Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:48

Тажикстан: алюминийдин кирешеси кимге таандык?


"Талко" заводу. 2012-жыл.
"Талко" заводу. 2012-жыл.

Дүйнөлүк рынокто алюминийдин баасы акыркы 13 жылда эң жогорку деңгээлге жетти. 13-сентябрга карата алюминийдин бир тоннасы Нью-Йорктогу COMEX биржасында 3025 долларга көтөрүлдү. Бул металл акыркы жолу 2008-жылы ушундай баада сатылган.

Ушул айдын башында Гвинеядагы аскердик төңкөрүш алюминий өндүрүүдөгү эң маанилүү элемент бокситтин кымбатташына себеп болду. Дүйнөлүк алюминий рыногунун 20 пайызы дал ушул өлкөдөн чыккан бокситке көз каранды.

Гвинеядагы төңкөрүш жана 83 жаштагы президент Альфа Конде бийликтен кулатылгандан кийин Лондондогу металл биржасында жыл башында тоннасы 2000 долларга сатылган алюминий 8-сентябрда 2774 долларга көтөрүлгөн.

Бул металл Тажикстандын эки эң негизги экспорттук товары жана өлкөнүн кирешесинин эң чоң үлүшүнүн булагы. Бирок акыркы эки жылда анын өндүрүшү акырындык менен азайып баратканы байкалат.

Тажикстандын кирешеси көбөйөбү?

2020-жылы Тажикстанда алюминий өндүрүү дээрлик 10 миң тоннага азайган. 2019-жылы "Талко" 96,8 миң тонна алюминий өндүргөн, 2020-жылы бул көрсөткүч 87 миң тоннага чейин төмөндөгөн.

Тажикстандык "Талко" компаниясынын маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Игорь Саттаров 10-сентябрда "Озоди" радиосунун суроолоруна жазуу түрүндө жооп кайтарган.

Анда алюминийдин кымбаттаганы жакшы жаңылык экенин, бирок анын өндүрүшүнүн жогорулашы баанын өсүшүнө көз каранды эмес экенин жазган.

"COVID-19 пандемиясына байланыштуу өлкөлөр ортосундагы каттамдарга чектөө киргизилди. Анын ичинде Тажикстанга чийки заттарды импорттоо жана даяр продукцияны экспорттоо чынжыры үзүлдү. "Талко" өндүрүштү 25 пайызга көбөйтүүнү көздөгөн, бирок Кытай-Казакстан темир жолу жана Кашкар-Кулма жолу жабылганына байланыштуу электролизерди оңдоо үчүн жабдуулар толук жеткирилген жок. Сентябрь айында компания 60 электролизерди оңдоону жана орнотууну баштоону пландап жатат", - деди Саттаров.

Анын айтымында, пандемия учурунда бир катар чет өлкөлүк компаниялар жана ишканалар иштебей, алюминийди өндүрүүдө колдонулган айрым элементтердин кымбатташына алып келген.

"Бир баррель мунайдын баасы 40 доллардан 70 долларга чейин жогорулады, бул "Талко" компаниясына финансылык кысымды күчөттү. Учурда компаниянын жетекчилиги тобокелдиктерди азайтуу жана келечекте алардын алдын алуу боюнча иш алып барууда", - деп кошумчалады Саттаров.

Тажикстанга Советтер Союзунан мураска калган, өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 500 миң тонна алюминий өндүрүүгө эсептелген "Талконун" экономикалык кирешеси жыл сайын азайып баратат.

Алюминий өндүрүүнүн деңгээли бир топ төмөндөп, завод кубаттуулугунун бештен бир бөлүгүндө гана товар чыгарат. Бул компания көптөгөн жеңилдиктерге ээ, тактап айтканда, электр энергиясын тажик өкмөтү төмөндөтүп берген тариф менен сатып алат.

Анткен менен мамлекеттик "Барки Тажик" холдингинин акыркы маалыматы боюнча, "Талко" компаниясы электр энергияга 422 миллион сомони, башкача айтканда 37 миллион доллар карыз.

"Талконун" кирешеси кайда кетет?

Совет мезгилинен бери (ошол кезде - ТадАЗ) өлкөнүн негизги өндүрүш ишканаларынын бири "Талко" компаниясы 90-жылдарга чейин Тажикстандын бюджетинин кирешесинин 45% камсыз кылган.

Эгемендик жылдарында компания өкмөттүн да, маалымат каражаттарынын да көңүлүн өзүнө бурган.

Журналисттер "Талко" ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзбөгөнү үчүн бир нече жолу сынга алган. Акыркы жылдары компания өзүнүн финансылык аудиттеринин жыйынтыктарын жарыялай баштаганы менен көптөгөн такталбаган жагдайлар айтылбай келет.

Серепчи Эдвард Лемон "Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр 2018-жыл" деген иликтөөсүндө тажикстандык аткаминерлер офшордук эсептерди пайдаланып, мамлекеттик банктардан жана ишканалардан миллиарддаган долларды кымырып алышканын жазган.

"Мисалы, мамлекет көзөмөлдөгөн "Tалко" алюминий заводу Британиянын Виргин аралдарындагы компанияларга таандык. Компанияны мамлекеттик бюджетке инвестиция кылуу ордуна, тескерисинче жогорку кызматтагы адамдар жеке чыгымдарынын фонду катары пайдаланат", - деп жазган изилдөөчү.

Адистердин айтымында, Виргин аралдарындагы "Талко Management" офшордук компаниясынын катталышы финансылык ачык-айкын иш жүргүзөрүнөн күмөн санатат.

Компаниянын кээ бир сырлары Лондондогу соттук териштирүүдө ачыкка чыгып, расмий Дүйшөмбү ишти жабуу үчүн чоң чыгымга дуушар болгон.

Чет элдик маалымат каражаттары тажик алюминийин сатуудан түшкөн негизги киреше "Талконун" өзүнө же мамлекеттик бюджетке түшпөй, жеке адамдар менен ортомчулардын жашыруун эсептерине түшөт деп эсептешет.

Эки жыл мурда "Талконун" топ-менежерлери журналисттерге алюминий өндүрүү үчүн керектүү чийки заттын көбүн чет өлкөдөн сатып аларын жана "ар кандай өнөктөштөр менен соода жүргүзүү үчүн офшордук компанияга муктаж экенин" айтышкан.

Тажикстанда алюминий чыгарган "Талко" ишканасы 2007-жылдан бери каржылык каатчылыктан кыйналып жатканы айтылып келет. Аны өлкөнүн өндүрүш жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабиров жетектейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG