Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Кытайдын Тажикстандагы жашыруун базасы. Бээжиндин көздөгөнү эмне?


Loop video - China military base in Tajikistan

Жоочулардан келген коркунучка камтама болгон кытайлык аскерлер Тажикстанда атайын курулуш жүргүзүп, байкоочу мунараларды орнотту. Алар Ооганстанга багытталган коопсуздук күчтөрүн ушинтип чыңдап жатат.

Вахан коридорунан анча алыс эмес ээн аймакта, Тажикстандын тоолуу бөлүгүндө жана Ооганстандын түндүк-чыгышында Кытай өзүнүн аймактык дымагын жаңы реалдуулукка ылайыкташтырууда.

Кытай аскерлери советтик эски аванпосттордун жанында эң аз дегенде беш жылга калууну пландап турат. Алар бул стратегиялык районду коңшу Ооганстандагы коопсуздукка багытталган Бээжиндин аймактагы күчөп жаткан таасирин билдирген бир нече курулуш жана байкоочу мунаралары менен көзөмөлдөйт.

Бээжин да, тажик өкмөтү да аймакта Кытайдын базасы жана контингенти тууралуу маалыматты расмий четке кагат. Бирок “Азаттыктын” журналисттери комплекстин алыс эмес жерге барганда анын тегерек чети Борбор Азияда, айрыкча Ооганстанды “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) басып алгандан кийин Бээжиндин аймактагы таасири күчөп жатканын көрсөттү.

Ооганстандын дагы, Тажикстандын да азыркы жана мурдагы расмийлери, андан тышкары Кытайдын аскер базасына жакын жашаган тургундар менен сүйлөшүү, эксперттик анализ, журналисттин байкоосу аймактагы коопсуздукту камсыздоодо Кытайдын кубаттуу образын көргөзүп турат.

Бул образ Бээжин үчүн татаалдашып баратат. Кытай тажик өкмөтү менен “Талибандын” алакасы чыңалып турганда ортого түшүүдө.

Аймактык кызыкчылыгын коргош үчүн Ооганстандын жаңы режими менен кызматташуу жолун издеп, бул өлкөдөгү Бээжинди Шинжаңдагы аракеттери үчүн айыптаган уйгур жикчилдерин коркунуч катары кароодо.

Чек араны Кытай менен Тажикстандын аскерлери биргелешип кайтарууда. 17-сентябрь, 2017-жыл
Чек араны Кытай менен Тажикстандын аскерлери биргелешип кайтарууда. 17-сентябрь, 2017-жыл

Ооганстандагы кырдаал Кытай үчүн өтө назик. Террорчулар, алардын арасында уйгур (экстремисттик) топтору менен байланышы бар “Талибан” режими турат. Бирок Бээжин талибдер менен канчалык кызматташууга болот деген маселени карап жатат дейт “Азаттыкка” Фростбург мамлекеттик университетинин Бээжиндин Борбордук жана Түштүк Азия менен кызматташтыгын изилдеген доценти Хайюнь Ма.

Кытай базасы тууралуу айрым өңүттөр, анын ичинде каржылануусу жана курамы, Кытайдын тажик-ооган чек арасындагы миссиясындай эле белгисиз.

Бирок жергиликтүү жашоочулар райондун үстүнөн тынбай учуп турган аскер дрондорун байкап, көзөмөлдөөчү каражаттар жетиштүү экенин кабарлашууда. “Азаттык” учкучсуз учактарды кайсы мамлекет пайдаланып жатканын тактай албады. Бирок аларды колдонуу объектилеринде байкоо күчөгөнүн көргөзүп турат.

Объектиде бир нече жолу болгон эки жергиликтүү тургун “Азаттыкка” атын жашыруу шарты менен ал жерде кытай, ооган жана тажик персоналдар иштегенин, алар келишимге ылайык үч тараптан тең маалымат топтогонун айтып берди.

Бирок “Талибандын” бийликке келиши бул кызматташтыкты бузган. Тажик өкмөтүндөгү атын атабаган булактын “Азаттыкка” айткан маалыматына караганда, Кабулдагы Батыш колдогон өкмөт кулагандан бери объектиде ооган контингенти жок. Анын сөзү боюнча буга чейин ооган аскерлери ар бир эки ай сайын алмашып турчу. Азыр ал жерде кытай жана тажик аскерлери гана калган.

Бээжин азыр Тажикстанда өзүнүн таасирин бекемдеп жатканда Ооганстандагы өзгөрүлмө кырдаал, айрыкча “Талибан” терроризмге каршы күрөштө кызматташабы деген көйгөйгө баш оорутуп жатат.

Кытай келгенге чейинки чек ара аймагындагы аскердик объекттин спутниктен тартылган сүрөтү
Кытай келгенге чейинки чек ара аймагындагы аскердик объекттин спутниктен тартылган сүрөтү

Бээжин ондогон жылдардан бери талибдер менен кээде чыңалган прагматикалык алакасын жөнгө салып келген. Октябрь айынын башында “Азаттык” ооган жана тажик аскер булактарына таянып, талибдер уйгур жоочуларын Ооганстандын Кытай менен чектеш районуна алып келип таштаганын жазган.

Жоочулар экстремисттик деп саналган “Түркстан ислам партиясынын” мүчөлөрү. Бээжин аларды Шинжаңдагы башаламандыкка айыптап, “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” деп атап келет.

"Талибан" 1990-жылдары бийликте турганда уйгур топторуна Ооганстанга келүүгө уруксат берген, азыркы күнгө чейин алар менен байланышты кармайт. Кытай болсо талибдерден жоочулар менен бардык байланышты үзүүнү талап кылып келет.

Күчтөрдүн ташталганы тууралуу кабар “Талибан” менен Бээжиндин ортосундагы координация бекемдеп жатканын билдирет. "Бирок талибдер уйгур жоочуларын кытай бийлигине береби же жокпу белгисиз",- дейт Тажикстандын Чек ара кызматынын ысымын жашыруун калтырууну каалаган өкүлү “Азаттыкка”.

"Кеп, Кытай “Талибанды” ишенимүү өкүл боло алабы деп эсептегенинде. “Талибандын” идеологиясы чектөөлөр болоорун билдирет, Бээжин менен кызматташуу үчүн ал даяр", - дейт Ма.

“Талибандын” негиздөөчүсү Молдо Абдул Гани Барадар (солдо) менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Тяньцзиндеги жолугушууда. 28-июль, 2021-жыл
“Талибандын” негиздөөчүсү Молдо Абдул Гани Барадар (солдо) менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Тяньцзиндеги жолугушууда. 28-июль, 2021-жыл

Кытайдын батыш чек арасындагы пост

Кытай күчтөрүнүн Тажикстанга жайгаштырылышы - Бээжиндин региондогу коопсуздук маселесинде маанилүү ролду ойноого жасаган стратегиялык жана символикалык кадамы. Ошентсе дагы бул аракети Мургабдан 132 чакырым алыстагы аймакта, болжол менен жакынкы шаар, кыштактардан төрт миң чакырымдай аралыктан жасалды.

Бирок бейрасмий база акыркы жылдары президент Си Цзиньпин кол койгон “Бир алкак - бир жол” демилгесинин алдында жүрүп жаткан Кытайдын Борбордук жана Түштүк Азияга экономикалык, саясий таасирин кеңейтүүнүн бир бөлүгү десе болот. Тажик өкмөтү демилгени колдоп, ага өнөктөш болгон.

Ошондой эле Кытай Ооганстан менен чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү менен эки тараптуу аскердик машыгууларын өткөрүп, 2001-жылы Шанхай кызматташтык уюмун түзүп, региондогу аскердик байланыштарын дагы кеңейте баштады. ШКУ – Бээжиндин жетекчилиги алдында түзүлгөн коопсуздук блок. Ага Казакстан, Кыргызстан, Индия, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

Гонконгдук South China Morning Post басылмасынын 2018-жылдагы маалыматына таянсак, Кытай Вахан коридорунда аракеттенген ооган бригадасын каржылап жана даярдаган. Бирок Бээжин “Ооган жергесинде кытайлык аскерлер жок” деп четке кагып, эч кандай машыгуу лагерлерин жана курулуштарды курбаганын айтып чыккан.

Кытайдын коопсуздук жаатындагы кийгилишүүсүн күчөткөнү - бир жагынан инвестицияларын коргоого болгон каалоосуна байланыштуу. Экинчи жагынан, Бээжиндин пикиринде Шинжаңдагы экстремизмге каршы күрөштө Борбор Азия таяныч болуп бериши мүмкүн. Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Кытай өкмөтү Шинжаң боюнча эл аралык олуттуу сынга кабылып, айрым Батыш өлкөлөрүнүн парламенттери “кайра тарбиялоо” деп аталган системаны геноцидге теңеген. Бирок Бээжин өзүнүн репрессиясын бул райондогу ислам экстремизмин жоюу аракети катары актанган.

Муну Тажикстанга аскерлерди жайгаштыруу менен дагы тастыктайт. 2019-жылдагы Washington Post басылмасындагы макалада “базадагы кытайлык персонал Кытайдын башкы аскердик күчү болгон Элдик боштондук армиясынын кызматкерлеринен айырмаланат” деп жазылган. Булар жарым-жартылай аскерлештирилген бөлүктөр болчу. Сыягы, Элдик куралдуу полициядан.

Бул аскерлештирилген бөлүк акыркы жылдары Борбор Азиянын куралдуу күчтөрү менен машыгууларды өткөрүп, өздөрүнүн окутуу академияларына офицерлерди кабыл алды. Элдик куралдуу полиция Шинжаңдагы уйгурларга жана мусулман азчылыктарына каршы репрессияда дагы роль ойноду.

Ооганстан менен Тажикстандын начар корголгон чек араларына байланышкан тынчсыздануу дагы эки өлкө менен Бээжиндин ортосундагы жашыруун келишимди түзүүгө алып келген. 2019-жылдагы American Wall Street Journal гезитинин маалыматы боюнча, бул Кытайга чек аранын тажик тарабындагы мурдатан эле бар заставаларды жаңыртууга же көбөйтүүгө укук берген. Макалада айтылгандарга таянсак, болжоп жаткан келишимде тажик-ооган чек ара тилкесиндеги тажик кесиптештеринин ордун кытайлык персонал алмаштырып, күзөттү өз алдынча жүргүзүүдө.

“Уйгур жоочуларынын жалпы саны көп деле эмес, бирок Кытай аны көбүртүп айтат. Бирок эми бардык жихаддык топтор үчүн Ооганстан магниттей эле тарткан жана баш калкалай турганга потенциалы бар жер болуп калды. Кытайдын кургактагы чек араларынын ишенимдүү корголушуна кызыкдар болууга ар кандай себептер бар”,- дейт АКШнын Мамлекеттик департаментинин мурдагы кызматкери, Тынчтык институтунун Түштүк Азия боюнча эксперти Дэниел Марк.

Кытайдын “террорго каршы согушу”

Кытайдын аскерий стратегдери жана саясатчылар мурдатан эле экстремизмдин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азиядан Кытайга жайылуу коркунучунан катуу тынчсызданат.

2014-жылы президент Си Цзинпиндин өлкөнүн коммунисттик жетекчилеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө, Ооганстан менен Сириядагы чыр-чатак Шинжаңга түздөн-түз таасир этиши мүмкүн экенин жана Кытайга коркунучту күчөтөрүн эскерткен. Бул жашыруун документтер 2019-жылы New York Times басылмасынын колуна тийген.

Синин айтымында, уйгур жоочулары эки өлкөнүн аймагында согушуп, тажрыйба жыйнады. Келечекте Батыш Кытайга келип, өздөрүн Чыгыш Түркстан атаган көз карандысыз өлкө түзүүгө умтулушу мүмкүн.

Кытайдын Элдик боштондук армиясынын аскерлери Кашкардагы машыгууда. 2021 -жылдын январь айы.
Кытайдын Элдик боштондук армиясынын аскерлери Кашкардагы машыгууда. 2021 -жылдын январь айы.

"Кошмо Штаттар Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткенден кийин, Ооганстан менен Пакистандын чек арасында жайгашкан террордук уюмдар Борбор Азияга бат эле кирип кетиши мүмкүн. Сирия менен Ооганстандан аскердик даярдыктан өткөн Чыгыш Түркстандын террорчулары каалаган учурда Шинжаңда террордук чабуулдарды башташы ыктымал”,- деген Кытай лидери.

Дал ушул чочулоолор Бээжинди Тажикстандагы азыркы позицияларды ээлешине түрткү болду деп эсептейт Техас университетинин Борбор Азия боюнча эксперти Эдвард Лемон.

“Тажикстандагы объектилердин курулушу - Кытай өкмөтүнүн Тажикстан менен чек арасынан Ооганстанда жайгашкан уйгур согушкерлери кирип кетиши мүмкүн деген чочулоосуна түздө-түз байланышкан”,- деди Лемон “Азатыкка” берген комментарийинде.

Ондогон жылдар Бээжин уйгурлардын ар кандай формадагы каршылыктарын басып келди. Түпкүлүктүү улуттар Шинжаңдын 25 миллион калкынын көпчүлүгүн түзөт. Анын ичинен саны жагынан уйгурлар басымдуу жана алар көптөн бери маданий жана диний ишмердүүлүгүнө байланыштуу басмырлоого дуушар болгон.

Эгемендикке умтулуу - көп убакыттан бери Кытайдагы жана чет жактарда жашаган уйгурлардын зомбулукка негизделбеген саясий максаты. Бирок мындай каалоо этникалык топко каршы репрессиялар менен бирге радикалдуу кыймылга да түрткү болду. 1990-жылдары Ооганстанда уйгур жоочуларынын тобу ("Чыгыш Түркстан ислам кыймылы") пайда болду. Алар Кытайдан көз карандысыз болуу үчүн күрөшүп, “Талибандан” колдоо тапты.

Бээжин кийинчерээк талибдердин жетекчилигине кайрылып, бул топ менен байланышын үзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Азыркыдай эле, “Талибандын” мурдагы лидери Молдо Омор согушкерлерди башка жакка жылдырып, алардын согуштук аракеттерин чектеген. Бирок алар "Чыгыш Түркстан ислам кыймылынын" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) согушкерлерин кууп чыккан жок жана Кытай бийлигине өткөрүп берген эмес.

Бээжин "Чыгыш Түркстан ислам кыймылын" Кытайдагы кол салууларга көмөктөшкөн деп айыптаган. Бирок 2000-жылдары, айрыкча анын лидери 2003-жылы өлтүрүлгөндөн кийин бул топ тууралуу эч нерсе угулбай калган эле. Кийин 2008-жылы өздөрүн “Түркстан ислам партиясы” атаган топ Бээжиндеги жайкы Олимпиада оюндарында Кытайга кол сала турганын айтып коркуткан видео таратты. “Түркстан ислам партиясы” (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) өздөрүн "Чыгыш Түркстан ислам кыймылынын" мураскерлерибиз деп аташкан. Бирок Кытай радикал топтун мурдагы эле эски аталышын колдонуп жүрөт.

“Түркстан ислам партиясынын” катары Сириядагы жаңжалдан улам көбөйдү. Ал жакка 2014-жылдан тарта Кытайдан качып чыккан миңдеген уйгурлар барышы мүмкүн деп айтылат. Алар Ооганстанга же Кытайдын батышы менен чектешкен башка райондорго өтүп келиши мүмкүн деген кооптонууну күчөттү.

Батыштын расмийлери жана аналитиктер уйгур согушкерлеринин Кытайдын аймагына өтүп, олуттуу чабуулдарды жасоого жөндөмдүү дегенден күмөн санашат. Ошол эле кезде Шинжаңдагы өкмөткө каршы окуялар, анын ичинде 2009-жылдагы этникалык толкундоолор жана 2014-жылдын майында 39 адамдын өмүрүн алган базардагы чабуул Бээжиндин уйгурларга карата репрессиялык чараларды күчөтүшүнө импульс берген.

Бул терроризмге каршы "элдик согуш" формасына өтүп, Шинжаңдагы азыркы "кайра тарбиялоо лагерлери" кеңири системага айланды. Чет жактарда бул дүйнөдөгү уйгурларды кысымга алуу, аңдуу, коркутуу жана экстрадициялоо өнөктүгүнө алып келди.

Июнь айында “Борбор Азия боюнча Оксус коому” жана “Уйгурлардын укугун коргоо долбоору” жарыялаган баяндамада, 1997-жылдан бери кеминде 395 уйгур Кытайга экстрадицияланган же кайтарылганы айтылат. Чыныгы сандар мындан көп болушу мүмкүн.

