Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Ооганстан: Панжшерге "Талибандын" чабуулу


Панжшердеги "Талибанга" каршылык көрсөтүү кыймылынын башчысы Ахмад Масуд.
Панжшердеги "Талибанга" каршылык көрсөтүү кыймылынын башчысы Ахмад Масуд.

Ооганстандын Панжшеринде “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) менен ага каршылык көрсөтүү кыймылынын ортосунда салгылашуу башталганы кабарланууда.

Талибдер Панжшердин багынып беришин талап кылса, капчыгайдагы өкмөттүк күчтөрдүн калдыгы менен можахеддер алардын чабуулунун мизин майтарганын айтты. Ал ортодо Кабулдагы аэропорттон учуп кете албаган миңдеген оогандыктар чет өлкөгө чыгып кетүү үчүн чек ара тилкелерине багыт алганы айтылууда. Чек арадагы өткөрмө бекеттердин баарын талибдер көзөмөлүнө алган.

Панжшердеги кармаш

Америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кетери менен талибдер Панжшер өөрөнүндө жайгашкан Каршылык көрсөтүү кыймылынын аскерлерине куралдарын таштап, багынып берүү талабын койду. Ага көнбөгөн соң, “Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) капчыгайга батыш тарабынан чабуул коюп, салгылашуу күчөгөнү кабарланды. Каршылык кыймылынын мүчөсү, кулаган өкмөттүн коргоо министри Бисмилла Мухаммади талибдердин чабуулунун мизи майтарылып, артка чегингенин "Твиттерге" жазды. Ал эми "Талибан" өкүлдөрү бул тууралуу маалымат тарата элек.

Каршылык көрсөтүү кыймылынын күзөтчүлөрү Панжшер провинциясындагы Дарбанд аймагында. 2021-жыл, 1-сентябрь.
Каршылык көрсөтүү кыймылынын күзөтчүлөрү Панжшер провинциясындагы Дарбанд аймагында. 2021-жыл, 1-сентябрь.

Украиналык тышкы саясий изилдөөлөр институтунун жетекчиси Григорий Перепелица Панжшерди багындыруу оңойго турбасын айтты.

"Керек болсо, Ооганстандагы советтик оккупация убагында да советтик аскерлер Панжшер капчыгайын көзөмөлгө ала алган эмес. Ал эми советтик аскерлер чыгып кеткенде, ал жакка талибдер кире албагандай тилке түзүлгөн. Ошондуктан мына ошол Ооганстанды советтик армия басып алгандагы окуялар азыр кайра кайталанууда", - дейт Перепелица.

Талибдер буга чейин Панжшердеги үч маанилүү районду басып алганын билдирген. Бирок Каршылык көрсөтүү кыймылы бул маалыматты төгүндөдү. Анын башчысы Ахмад Масуд талибдер менен сүйлөшүүлөр жыйынтык бербесе, коргонууга даяр экенин жар салды. Талибдер капчыгайды туш тарабынан курчоого алганын айтканы менен айыгышкан салгылаштардын натыйжасы тууралуу үн ката элек.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши эл аралык коомчулук жаңы өкмөт куроого жардам бербесе, Ооганстанды узакка созулган жарандык согуш күтөт деп божомолдойт.

"Албетте, болот. Бул нерсе жарандык согушка толук алып келиши мүмкүн. Анда бардыгы мындан да кымгуут түшүшү күтүлөт. Мүмкүн анархия пайда болушу ыктымал. Бул жагдай биз бардыгыбыз коркуп жаткан эл аралык террористтик уюмдарга ал жактан орун берүүгө өбөлгө түзөт. Биз бардыгыбыз алардын Ооганстандагы изи көбөйүшүн каалабайт элек".

Майнапсыз сүйлөшүүлөр

Ал эми эл аралык жана жергиликтүү маалымат агенттиктери “Талибандын” лидерлеринин бири Амирхан Муттакиге шилтеме берип, маселени тынч жол менен жайгаруу боюнча бир нече күндөн бери Панжшерде уланып жаткан сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаганын жазды. Муттаки бейформал лидерлер капчыгадайгы ал өөрөөнгө барып жолугушуп, эки тарап бир пикирге келе албаганын айткан.

"Талибандын” (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) ардагерлери чечүүчү кызматтарга дайындалганы айтылганы менен жаңы өкмөттүн курамы жарыялана элек. Ал эми эл аралык коомчулук “Талибан” менен кантип сүйлөшүүнүн жолун таппай турат. Анткени Кабул аэропортунан учууга жетишпей калган миңдеген оогандыктар өлкөдөн чыгып кетүү үчүн чек ара тилкелерин көздөй жөнөп жатканы кабарланууда. Аларды Ооганстандан алып чыгып, коопсуз жерге жайгаштыруу маселеси азыркы учурда бир катар эл аралык уюмдар менен ири мамлекеттердин баш оорусуна айланды.

Аларды алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү боюнча талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү демилгеси көтөрүлгөн.

"Бизге мүчө мамлекеттердин арасында жана "Чоң жетинин" алкагында дагы "Талибан" менен өз ара аракеттенебиз деген эч кандай күмөн саноолор жок. Бирок биз "Талибан" менен сүйлөшүүбүз абзел. Биз "Талибанга" таасир этишибиз керек. Бардык колдо болгон рычагдарды пайдалануубуз зарыл. Биз аны расмий таанууга жана аны менен мамилелерди түзүүгө шашпайбыз",- деди Азия-Тынч океан чөлкөмү боюнча Европалык тышкы байланыштар кызматынын директору Гуннар Виганд.

Талибдерге баш ийбеген өкмөттүк күчтөр менен можахеддердин топтору Панжшерде топтолгону айтылган. Каршылык кыймылын бул өрөөндөн чыккан аскер кол башчысы маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт. Ага биринчи вице-президент Амрулла Салих менен маршал Абдул Рашид Дустумдун тарапташтары келип кошулганы кабарланган. Америка Кошмо Штаттары 31-августта Ооганстандагы аскердик миссиясын жыйынтыктап, аскер аба күчтөрүнүн эң акыркы учагы Кабулдан учуп кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG