм", - дейт тажик эксперти Парвиз Муллоджанов"Озоди" радиосуна берген комментарийинде.

Орусиянын Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери Станислав Притчин тескерисинче, тажик бийлиги мамилени жакшыртууга шашылбай турат деп эсептейт.

“Кыргыз бийлиги мамилелерди калыбына келтирүү боюнча кадамдарды жасап жатат. Тактап айтканда, Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө барды жана өз сунуштарын тажик бийлигине берген. Бирок, биз Дүйшөмбүнүн буга жооп кылган кадамдарын байкаган жокпуз”, - деген эксперт "Озоди" радиосуна.

Ооганстан маселеси

Акыркы убакта Тажикстан менен Кыргызстандын бийлигинин ортосунда жаңы көйгөй жаралды – Ооганстандагы "Талибан" бийлигине мамиле.

Дүйшөмбүдөгү саммитте Садыр Жапаров Ооганстандагы жаңы бийликтин өкүлдөрү менен өлкөдөгү кырдаалды тез арада турукташтыруу үчүн ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары тууралуу диалог жүргүзүүнү сунуштаган.

23-сентябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков баштаган делегация Кабулга гуманитардык жардам жеткирип, "Талибандын" жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар сыяктуу талиб жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келди.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон “ооган тажиктеринин укугун коргоп, аларды коалициялык өкмөткө киргизүү” тууралуу ачык айтууда.

Кыргызстандын делегациясынын Кабулга сапары ЖККУ жана ШКУ өлкөлөрү менен макулдашылганбы же жокпу, азырынча белгисиз.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG