Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Борбор Азия президенттеринин эрке күйөө балдары


Солдон оңго: Тимур Тилляев - Ислам Каримовдун күйөө баласы, Димаш Досанов жана Тимур Кулибаев - Нурсултан Назарбаевдин күйөө балдары, Отабек Умаров - Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы.
Солдон оңго: Тимур Тилляев - Ислам Каримовдун күйөө баласы, Димаш Досанов жана Тимур Кулибаев - Нурсултан Назарбаевдин күйөө балдары, Отабек Умаров - Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы.

Борбор Азияда көп жылдар бою жетектеген президенттер менен катар алардын күйөө балдары да көп сөз кылынат. Серепчилердин айтымында, алар өз өлкөлөрүндө коррупциянын жана тууганчылыктын өнүгүшүнө салым кошуп, бирок кайнатасынын каарына калып калган күйөө балдар дароо "бардык ийгиликтерден" кол жууп калышы мүмкүн.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Атабек Умаров быйыл февралда Ташкенде жол кырсыгына учураган. Ал айдап бараткан мотоциклди башка бир машине сүзүп, Умаровду бетон каркас басып калган. Бул кырсыкта 36 жаштагы Умаровдун буту сынганы айтылууда. Бирок кырсык тууралуу маалымат расмий каттала элек. Мындай окуя Ташкендеги "президенттик шоссе" деп аталган жерде биринчи жолу болуп жаткан жок.

Маалымат белгисиз

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматына жакын булактын айтымында, кырсыктан кийин Ташкенде Умаровго алты сааттык операция жасалган. Андан кийин ал атайын медициналык учак менен Түштүк Кореяга жеткирилип, дагы бир жолу оор операция жасалган. Бирок өзбек президентинин күйөө баласы чет өлкөдө дарыланып жататканы тууралуу расмий маалымат жок.

Отабек Умаров буга чейин Ташкенде түн ичинде катуу ылдамдыкта унаа айдаганы үчүн айыпка жыгылган. Анын унаасы саатына 200 чакырым ылдамдыкта айдаганын көрсөткөн видео тараган, кийинчерээк видео социалдык тармактардан алынып салынган.

Андан кийин көп өтпөй анын кымбат баалуу жол тандабасы кулап түшкөн видео да тараган.

Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Атабек Умаров ошондой эле президенттин жеке жансакчысы. Анын жубайы Шахноза Мирзиёева Өзбекстандын Мектепке чейинки билим берүү министрлигинин бөлүм башчысы.

Орун басар күйөө балдар

Өзбекстандын автократ экс-президенти Ислам Каримов каза болгондон кийин бийликке келген Шавкат Мирзиёев быйыл Конституцияга ылайык экинчи мөөнөткө шайлоого катыша алат.

Өлкөдө реформанын айрым белгилери байкалганы менен, Өзбекстанда сөз эркиндиги чектелген. Мирзиёев, Борбор Азиянын башка көптөгөн президенттери сыяктуу эле жакын туугандарын жогорку кызматтарга тартууга дилгир. Улуу кызы Саида Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин төрагасынын орун басары, ал эми жолдошу Aйбек Турсунов президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары. Анын ар кыл чөйрөдөгү бизнеске дагы тиешеси бар деп көп айтылып жүрөт.

Борбор Азияда "күйөө балдар" гана эмес, алардын туугандары, президенттин кайын-журттары дагы мамлекеттик кызматка оңой киришет. Мисалы, Мирзиёевдин жездеси, мурунку коопсуздук жана ички иштер министри Батыр Турсунов президенттин күзөт командасысынын орун басары. Турсуновдордун үй-бүлөсү өлкөнүн каржы жана коопсуздук күчтөрүн көзөмөлдөп турушат деп айтылып жүрөт.

Кудалар жана туугандар

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жети кыз жана эки уулдун атасы. Рахмондун кыздарынын аты Фируза, Рухшона, Тахмина, Озода, Парвина, Зарина жана Фарзона.

Рахмондун күйөө балдарынын арасында Сохибовдордун үй-бүлөсү айырмаланып турат. Анткени бул үй-бүлөдөн чыккан Махмадзаир менен Шамсулло Сохибовдор Рахмондун эки кызына үйлөнүшкөн. Махмадзаир Сохибов Фируза Рахмонго үйлөнгөн. Ал эми Шамсулло Сохибов Рахмондун башка кызы Рухшонанын күйөөсү. Рухшона Рахмон болсо Тышкы иштер министрлигинде жогорку кызматты ээлейт.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон (оңдо) жана күйөө баласы Шамсулло Сохибов. 2018-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон (оңдо) жана күйөө баласы Шамсулло Сохибов. 2018-жыл.

Ал арада Рахмондун кудалары Зайнулло жана Насрулло Сохибовдор өлкөдөгү курортторго ээлик кылышат. «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) маалыматы боюнча, алар башкарган компаниялардын айрымдары салыктан бошотулган.

Сохибовдордун мунай жана газ өндүрүү, алтын кенин иштетүү, фармацевтика, банк иши, камсыздандыруу, логистика, брокердик кызматтар, ошондой эле мейманкана жана ресторан бизнеси да бар деп айтылып келет.

Шамсулло Сохибовго таандык "Фароз Холдинг" Тажикстанда белгилүү компаниялардын бири. «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) иликтөөсүнө ылайык, "Фароз Холдингдин" ишмердүүлүгү күйүүчү-майлоочу май, банк, медициналык лабораториялар, пайдалуу кендер жана автомектептер сыяктуу тармактарды камтыйт. Бул компания айрым тармактарда монополист катары таанылган. 2018-жылы "Фароз Холдинг" Согди облусундагы алтын кенин чалгындоо жана иштетүү үчүн лицензия алган. Лицензиянын мөөнөтү 2022-жылы бүтөт.

Тахмина Рахмондун күйөөсү Зарифбек Давлатов авиабилеттерди сатуу, курулуш бизнеси, зер буюмдар менен автоунааларды ташып келүү сыяктуу тармактарды көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, Давлатов бажы терминалын көзөмөлдөп, Дүйшөмбүдөгү "Корвон" жана "Фаравон" базарларына жана "Садбарг" соода борборуна ээлик кылганы айтылууда.

Тахминанын биринчи күйөөсү Зубайдулло Гулов болгон. Чуулгандуу ажырашуудан кийин Зубайдулло Гулов бардык мүлкүнөн айрылып, өлкөдөн чыгарылган.

Рахмондун дагы бир кызы Озода президенттик администрациянын башчысы, ал эми анын жолдошу Жамоладдин Нуралиев Улуттук банктын төрагасынын биринчи орун басары.

Рахмондун дагы бир кызы Парвина мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Шерали Гүлдүн уулу Ашрафка турмушка чыккан. Салык комитетинде иштеген Ашраф Гүл учурда дипломат жана Тышкы иштер министрлигинде жогорку кызматты ээлейт.

Зарина Рахмон байланыш кызматынын башчысы Бек Зухуровдун уулу Рамз Зухуровго турмушка чыккан. Зарина "Ориёнбанктын" башчысынын орун басары, ал эми жолдошу Рамз бир нече компаниянын ээси. Ал эми "Ориёнбанктын" директору Хасан Асадуллозода Эмомали Рахмондун кайниси.

Рахмондун күйөө балдарына байланыштуу компаниялар оффшордо жайгашканы, алар ээлик кылган айрым компаниялар көп жылдар бою салыктан бошотулганы айтылып келет.

Дипломат күйөө балдар

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун эки кызы бар. Улуу кызы Гүлжахандын күйөөсү Ыхласгелди Аманов дипломат.

Ыхласгелди Аманов буга чейин Түркмөнстандын Германиядагы элчилигинин биринчи катчысы болуп иштеген. Кийинчерээк Лондондо Түркмөнстандын президентине караштуу Көмүр суутек ресурстарын пайдалануу жана башкаруу агенттигинин бөлүмүн ачкан. Ал Бельгиядагы элчиликте элчинин кеңешчиси, кийин Улуу Британиядагы элчиликте биринчи катчы болгон. Аманов аталган агенттикте иштеп жүргөндө айрым талаш-тартышка кабылган деген маалыматтар бар.

Бердымухаммедовдун кызы Гүлшандын жолдошу Девлет Атабаев Түркмөнстандын президентине караштуу Көмүр суутек ресурстарын пайдалануу жана башкаруу боюнча агенттиктин Европадагы кеңсесин жетектеген жана элчиликтин атташеси болгон.

Ал эми Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаевдин күйөө баласы жок. Бирок 2019-жылы кызматка киришкенде, ал эжесинин күйөөсү Темиртай Избастинди Болгарияга элчи кылып дайындаган. Избастин 1994-жылдан бери дипломатия жаатында иштеп келет. Токаевдин уулу Тимур жана Избастиндин уулу Мухаммед "Аби Петролеум Кепитал" мунай компаниясынын негиздөөчүлөрү.

Темиртай Избастин Казакстандын Болгариядагы элчиси (ортодо).
Темиртай Избастин Казакстандын Болгариядагы элчиси (ортодо).

Мурунку президенттин учурдагы күйөө балдары

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу күйөө баласы Тимур Кулибаев өлкөнүн эң бай адамдарынын бири. "Форбс" журналынын версиясы боюнча, ал жана анын жубайы Динаранын байлыгы 5,8 миллиард долларга барабар. Учурда Тимур Кулибаев мунайгаз жана энергетикалык уюмдарды жетектеген "Kazenergy" ассоциациясын жетектейт жана "Ата Мекен" Улуттук ишкерлер палатасынын президиумунун төрагасы. 2011-жылдан бери орусиялык ири компания "Газпромдун" башкармалыгынын мүчөсү.

Тимур Кулибаевдин аты былтыр жарыяланган "Кытай тарабынан каржыланган мыйзамсыз баюу схемасында" көп айтылып келет. 2020-жылы декабрда "Financial Times" гезити Кулибаев Борбор Азия-Кытай газ түтүгүнүн курулушунан ондогон миллион доллар киреше тапканын жазган. Мындан улам Кулибаев бул маселени иликтөө үчүн Казакстандын Башкы прокуратурасына арыз менен кайрылган.

Тимур Кулибаевге каршы мыйзамсыз баюу схемасынын жарыяланышына Назарбаевдин былтыр каза болгон жээн небереси Айсултан Назарбаевдин коррупцияга байланыштуу айыптоосу түрткү болду деп айтылууда.

Айсултандын атасы Рахат Алиев - Мажилистин депутаты Дарига Назарбаеванын мурунку күйөөсү. Казакстанда төңкөрүш жасоого, кийинчерээк оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаевдин өмүрүнө кол салууга камынган деп айыпталган. Австриянын укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен барган Рахат Алиевдин сөөгү 2015-жылы Вена түрмөсүнөн табылган.

Расмий түрдө жарыяланбаса да, Дарига Назарбаеванын учурдагы күйөөсү Кайрат Шарипбаев "КазТрансГаздын" жетекчиси. Назарбаевдин кичүү кызы, Алия Назарбаеванын азыркы жолдошу Димаш Досанов "КазТрансОйл" компаниясынын башкы директору.

Кайнатадан кийинки кырдаал

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун күйөө балдары өлкөдө ири байлыктарга ээ деп көп айтылып жүрөт. Гүлнара Каримованын мурунку күйөөсү Мансур Максуди Өзбекстанда "Coca-Cola Bottlers Tashkent LTD" компаниясын негиздеген жана башка ири компанияларга ээлик кылган. Ажырашкандан кийин Максуди дагы компанияларынан кол жууган. 2020-жылы Ислам Каримовдун жээн небереси Ислам Каримов бул компаниялар Мирзиёевдин күйөө балдарынын колуна өткөнүн айткан.

Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова жана күйөөсү Тимур Тилляев. 2009-жыл.
Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова жана күйөөсү Тимур Тилляев. 2009-жыл.

Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола жана анын жолдошу Тимур Тилляев Ташкенттеги "Абу Сахий" базарына ээлик кылып, 2018-жылы аны сатышканы кабарланган. Ислам Каримов бийликте турган учурда бул базарга келген товарлардын айрымдары Кытайдан Кыргызстан аркылуу аткезчилик жол менен алынып келинген деп айтылып жүрөт. Маалыматка караганда, Тимур Тилляев Өзбекстанда кайнатасы каза болгондон кийин бир нече ири компанияларын жоготкон.

"Күйөө балдардын айынан бизнес кылуу оор"

Тажикстандык эксперт Абдумалик Кадыровдун айтымында, Борбор Азия президенттеринин күйөө балдарынын таасири жана байлыгы күчтүү, бирок алар өз алдынча иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

"Орто Азияда күйөө балдар чоң үй-бүлөнүн туткунуна айланат. Алар өз алдынча аракет кыла баштаганда, көйгөйлөргө туш болушат" деди Абдумалик Кадыров "Азаттыкка".

Ал Казакстандагы Рахат Алиев, Өзбекстандагы Мансур Максуди жана Тажикстандагы Зубайдулло Гуловдун ишин мисал келтирип "Эң чоң көйгөй Тажикстанда" деди.

"Биринчиден, өлкө лидеринин алты күйөө баласы тең көбүрөөк таасир эткиси келет. Бул Тажикстандын өнүкпөгөн экономикасына кошумча жүк болот. Алардын ортосундагы атаандаштыкты кой, алар башка өлкөлөрдүн башчыларынын күйөө балдары менен атаандашууну каалашат. Көп учурда бизнести тартып алууга аттанышат. Өлкөдө күйөө балдардын айынан таза бизнес жүргүзүү кыйын. Азыр чыныгы ишкерлер өлкөдөн чыгып кетишти", - деди Абдумалик Кадыров.

"Биргелешип тоноо"

Чет өлкөдө жашаган «Тажикстандагы реформа жана өнүгүү» кыймылынын башчысы Шарофиддин Гадоев Борбор Азияда авторитардык лидер бийликке келгенден кийин "сырттан келгендерге" ишенбей, жакын туугандарын өзүнө тартып алат дейт.

"Авторитардык лидерге жат кишиге эмне кылышы керектигин айткандан көрө, өзүнүн туугандарын баш ийдирүү оңой. Мындай лидерлер экономиканын маанилүү тармактарын ээлешет. Ошентип алар өлкөнүн ресурстарынын эсебинен байып жатышат. Биринчиден, жетекчинин көрсөтмөсү менен ири ишканалар салыктардан бошотулат же көбүрөөк жеңилдиктер берилет. Анан жөнөкөйлөтүлгөн экспорттук-импорттук режим орнотулат жана башка артыкчылыктарга ээ болгондор кийинчерээк монополияны орнотушат" деди Шарофиддин Гадоев.

Анын айтымында, Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Тажикстандын президенти жакындарына өлкөнүн ресурстарын бөлүп берүүнүн мыкты үлгүсү болуп саналат.

"Эмомали Рахмондун үй-бүлөсү ушунчалык көп болгондуктан өлкөнүн бүтүндөй байлыгын талап-тоноп жатат. Өлкөнүн бардык экономикалык тармагы анын кыздары, күйөө балдары жана башка жакын туугандарынын ортосунда бөлүштүрүлгөн", деди Тажикстандагы "Өнүгүү жана реформа кыймылынын" лидери Шарофиддин Гадоев.

Ал эми казакстандык саясат таануучу Дос Кошим Чыгыш өлкөлөрүндөгү айрым лидерлер күйөө баланы бир тууганына караганда жакыныраак көрүшөрүн айтат.

"Эгерде алардын уулу жок болсо, анда алар күйөө балдарга үмүт артышат. Бирок алардын күйөө балдарына болгон "сүйүүсү" жалпы элдик байлыкты талап-тоноого алып келет. Күйөө бала тең укуктуу өнөктөш катары да иштей алат. Балким ушул жагынан алганда күйөө балдар Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттерине жакыныраак болушат, - деди Кошим.

Учурда Борбор Азиянын президенттеринин 13 күйөө баласы жогорку кызматтарды ээлешет же чоң бизнеси бар. Мындан тышкары, "алар көзөмөлдөгөн чөйрөлөр аларга жүктөлгөн расмий функциялардын чегинен чыгып кетиши мүмкүн" деген сөз жаңылык деле болбой калды.

"Азаттыктын" казак кызматынын макаласын кыргызча которгон Элвира Будайчиева.

XS
SM
MD
LG