Катаал өнөктөштөр

Кытай Тажикстанда расмий түрдө жайгашпагандан кийин аскердик коркунуч катары көңүл чордонунда болот, Бээжиндин объектилер жана контртеррористтик жүрүшү Орусия менен татаал геосаясий алакага жана “Талибан” менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы чыңалган абалга да байланыштуу.

Советтер Союзу урагандан кийин Орусия өзүн Борбор Азиядагы коопсуздук кепилдиги катары сактап калган, Кремл Кытайдын экономикалык өзгөчөлүгүн аргасыз моюнга алганы менен чөлкөмдү өзүнүн таасир этүүчү бөлүгү катары карайт.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүнүн чет жакасында Москванын жети аскер базасы бар. Орусия “Талибан” бийликке келгенден кийин бул өлкөдөгү күчүн танк жана оор куралдар менен бекемдей баштады. Москвага чагым салуудан чебердеген Бээжин Тажикстандагы өз таасирин кеңейтүүдө өтө кылдат иш жүргүздү.

Полиция кызматкерлери Шинжаңдын Кашкар шаарындагы мечиттин алдындагы аянтта күзөтүүдө. 3-май, 2021 -жыл
Полиция кызматкерлери Шинжаңдын Кашкар шаарындагы мечиттин алдындагы аянтта күзөтүүдө. 3-май, 2021 -жыл

2017-жылы Бээжиндеги өнүгүүнү изилдеген, өкмөт менен байланышы бар изилдөөчү борбор орусиялык бир нече көрүнүктүү изилдөөчүлөрдү Кытайдын Тажикстандагы коопсуздук күчтөрүнүн реакциясын көргөзүү үчүн кабыл алган.

Алардын арасында Москвадагы Карнеги борборунун улук илимий кызматкери Александр Габуев да болгон. Ал "Азаттыкка” жабык өткөн кечеде Кытайдын аскердик катышуусун чечмелөөгө багытталганын билдирди. Иш-чарада Кытайдын максаты аскердик база түзүү эмес, логистика жана мониторинг менен камсыздоо экени айтылган.

"Бул негизинен Москва Кытайдан Тажикстанга байланыштуу эмнени алат деген Кремлдин айрым бир суроолорго позициясын байкоо болгон", - дейт Габуев.

Ал катышуучулардан Орусияга жалданма аскерлер же расмий кытай персоналынын кимиси пайдалуу экенин сурашкан.

Кытай жана Орусия Ооганстандан тарап аткан бейстабилдүүлүктөн, өлкө террористтер үчүн плацдарм болуп калышынан чочулашууда. Андыктан Кытай аскерлерин Борбор Азияга алып келүү башында Кремлге жагымсыз окуя болгонун белгиледи Габуев.

"[База] Орусия үчүн күтүлбөгөн жагымсыз белек болду, бирок Москва Кытайдын аскердик таасири Тажикстан тарабынан токтотуларын билет. [Кремл] Кытай аймакта кеңири кулач жайышын каалабайт, бирок Кытай ал жерде болгондон кийин кызматташууга аракет кылат".

Кытай жана Орусия буга чейин Ооганстандын айланасында күчүн бекемдөөгө умтулуп келет жана “Талибан” менен этияттап алака түзүүдө, бирок Кабул менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы чыңалуу курчуган сайын Бээжиндин аймактагы дымагын мындан да татаалдаштырууда.

Тажикстандын автократ президенти Эмомали Рахмон талибдерди ооган элине “ырайымсыз зомбулук” көрсөтүп жатканына айыптап, Ооганстандын этникалык ар түрдүүлүгүн эске албаган талиб өкмөтүн сынга алган. Дүйшөмбү андан тышкары бир нече качкын саясатчыларды жана талибдер августта кулаткан мурдагы ооган өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн кабыл алган.

"Бул аракеттер эки тараптын алакасын солгундатып, чек арадагы зомбулуктун пайда болуу ыктымалдыгын жогорулатты. Дүйшөмбүдөгү чиновник Ооганстандагы талибдердин катарында согушкан этникалык тажиктер Тажикстанга өтүүнү пландап, курал чогултуп жатканын укканда айгай салды", - деп жазган “Азаттык”.

Мындан кийин талибдердин премьер-министринин орун басары Салам Ханафи Тажикстанды Ооганстандын ички ишине кийлигишпөөгө чакырып, “ар бир аракеттин кесепети болорун” эскерткен.

Чыңалуу Кремлди да кыймылдоого түрттү, Москва коңшу Ооганстандан кол салуу болсо Тажикстанды коргоого даяр экенин билдирди. Лемондун айтымында, учурда эки тараптын аскердик кагылышуусу анчалык деле курч эмес, кошумча чыңалуунун болушун Бээжин да каалабайт.

"Эгер кытайлык аскерлер жайгашкан жерге жакын аскердик аракеттер башталса, Кытай кыйын абалга кептелиши мүмкүн", -дейт ал.

Жаңы доорго даярдык

Ооганстандын батышында жайгашкан Кундуз шаарындагы Гозар-и-Сайед-Абад мечитинде 8-октябрда болгон терактта 50дөй адам набыт болуп, 150дөй адам жараат алды. Бул өлкөнү АКШ баштаган эл аралык күчтөр таштап чыгып кеткенден кийинки эң чоң кандуу чабуул болуп калды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Талибан” режимине каршы чыгып келген “Ислам мамлекети Хорасан” террористтик тобунун Ооганстандагы бөлүгү алды.
Топтун расмий пропагандалык органы болгон Amaq жаңылыктар агенттиги жанкечти уйгур жоочусу болгонун жарыялады. Ал Ооганстандан уйгурларды сүрүп чыгарып жана куугунтукка алганы үчүн ушул кадамга барганын билдирди.

Аналитиктер жанкечтинин тек-жайы көз каранды эмес булактар тарабынан такталбаса да, жаңы Ооганстандагы терроризмге каршы күрөшкүсү келген Кытай үчүн окуялардын өнүгүшү орчундуу маселе бойдон каларын белгилешет.

Тажикстандагы база жана Бээжиндин аракети Кытай чек арасындагы коопсуздукту сактоо жана өлкө ичинде жоочулардын чабуулун азайтууга багытталган. Бирок Кытайдын өзүнө кол салуу жоочуларга кыйын болгондуктан, алар Кытайдын Борбордук жана Түштүк Азиядагы объектилерин бутага алууда.

Бишкектеги Кытай элчилигинин алдында болгон жардыруудан кийинки сүрөт. Кыргызстандын коопсуздук кызматкери тургундарды элчиликке жакын барбоого чакырып жатат. 30-август, 2016-жыл
Бишкектеги Кытай элчилигинин алдында болгон жардыруудан кийинки сүрөт. Кыргызстандын коопсуздук кызматкери тургундарды элчиликке жакын барбоого чакырып жатат. 30-август, 2016-жыл

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2016-жылы Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги жанкечтинин жардыруусу уйгур жоочусу тарабынан ишке ашырылганын билдирген. Жардырууга буйрутма бергендер “Аль-Каиданын” бир бөлүгү саналган “Жабхад ул-Нусра” тобунун мүчөлөрү экени маалымдалган. Ошол эле маалда өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топ 2017-жылы Бээжинде кытайлык эки мугалимдин уурдалып, өлтүрүлүшүнө жоопкерчилик алган.

Бээжин Кытай-Пакистан экономикалык коридорунун алкагында инфраструктурасына 60 миллиард долларга жакын инвестиция салган Пакистанда дагы июль жана август айларында кытайлык жумушчуларга ар кандай топтор тарабынан кол салуулар болгон.

Кундуздагы жардыруу жана кытайлык объектилерге багытталган чабуулдар региондо согушчан топтордун саны өсүп жатканын көрсөтөт.

Бул окуялар “Талибанды” терроризмге каршы күрөштө кызматташууга түртүп жаткан Бээжиндин алдында катаал жол турганын көрсөтүп турат.

Манын айтымында, "Кытайдын талабы менен талибдер уйгур жоочуларын активдүү куугунтукка алса, уйгурлар “коркунучту сезип, “ИМ” сыяктуу башка өнөктөштөрдү табууга умтулушу мүмкүн”.

Рид СТЭНДИШ

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG