Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Борбор Азия: пайданы көздөгөн кошуналар


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. 24 -апрель, 2018 -жыл

Түркмөн жана өзбек президенттеринин соңку жолугушуусунда транспорттук-энергетикалык ири долбоорлор тууралуу сөз козголду.

Бул үчүн тараптар Ооганстан менен сүйлөшүү жүргүзүүнү макулдашып, коопсуздукту камсыздоо керектигине басым жасашты. Эки мамлекет башчысы тең чөлкөмдөгү “туруктуу өнүгүү” тууралуу айтып, ал мегадолбоорлор Ооганстандын өзү үчүн дагы пайдалуу экенине токтолушту.

Талдоочулар бул эки президент тең Ооганстанда бийликте ким турса дагы, кызматташууга барып, өздөрүнүн экономикалык кызыкчылыгын ишке ашыруу дымагы жогору экенин белгилешти.

"Трансулуттук долбоорлор токтобошу керек"

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен 5-октябрда Ташкентте жолукканда Ооганстан аркылуу өтчү транспорттук жана энергетикалык долбоорлорду талкуулап, бул маселе боюнча позицияларын тактаганы белгилүү болду.

Мирзиёев тараптар трансулуттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кабул менен биргеликте сүйлөшүүнү макулдашканын белгиледи.

“Биз чөлкөмдөгү коопсуздук, туруктуулук жана аймактын өнүгүүсү сыяктуу көп нерсе көз каранды болгон Ооганстандагы кырдаалды талкууладык. Биздин мамлекеттер бул өлкөдө түбөлүк тынчтык орноп, өнүгүүсүн камсыздоо максатында мындан ары да бардык күч-аракетти жумшап, ооган элине жардам көрсөтүүгө даяр. Биз кандай татаал болсо дагы, буга чейин мерчемдеген “трансулуттук долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз” деп келиштик. Ал долбоорлор токтоп калбастан, тескерисинче, күчөтүлүшү керек. Анткени болочокто ал долбоорлор Ооганстандын өзүнүн экономикасын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт”, – дейт Шавкат Мирзиеёв.

Ооганстандагы коопсуздук биринчи кезекте Өзбекстан менен Түркмөнстанга жаңы соода жолдорун ачып, газ менен мунай сатуу жана транзиттен пайда көрүү үчүн маанилүү экени белгиленди.

Жалпы узундугу 1800 чакырымды түзгөн Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия газ кууру долбоору (ТАПИ) жылына 33 млрд. метр куб түркмөн газын экспорттоого ылайыкташкан. Бул долбоор 1990-жылдары иштелип чыгып, бирок кийин Ооганстандагы байма-бай жардырууларга байланыштуу кооптуу кырдаалдан улам токтоп калган.

Көгүлтүр отунду сатуу көйгөйү

Аны курууга көгүлтүр отунга муктаждыгы жогору Пакистан кызыкдар экени көрсөтүлгөн. Ал эми азыр жаратылыш газынын дүйнөлүк баасы өсүп жатканда Түркмөнстан менен Өзбекстан бул долбоорду тез арада ишке ашырууну көздөгөндөй. Буга чейин Ашхабад өз аймагынан ооган чек арасына чейин газ түтүктөрүн өткөргөнү айтылган. Бул үчүн ал Челябинскидеги заводдон 219 млн. долларга газ түтүктөрүн алган.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов бул ири долбоорлор биргеликте ишке ашырыла турганын айтты.

“Бул энергетикалык коопсуздук. Бул деген эл аралык транспорттук-транзиттик каттамдарды өнүктүрүү үчүн керек. Энергетикалык ири долбоорлор тууралуу сөз болгондо, чөлкөмдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн ага Түркмөнстан менен Өзбекстан катышып, бирге иш алып баруусун айтсак болот. Биз Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европаны бириктире турган, кубаттуу жана заманбап транспорттук-транзиттик тутумду түзүү максатында биргеликте иштөөнү улантабыз”, – деди Бердымухамедов.

Бул газ кууру аркылуу Индия 14 миллиард, Пакистан 14 миллиард, Ооганстан 5 миллиард метр куб газ ташып өтөрү макулдашылган. Бирок долбоорду каржылоого ири инвестор буга чейин табылбай келген. Анан калса ага Индиянын катышары дагы бекемделген эмес.

Темир жол менен энергетика

Ал эми Өзбекстан үчүн Ооганстан аркылуу темир жол жана электр энергиясын өткөрүү долбоорлору маанилүү. Өзбекстан Ооганстандын Мазари-Шарифине чейинки темир жолун андан ары Кабулга жана Пешаварга чейин кеңейтүүнү мерчемдейт. Бул боюнча Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен соңку эки ирет жолугушуусунда маселе көтөрүлгөн. Анткени бул темир жолу Өзбекстандын Пакистандын соода порттору аркылуу Европа менен Азиянын деңиз соода жолуна чыгуусуна шарт түзмөк. Буга байланыштуу Өзбекстан 2018-жылы ооган чек арасына жакын Термезде ири соода-жүк борборун ачкан.

Азыр Түркмөнстан менен Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын экспорттойт. Андан өзбек тарап жылына 171 млн. доллар пайда көрсө, түркмөн тараптын кирешеси 51 миллион долларды түзөт. Бул эки өлкө тең акчасы кайтарылбай жатканына карабай, Ооганстанга электр энергиясын берүү токтотулбай турганын жарыялады. Өзбекстандын тышкы иштери министри Абдулазиз Камиловдун Кабулга жасаган сапары учурунда дагы Ооганстанга электр энергиясын берүү жана Мазари-Шарифтеги темир жол бутагын андан ары алып өтүп, кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.

Тажикстандын айырмаланган саясаты

Түркмөнстан менен Өзбекстан “Талибан” башкарган Ооганстан менен кызматташуу жолдорун издеп жаткан шартта Борбор Азиядагы үчүнчү өлкө Тажикстан Кабул менен араздашып жаткан учуру.

Расмий Дүйшөмбү Ооганстанда улуттук азчылык өкүлдөрү кирип, баарын камтыган инклюзивдүү өкмөт түзүү маселесин койгон. Бирок буга байланыштуу “Талибан” тажик бийлигин анын “ички ишине кийлигишип жатат” деп айыптаган.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон БУУнун башкы ассамблеясында “Талибанды” террористтик уюмдар менен байланышы бар деп айыптаган:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

“Азыр Ооганстандагы туруксуз аскердик-саясий кырдаалды ар түрдүү террористтик уюмдар өздөрүнүн позицияларын чыңдоо үчүн пайдаланышууда. Биз ал жакта "Ислам мамлекети" жана “Аль-Каида” сыяктуу ар кайсы террористтик топтордун миңдеген мүчөлөрү бошотулуп жатканына күбө болуудабыз. Башкача айтканда, азыр Ооганстан кайра эл аралык терроризмдин очогуна айлана турган жолго түшүп баратканы тынчсыздануу менен кошо өкүнүч жаратат”

Бул арада Кыргызстан менен Казакстан дагы талибдер менен жогорку деңгээлде жолугушууларды өткөрүп, анын тамырын тартып көрүштү. Бул өкмөттөр “Талибанды” таануу тууралуу маселе күн тартибинде жок экенин айтышкан, бирок аны менен кызматташып, кеңешүү жана маалымат алмашуу болуп турушу керек экенин белгилеп келишкен.

Ошол эле кезде Түркмөнстан менен Өзбекстан Кытай жана Орусия менен түз чек арасы жок Борбор Азиядагы ири өлкөлөр. Экөө тең түштүк жак аркылуу тышкы дүйнө менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн карап келе жатышат.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG