Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Тажикстандагы база: Бээжинди өз коопсуздугу ойлондурат


Франциско Олмос

Тажикстан Кытайдын каржылоосу менен аскердик база курууну жактырганын шардана кылуу менен талибдерге Бээжиндин колдоосуна ээ болгонун көргөзгүсү келгендей. Ал эми тажик-ооган чек арасындагы стабилдүүлүк Орусиянын да кызыкчылыгына төп келет. Аймак боюнча эксперт Франциско Олмос ойлору менен бөлүштү.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 27-октябрда тажик-ооган чек арасына жакын жерге Кытайдын каржылоосу менен аскердик база курууну жактырган. Курулуш тажик Ички иштер министрлиги менен Кытайдын коопсуздук министрлигинин ортосундагы келишимдин алкагында жүрмөкчү. Маалыматтарга караганда, ага тажик күч түзүмдөрү ээлик кылат.

Washington Post гезити 2019-жылы Тажикстанда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун базасы жайгашып келгенин жазган. Биздин суроолорубузга Лондондогу Тышкы саясат борборунун изилдөөчүсү Франциско Олмос жооп берди.

- Франциско мырза, тажик парламенти өлкө аймагына Кытайдын аскердик база куруусун жактырды. Сиз үчүн бул күтүлгөн жаңылык болдубу же таң калтырдыбы?

- Мени маалыматты жаап-жашырбай шардана кылышканы көбүрөөк таң калтырды. Ички иштер министринин орун басары маселени түз эле парламенттин кароосуна сунуш кылды. Балким ушул жери күтүлбөгөн жагдай болду десек болот. Эмне дегенде азыр иштеп жаткан кытайлык аскердик объекти тууралуу маалыматты тараптар ачыкка чыгармак турсун, аны расмий түрдө буга чейин эч качан моюнга алышкан эмес. Эми болсо ачык айтып жатышат. Ал эми базанын курулушу, окуялардын соңку жылдардагы өнүгүүсүн эске алганда, кайсы бир деңгээлде күтүлгөндөй эле болду.

Бул жаңылык Борбор Азия үчүн канчалык маанилүү?

- Бул маалымат Кытайдын Тажикстандагы, кеңири алганда региондогу коопсуздук чөйрөсүндөгү ролу артып жатат дегенди билдирет. Албетте, Бээжин экспансия максатына караганда биринчи кезекте өзүнүн ички коопсуздук маселелерин ойлоп жатат. Кытай Тажикстандагы базаны каржылоо менен өзүн Ооганстандан, Тажикстандан, Шинжаң тараптан жаралган бейстабилдүүлүктөн коргоону көздөйт. Кытай Мургабда бир базаны иштетип келатканы ачыкка чыкпадыбы. Эми тажик полициясы үчүн базанын курулушун каржылоодо. Мунун бардыгы Бээжин аймактагы кырдаалды, коопсуздук маселелерин, акыркы окуяларды олуттуу кабыл аларын көргөзөт.

- Айрым эксперттер борбор азиялык өлкөлөр коопсуздук маселесинде Орусияга таянышат, ал эми Кытайды экономикалык долбоорлор көбүрөөк кызыктырганын айтышат. Сиздин пикириңизде, ушу тапта геостратегиянын өзгөрүүсүнө күбө болуп жатабызбы?

- Кызыктуу бир жагдайга көңүл бурсак, менин билишимче, сөз болгон база Кытайдын элдик армиясы эмес, терроризмге каршы күрөшкөн жана чек араны кайтаруу күчтөрү тарабынан курулмакчы. Айтайын дегеним, биринчи планда коопсуздук күчтөрү турат. Ушул жери баш калаа Дүйшөмбүнүн четиндеги 201-аскердик базасын же кошуна Кыргызстанда авиабазасын жайгаштырган Орусиядан айырмаланат. Кытай коопсуздук чөйрөсүндө башкача ролду аткарып жатат. Бирок бул убактылуу бир көрүнүшпү же жокпу, аны айта албайбыз. Менимче, Орусиянын аскердик чөйрөсүндөгү үстөмдүгү улана бармекчи.

Кытай болсо аскердик таасирин арттырууга караганда өз чек араларын коргоого көбүрөөк кызыкдар. Орусиядай болуп өз армиясы үчүн база курууну көздөбөйт деп ойлойм.

- Орусия тууралуу сөздү улантсак, алар Кытайдын Тажикстанда база куруу планына, аскердик таасирин арттырып жатышына кандай карайт?

- Орусия үчүн анча оңой эмес абал түзүлдү деп ойлойм. Албетте, Орусия Тажикстандын аймагындагы курулушка жол бербөө же кандайдыр бир кадамдарга бара албайт. Кысым көргөзүшү мүмкүн дегилечи. Бирок экинчи жагынан, бул база Москванын кызыкчылыгына каршы келет деп айта албайбыз. База Тажикстандын чек арасында коопсуздукту камсыздоого салым кошот. Тажикстан-Ооганстан чек арасындагы стабилдүүлүк Орусиянын кызыкчылыгына да төп келет.

Менимче, Кытайдын курулушту каржылоосу Орусия үчүн терс көрүнүш эмес. Мен жогоруда айткандай, Кытай өзүн коргоону максат кылат. Анын үстүнө Москва менен Бээжиндин Борбор Азиядагы кызматташуу жолдору бар. Эки держава ал жакта бири-бири менен ачыктан-ачык тирешпейт. Кызматташуу керек болгон кезде тараптар ымалага келишет. Албетте, Орусия курулушту, ал жактагы өнүгүүлөрдү көз жаздымда калтырбайт, тараптар айтылган макулдашуунун алкагынан чыгып кетишпейт деп үмүттөнөт. Ал эми ушундай аракеттер Ооганстан менен чектеш эмес региондогу калган өлкөлөрдө да көрүлө турган болсо, Орусия тынчсыздана баштайт болуш керек. Бирок азырынча андайга себеп жок деп ойлойм.

- Ал эми Тажикстандын Борбор Азиядагы кошуналары үчүн базанын курулушу кандайдыр бир чочулоого жем таштайбы?

- Мен алдыда айткандай, бул объекти Ооганстандагы окуяларга, ал жактан туулуп жаткан туруксуздукка жооп иретинде курулганы жатат. Бул көз караштан алганда, кабатырланууга себеп жок. Мисалы, Кыргызстан Кытайдын тажик президентине камкордук көрүүсүнө караганда, өзүнүн Бээжинден экономикалык көз карандылыкка, карыздарына көбүрөөк камтама болушу керек деген пикирдемин. Ал эми кеңири Борбор Азияны ала турган болсок, менимче, тынчсызданууга негиз жок.

Мен башында бул маалыматты шардана кылышканы таң калтырат, азыр иштеп жаткан базаны болсо жаап-жашырып келишкен деп айтпадымбы.

Тажикстан Ооганстандагы талибдер режими менен бир аз тирешип жатканын билебиз. Балким кытайлык курулуш тууралуу маалыматты ошон үчүн дароо ачык чыгарууну чечишкен. Тажикстан Кытайдын колдоосуна ээ болгонун көргөзгүсү келгендей.

Бул теорияны көп айтышпайт, бирок андай да болушу мүмкүн. Менимче, Кытай бизди колдойт деп ачык айтуу, тажик бийлиги үчүн өтө ыңгайлуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG