Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

"Талибан" эмне үчүн ислам укуктарын өз алдынча чечмелейт?


Ооганстандын батышындагы Герат шаарында адам уурдоого айыпталган кишинин сөөгү кранда асылып турат. 25-сентябрь, 2021-жыл

Ооганстандагы талибдердин ислам укугун чечмелегени жана колдонгону мусулмандар калкы басымдуу башка өлкөлөрдөн өтө эле айырмаланат.

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) түзгөн өкмөт Ооганстанды ислам укугунун негизинде башкара турганын ырастап келет. Андай башкаруу суннилердин катаал шариат түшүндүрмөсүнө негизделген.

Ислам укугунун универсалдуу эреже-жоболору жок. Себеби, шариатты негизги беш мектептин өкүлдөрү өз алдынча түшүндүрөт, анын төртөө сунни (суннит) багытында, соңку бешинчиси – шиилер (шиит).

Талибдер башкарган өкмөттүн ислам укугу боюнча түшүндүрмөлөрү көпчүлүгүн суннилер түзгөн мусулман өлкөлөрүндө бекемделген шариат нормаларынан аябай эле айырмаланат.

Айрым аалымдар Батыш маалымдоо каражаттары шариатты “ислам укугу” катары өтө эле тар түшүнүккө байлап койгонун айтып келишет.

"Шарият жекече жүрүм-турум деген аяк-башы көрүнбөгөн түшүнүктү камтыйт, эреже катары ал көпчүлүк коомдордо укуктук нормалар менен жөнгө салынбайт. Так маанисин бере албаса да шариат “ислам ыңгайындагы аракет” дегенге туура келет", - дейт Жорж Вашингтон университетинин саясат таануу профессору Натан Браун.

Талибдердин катаал ислам системасынын тамыры "Деобанди" кыймылына барып такалат. Ал кыймыл Британиянын колониясы болуп турган Индияда ХIХ кылымда пайда болгон. Ушу тапта Пакистан менен Ооганстандын исламчыларынын көзгө басар багыттарынын бири болуп эсептелет. Ал эми укук таануу жаатында суннилердин ханафит мектебине негизделген кыймыл.

Ушу тапта четте баш калкалап жүргөн Кабулдагы америкалык университеттин укук профессору Харун Рахиминин ырасташынча, "Талибан" шариатына Ооганстан менен Пакистандагы чачкын жашаган уруулардын салты да таасирин тийгизген.

"Талибдер жергиликтүү уруулар менен каршылашканча мунасага келүүнү туура көрүшөт. Ошондуктан талибдер колдонгон кылмыш-жаза мыйзамдары менен жекече талаш-тартыштарды чечүү ыкмасы – ханафи мектеби менен уруулар карманып келген эрежелердин аралашмасы, муну жергиликтүү маданий өзгөчөлүктөргө кошуп жиберүү десе да жарашат. Алар Пакистандын Деобанди медресесинин окуу программасынын алкагында иштелип чыккан укук таануунун ханафит мектебинин эреже-шарттарын карманышат. Талибдердин көптөгөн соттору мына ушул жерде даярдыктан өтүшкөн, убакты-сааты, шартына жараша диний окууларга катышкан. Алардын даярдыктарын мыкты деп айтыш кыйын, көпчүлүгүнүн окуду, өттү деген гана аты бар", - деп билдирди Рахими "Озоди" радиосуна.

Рахиминин айтуусунда, "Талибан" соттору мусулман калкы көпчүлүктү түзгөн өлкөлөрдөн айырмаланып, эл алдында катаал жаза чегерип, ойлонуп отурбай дарга асуу, колун кесип коюу сыяктуу өкүмүн алеки саатта чыгарып салышат.

"Мисал катары ислам салтына айланып кеткен "кисас" өкүмүн айтса болот. Бул адамга каршы кылмыш жасагандыгы үчүн “канга-кан” же “адилет жаза” дегенди туюндурат", - дейт ал.

Урулукка шектелген адам Кабулдагы полиция имаратында отурат. Артынан талибдер карап турушат. 20-сентябрь 2021-жыл
Урулукка шектелген адам Кабулдагы полиция имаратында отурат. Артынан талибдер карап турушат. 20-сентябрь 2021-жыл

Кисас эрежесине ылайык киши өлтүргөн адамды маркумдун жакындарынын талабы менен эл алдында дарга асууга өкүм чыгарышат. Маркумдун жакындары андай жазаны колдонбой “өлгөндүн кунун” алышы деле мүмкүн, андайда киши өлтүргөн жабырланган тарапка ири өлчөмдө акча төлөп берет.

Сауд Арабия, Иран, Пакистан, Бириккен Араб Эмирлиги, Катар анан да Нигериянын айрым жерлеринин укук системасында “адилет жаза” өкүмү каралган, андай жаза көпчүлүктүн көз алдында өтөт.

Ал эми "Талибан" башкарган кезде, 1990-жылдардын ортосунан тарта Ооганстанда эл алдында жазалоо жосуну көп болчу. Талибдер аны мактаныч катары ишке ашырчу.

Рахиминин ырасташынча, "талибдердин исламдык тексттерди терең аңдап, талдап отурбай, түшүнбөй эле колдонуп жатышын" эсепке алганда, азыркы "Талибан" соттору Курандын аяттарын мындан кийин деле "кылдат түшүнүп, терең талдап" ишине колдоноруна ишенич аз. Андыктан башка мусулман өлкөлөрүндөгүдөй бул жерде "адилет жаза" чегерүүгө ишенич аз.

Дагы бир мисал - "худуд" жазасы. Мындайга “Жаратканга каршы кылмыш жасагандар” тартылат. Маселен, башка бирөөнүн зайыбы менен катнашта болуу же спирт ичимдиктерин ичүү, болбосо автожолдогу кырсыктан бирөөнүн денесине залал келтиргендер, ошондой эле айрым уурулуктун жазасы көпчүлүк алдында өтөт. Айыптууну кызыл-ала канга боёп сабоо жосуну жоголо элек. Мындай жазалар Курандын аяттарында атайын белгиленип так көрсөтүлгөн.

Анткен менен Рахиминин ырасташынча, худудга байланышкан иштерде так далилдер болушун талап кылган катаал талаптардан улам көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндөгү соттор андай жазаны сейрек колдонот.

"Бул өлкөлөрдүн соттору кылмыш ишинде кичине күдүк же так эместик болсо худуд жазасын колдонууга болбойт деп эсептешет", - дейт Рахими.

Салыштырып көрөлү, "Талибан" соттору зарыл соттук териштирүүлөргө башын оорутпайт. Мурда деле алар эч күмөнсүбөй эл көп чогулчу спорттук аянттарда дарга асуу, колун кесип коюу же кызыл-ала кылып сабоо тууралуу өкүмдөрдү чыгарып коюшчу", - деп белгилейт Рахими.

Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн башка өлкөлөрдө кабыл алынган жалпы эреже талаптар менен талибдердин аялдардын коомдук турмушка аралашуусу тууралуу көз караштары, бул боюнча шариат түшүндүрмөсү да айырмаланып кетет.

Ооганстанда Аялдар маселелси боюнча министрликтин ордуна талибдердин келиши менен жаңы министрлик түзүлдү. Анын милдетине исламдык катаал эрежелерди сактоого көзөмөл жүргүзүү иштери кирет.
Ооганстанда Аялдар маселелси боюнча министрликтин ордуна талибдердин келиши менен жаңы министрлик түзүлдү. Анын милдетине исламдык катаал эрежелерди сактоого көзөмөл жүргүзүү иштери кирет.

Ооганстанда 1996-жылдан 2001-жылга чейин "Талибан" режими аялдардын билим алуусуна тыюу салып, алардан эркектердин гана коштоосунда үйүнөн чыгууну талап кылышчу.

Салыштырып көрөлү, кийинки жылдары аялдар бир топ өлкөлөрдө: Пакистанда, Индонезияда, Түркияда, Бангладеште, Кыргызстанда, Косоводо, Тунисте, Танзанияда жана Малиде мамлекетти башкарууга жетишти.

Британиялык Би-Би-Си радио уктуруулар корпорациясынын фарси кызматынын мурдагы жетекчиси, Лондондогу журналисттик Jadid Online веб-сайтынын негиздөөчүсү Багер Мойин талибдердин аялдарга жасаган мамилеси “көпчүлүк мусулман аалымдары шариат мыйзамы катары тааныган” көз карашка туура келбейт деп эсептейт.

"Талибдер шариат мыйзамдарына ылайык иштей турганын айтышат, бирок анысы шариат мыйзамына коошпойт. Алар шариат мыйзамдарынын уруулук версиясын түзүп алышкан, аны жашырбай эле ачык айтуу керек", - дейт Мойин.

Мойиндин ырасташынча, "Талибандын" кыз-келиндердин мектептен билим алуусун чектегени “ Мухамбет пайгамбардан бери келаткан аялдардын билим алышына шарт түзүү салтына туура келбейт”.

"Аялдардын билим алышына тыюу салуу биз түшүнгөн ислам салтына дегеле коошпойт. Мусулман аалымдарынын баары пайгамбардын эркек-аял экенине карабай “билим издөө – бардык мусулмандын милдети” дегенин жакшы билишет", - дейт Мойин.

"Деобанди" кыймылы башталган Индиянын түндүгүндөгү Дарул Улум Деобанд ислам мектебинин 82 жаштагы башчысы Маулан Сайед Аршад Мадани талибдердин “азгырыктардан алыс болуу үчүн” аял менен эркекти экиге бөлүп коюу аракетин колдорун билдирди.

Ошол эле кезде Мадани ал жетектеген мектептин ушу тапта “Талибан” менен эч кандай байланышы жоктугун ырастады. "Озоди" радиосуна берген маегинде ал талибдер аялдардын билим алышына тыюу салбашы керектигин айтты.

"Эгер [талибдер башкарган] ооган өкмөтү [бөлүп окутууну] камсыз кыла алса, анда ал кыздар үчүн билим берүү мекемелеринин эшиги ачык экенин көрсөтөт", - дейт Мадани.

Кабул мечитиндеги жума намаз, 1-октябрь 2021-жыл
Кабул мечитиндеги жума намаз, 1-октябрь 2021-жыл

Ооганстандагы "Талибандан" тышкары ислам укугуна негизделген өкмөт суннилер басымдуулук кылган Сауд Арабия менен шиилер көпчүлүктү түзгөн Иранда бар.

Шариатка негизделген режимдер Адам укугу боюнча европалык сотту кабатырлантууда. Аны оболу кылмыш жана кылмыш сот өндүрүшү, ошондой эле аялдардын укуктук статусуна тиешелүү укуктук маселелерде, анан да ал режимдердин “диний негиздерге таянып, инсандын жеке жана коомдук турмушунун бардык чөйрөсүнө кийлигишүүсү” кооптондурат.

Исламды мамлекеттик дин катары тааныган башка өлкөлөрдө, айталы, Пакистан менен Египетте, же болбосо мусулман калкы көпчүлүктү түзгөн секулярдык өлкөлөрдө, маселен, Түркияда ислам менен салттуу жана укуктук кодекстердин өз ара татаал байланыштары сакталган.

Ислам укугунун булактары

Шариат мыйзамынын төрт негизги булагы бар. Ислам укук таануусуна негизделген мектептердин эң башкысы, негизгиси Куран болуп эсептелет. Куран - мусулмандардын ыйык китеби, Жараткандын Мухамбет пайгамбарга агынан жарылган ачылыштары камтылган.

“Көктөн түшкөн” дагы бир ислам укугунун негизги булактарынын бири Сунна – Мухамбет пайгамбардын окуулары менен иштери жазылган хадистер.

Ислам укугунун антип “көктөн түшпөгөн” булактары да бар. Ал - адамдын ой жүгүртүүлөрүнөн чыккан бүтүмдөр. Ислам укук таануусунун ар кыл мектептери алардын баалуулук деңгээлин аныктап койгон.

Андай булактардын бири "кияс" - мусулман укукчулары иштеп чыккан соттук принциптердин көз карандысыз түшүндүрмөсү, анан окшоштукка негизделген ой жүгүртүүлөр, Куран менен хадистерди терең билгендердин түшүндүрмөсү - "иджтихад".

Ислам укугунун дагы бир ушундай булагы "иджа" деп аталат. Ислам аалымдары менен мусулман жамааттарынын көз караш, түшүнүктөрүнүн мунасасы.

Укук мектептери

Ислам укугунун негизги мектептери адамдардын ар кыл “пенделик элес-түшүнүктөрүнө” (арабча “фикх”) да таянат. Мунун баары Мухамбет пайгамбар өлгөндөн кийинки жүз жылдыктарда Куран менен хадистерди чечмелөөгө байланышкан түшүнүктөр. Бир да укук мектеби кайсы бир чөлкөмгө гана тиешелүү деп эсептелинбейт. А бирок ага карабастан, андай мектептер дүйнөнүн ар кыл бурчтарында ар кандайд үстөмдүк кылган учурлары жок эмес.

Дарул Улум Деобанд медресесин бүткөн Батыштын жападан-жалгыз өкүлү, ислам аалымы, анан да Би-Би-Синин мурдагы теле алып баруучсу Жон Мохаммад Батт төрт сунни мектептери “диний кошумча аспекттер аркылуу гана байланышкан, ортодо ишенимдин фундаменталдуу аспекттери боюнча чиелешкен биримдиги жок” деген пикирде.

"Бул анчалык деле мааниге ээ эмес, алардын баары дайыма төрт сунни мектептеринин ойлору туура, баары тең маанилүү деп эсептешет. Ортодо имамдар ар кыл түшүндүрүп коюшат, болбосо акыл-эстүү мектептер ортосунда эч кандай душмандык жок", - дейт Батт "Озоди" радиосуна берген маегинде.

Түштүк жана Борбордук Азияда ханафит мектеби үстөмдүк кылат. Болжол менен дүйнө мусулмандарынын үчтөн бири анын жолдоочулары. Бул мусулмандар арасындагы саны жагынан эң көп колдоочуга ээ болгон мектеп. Ханафит фикхи ислам укугунун мыйзамдык негизи катары салтты эсепке алат, аны укукчулардын кароосуна коёт. Ошондон “Талибандын” шариатты түшүндүрүүсү, ага Ооганстан менен Пакистандагы уруулук адат-салттардын таасиринин тийиши ханафит мазхабындагы варианттардын бири катары гана эсептелет.

2015-жылы Газни провинциясында үч эркекти дарга асуу учурундагы куралдуу согушкер менен карап турган көпчүлүк.
2015-жылы Газни провинциясында үч эркекти дарга асуу учурундагы куралдуу согушкер менен карап турган көпчүлүк.

Маликит фикхи - Түндүк жана Батыш Африкада кеңири таралган. Орто кылымда маликит фикхи ислам башкаруусундагы Европа өлкөлөрүндө, маселен, Испания менен Португалияда, ошондой Сицилия эмирлигинде өкүм сүргөн.

Ханафит мектеби сындуу эле маликит мектеби ислам укугунун булагы катары жамааттын каада-салтын укукчулардын кароосуна койгон.

Башка мектептерден айырмаланып, маликит фикхин жолдоочулар ислам укугунун туура булагы катары Медина жашоочуларынын мунасасын эсептешкен.

Шафиит фикхи - Чыгыш Африкада жана Түштүк-Чыгыш Азияда, ошондой эле Кавказдагы Чеченстан менен Ингушетияда таралган.

Шафиит мектеби укукчу аалымдардын токтомдорун ислам укугунун кабыл ала турган ишенимдүү булагы деп эсептешпейт, анткени ал “пенде баласынын эле мыйзамы”.

Ханбалит мектеби — төрт сунни фикхтеринин эң кичинекейи. Бекем салттык негизге таянган мектеп Сауд Арабия менен Катарда гана жолугат, бул жерде ал расмий фикх болуп эсептелинет.

Ханбалит фикхинин жолдоочуларынын ири топтору Бирикен Араб Эмирлигинде, Бахрейнде, Сирияда, Оманда, Йеменде, ошондой эле Ирак менен Иорданиянын бедуин урууларынын арасынан кездешет.

Салафиттер менен ваххабиттер агымдары — ислам багытын бекем кармангандар, булардын арасында “Аль-Каида” кыймылын негиздеген Усама бен Ладен бар. Кыймыл өзү ханбалит мектебин жаңыртуу максатында XVIII кылымда жаралган.

Жафари — ислам шиилеринин ишенген мектеби. Анын негиздери Иран Конституциясында бекитилген.

Жафари суннилердин негизги төрт мектебинен кескин айырмаланат, негизги таянычы иджтихад — укуктук маселеге жооп берчү аалымдардын көз карандысыз негиздемеси.

Иш жүзүндө жафари сунни мектептеринен мурас маселелерин түшүндүрүү, диний зекеттер, соода, жеке адам туруму жана мута - утурумдук нике кыюу боюнча айырмаланат. Мута табышып алган эки тараптын өз ара макулдугу жана келишими боюнча, үчүнчү тараптын мажбурлоосуз ишке ашырылат, андайга исламда жол берилет.

Рон СИНОВИЦ, Абубакар СИДДИК

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG