Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:24

Кытай гранты: Тоолуу-Бадахшандагы аскердик база


Кытай менен Тажикстандын биргелешкен аскердик машыгуусу маалында.

Тажик бийлиги Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда Кытай грантына аскерлештирилген объект куруу боюнча макулдашуу бар экенин жарыялады.

Бул тууралуу макулдашууну парламенттин төмөнкү палатасы бекитип жаткан учурда белгилүү болду. Дүйшөмбү адатта көптөгөн ички жана эл аралык макулдашууларды бекитүү маселесин коомчулукка ачыкка чыгара бербейт. Бирок тажик бийлиги бул жолу Кытай менен болгон аскердик кызматташтыкты үстүртөн болсо дагы шардана кылды.

Анда аскердик объект курулуп бүтсө, ага тажик күч түзүмдөрү ээлик кылары айтылды.

Вахандагы аскердик объекттин Кытай келгенге чейинки спутниктен тартылган сүрөтү
Вахандагы аскердик объекттин Кытай келгенге чейинки спутниктен тартылган сүрөтү

Washington Post басылмасы эки жыл мурун спутниктен алынган сүрөттөр менен жергиликтүү күбөлөргө таянып, Вахан өрөөнүндө Кытайдын жашыруун аскер базасы аныкталганын жазып чыккан. Муну расмий Бээжин да, тажик өкмөтү да четке кагып келген эле.

Тажик парламенти жактырган гранттык макулдашуу

Расмий маалыматка ылайык, макулдашуу жакында эле даярдалып, Ооганстандагы бийликти талибдер алгандан кийин ага Тажикстандын өкмөтү менен Кытайдын коопсуздук министрлигинин ортосунда кол коюлган. Жаңы аскердик объект Кытайдын, Ооганстандын жана Тажикстандын чек арасы тогошкон Тоолуу-Бадахшандагы Вахан капчыгайында жайгашкан.

Бул боюнча макулдашууну 27-октябрда парламенттин бекитүүсүнө алып келген Тажикстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Абдурахмон Аламшозода маалымат берди.

Абдурахмон Аламшозода. Тажикстандын ички иштер министринин биринчи орун басары.
Абдурахмон Аламшозода. Тажикстандын ички иштер министринин биринчи орун басары.

"Макулдашууга ылайык, Вахан капчыгайындагы базанын курулушуна грант берилет. Бул база Ички иштер министрлигинин чукул чара көрүү тобуна ылайыкташкан. Ал жакка атайын техниканы орнотуу пландалган. Тажикстан буга байланыштуу Кытай тарапты салыктардан жана бажы төлөмдөрүнөн бошотуу милдетин алды", - деди Тажикстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Абдурахмон Аламшозода.

Washington Post Вахандан тапкан аскердик объект

Бирок тажик бийлиги айтып жаткан ал аскердик объекти тууралуу Washington Post басылмасы 2019-жылы эле иликтөөсүн жарыялаган.

Анда америкалык басылма спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Ишкашим районундагы чек ара тилкесине бир нече чакырым алыстыкта турган Вахан капчыгайында Кытайдын жашыруун аскер базасы 3 жылдан бери жайгашып турганы айтылган.

"Спутниктен тартылган сүрөттөрдө Тажикстандагы базанын имараттары үч блоктон турганы жана анда бир нече траншеялар казылып, чыңдоолор орнотулганы көрүнүп турат. Курулуш комплекси Ооганстандын чек арасынан алыс эмес жайгашкан. Аскердик чыңдоолор болсо Ооганстандан Тажикстанга кеткен негизги жолду көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет",- деп жазылган аталган макалада.

Спутниктен тартылган сүрөт. Вахандагы аскердик туруктун мурдагы жана азыркы мезгилдеги көрүнүшү.
Спутниктен тартылган сүрөт. Вахандагы аскердик туруктун мурдагы жана азыркы мезгилдеги көрүнүшү.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы 27-октябрда Кытайдын грантына Вахан аймагында жаңыдан аскердик объекти куруу боюнча макулдашууну жактырды. Бул жерде мына ошол Washington Post басылмасы 2019-жылы эле иликтөөсүндө жарыялаган аскердик объекти жөнүндө сөз болуп жатабы же башка тууралуубу, анысы такталган эмес.

Расмий маалыматка ылайык, бул аскерлештирилген объект Кытай грантына курулуп, Тажикстанга таандык болот.

Тажикстан парламентинин депутаты Толибхон Азимзода ал аскер объектисинин бюджети жана ага кайсы күч түзүмү ээлик кылары тууралуу кыскача маалымат берди.

"Кытай Эл Республикасынын жана Тажикстандын өкмөттөрү кол койгон эки тараптуу макулдашуу боюнча бул аскердик объект тажик тараптын Ички иштер министрлигине караштуу атайын даярдыктагы тобу үчүн курулат. Бул объектинин курамына башкы имарат, жатакана жана машыгуу аянтчасы кирет. Мунун бардыгы 100 млн сомониге барабар каражат жумшалган курулуш долбоору болот",- дейт депутат Толибхон Азимзода.

Кезинде белгилүү саякатчы, географтар тарабынан “дүйнөнүн чатыры” атыккан Памир кырка тоолорунун арасындагы Вахан капчыгайында XIX кылымда падышалык Орусиянын алдыңкы катардагы казак-орус бакылоочу отряды турган.

Кийин СССРдин куралдуу күчтөрүнө караган советтик чек ара бекети жайгашкан.

"Кытай аскердик таасирин арттырууга куштар"

2019-жылы Washington Post гезитинин журналисти Вахандагы үч мамлекеттин чек арасы тогошкон жерден Кытайдын жашыруун туругун көргөнүн жазып, кытайлык аскерлер ылдый түшүп, Мургабдын базарында соода кылып жүргөнү сүрөткө тартылганын да жарыялаган эле.

Бирок тажик-ооган-кытай чегиндеги бул тилкеде кандайдыр бир аскердик база бар экени тууралуу маалыматтарды буга чейин Бээжин да, Дүйшөмбү дагы четке кагып келген.

Азыр эми тажик бийлиги база Ваханда 3 жыл мурда эле пайда болгонун ырастабаганы менен ал тилкеге Кытай грантына жаңы курулуш түшө турганын айтып, макулдашууну парламентте бекитүүдө.

Соңку мезгилде Кытайдын Борбордук Азияда анын ичинде Ооганстан менен чектешкен тилкелердеги аскердик кызматташтыкка өзгөчө маани берип жатканы айтылып келет. Бул Бээжиндин чөлкөмдөгү кызыкчылыгын бекемдеп, өз коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзүү аракети менен байланыштуу экени геосаясий жагдайды изилдеген эксперттик талдоолордо баяндалган.

"Ооганстандагы кырдаал Кытай үчүн абдан сезимтал маселе. Террорчулар, алардын арасында уйгур жикчил (экстремисттик) топтору менен байланышы бар “Талибан” режими турат. Бирок Бээжин талибдер менен канчалык кызматташууга болот деген маселени карап жатат. Кеп, Кытай “Талибанды” ишенимүү өкүл боло алабы деп эсептегенинде. “Талибандын” идеологиясы чектөөлөр болоорун билдирет, Бээжин менен кызматташуу үчүн ал даяр" - деген “Азаттыкка” Фростбург университетинин Бээжиндин Борбордук жана Түштүк Азия менен кызматташуусун изилдеген доценти Хайюн Ма.

Кытай грантына курулат деп жарыяланган аскердик объекттин ишинин кеңири өңүттөрү, анын ичинде өздүк курамы, каржылануусу жана анын тажик-ооган чек арасында кандай миссия азырынча белгисиз.

"Талибан" 1990-жылдары бийликте турганда уйгур жикчил топторуна Ооганстанга келүүгө уруксат бергени белгилүү. Ал соңку мезгилге чейин алар менен байланышты кармап келгени дагы айтылган. Бирок Кытай болсо талибдерден алар менен байланышты үзүүнү талап кылып келет.

Бээжин менен ынак мамиле түзгүсү келген “Талибан” өкмөтү уйгурларды Кытайга өткөрүп берери азырынча белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG