Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Дүйнөлүк банк Тажикстандын ТАЛКО компаниясына ишеним артпайт


Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, эл аралык базарда металлдын арзандап жатышына байланыштуу ТАЛКО компаниясы эки жыл ичинде алюминий өндүрүүнү 270 миң тоннага жеткире албайт. Ишкананын мындай божомолу шек туудура турганы "Тажикстандын экономикасын талдоо" деп аталган баяндамада айтылат. ТАЛКО компаниясынын маалымат катчысы Игорь Саттаров Дүйнөлүк банктын мындай баяндамасы жаңылык эмес экенин “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, өндүрүш боюнча болжол компаниянын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, дүйнөлүк базарды байкоо менен айтылган. Ошол эле маалда шартка жараша өзгөрүшү мүмкүн.

ТАЛКО быйылкы жылдын биринчи жарымында 60 миңден ашуун тонна алюминий экспорттогон, жыл аягына чейин анын көлөмү 1900 миңге жетери күтүлүүдө. 2011-жылда 1 тонна алюминийдин баасы 2400 доллар болсо, былтыр 1900 долларга түшкөн. Быйыл алюминийдин тоннасы 1700 доллардан сатылууда. Кийинки жылы 1500 долларга арзандай турганын Дүйнөлүк банктын талдоочулары божомолдоп жатышат. Он миңдей адам эмгектенген ТАЛКО – Тажикстандын көзгө басар ишканасы. (SE\AKu)

XS
SM
MD
LG