Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Нур-Султан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди


Казакстан президентинин атайын өкүлү Ержан Казыханов (солдо) Абдул Гани Барадарга беш миң тонна гуманитардык жардам сертификатын тапшырды.
Казакстан президентинин атайын өкүлү Ержан Казыханов (солдо) Абдул Гани Барадарга беш миң тонна гуманитардык жардам сертификатын тапшырды.

Казакстан Кабулга атайын делегация жөнөттү. Анда казак аткаминерлер Ооганстанга гумжардам жеткирүү өнөктүгүн талкуулашканы кабарланды. Ошондой эле, "Талибандын" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) өкмөт башчылары коңшу Өзбекстан жана Түркияга барып кайтышты.

Дүйшөмбүдө казак дипломаттары гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Ооганстанга барышты. Бул тууралуу КазТАГ маалымат агенттиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме жасоо менен жарыялады.

"Бүгүн Казакстандын президентинин эл аралык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Ержан Казыханов баштаган казак делегациясы Кабулга иш сапары менен барды. Сапардын жүрүшүндө Казакстандын Ооганстан элине гуманитардык жардам берүү, соода-экономикалык байланыштарды калыбына келтирүү маселелери талкууланат", - деп жазат КазТАГ.

Жолугушууда Казыханов Казакстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары "беш миң тонна ун" берерин айтып, Казакстан өндүргөн QazVac вакцинасын сунуштады.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан кабарда "Талибан" деген сөз колдонулган эмес. Расмий баяндамада Муттаки "Ооганстандагы өткөөл өкмөттүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу" деп аталган.

Ал эми Талибандын расмий өкүлү Забиулла Мужахид "Твиттерде" "Казыханов талибдер тарабынан дайындалган Ооганстандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолукту" деп жазды.

Бул расмий Нур-Султандын "Талибан" өкмөтү менен болгон биринчи байланышы эмес. 26-сентябрда Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Эсенгелдиев Кабулда Амир Хан Муттаки менен жолугушкан болчу.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан Ооганстан менен ишкердик мамиле түзүүгө даяр экенин айткан. Ошондой эле, коңшу Казакстан Ооганстандан 35 этникалык казакты мекенине кайтарган. Казак бийлиги аларга "кандаш" деген макам берип, өлкөнүн беш аймагына көчүрүп, материалдык жардам көрсөткөн.

Ал ортодо "Талибандын" өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи баштаган делегация 16-октябрда Өзбекстандын Термез шаарына келди. Талибдер 15-августта Ооганстанда бийликти басып алгандан бери жогорку даражалуу өкүлү алгач ирет Өзбекстанга сапар жасады.

Абдул Салам Ханафи.
Абдул Салам Ханафи.

Ханафи менен сүйлөшүүлөрдү өзбек тараптан премьер-министрдин орун басары - инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жетектеди.

Өзбекстандын расмий маалыматына ылайык, Ханафинин сапары буга чейинки макулдашууларды ишке ашырууну көздөйт.

Буга чейин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 7-октябрда Кабулга жумушчу сапар менен барып, бир катар макулдашууларга кол коюлган эле. Камилов анда "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен да жолугушкан.

"Талибандын" Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ал жолугушууда транзит, энергетика жана соода маселелери талкууланган.

Эске салсак, Термезге барган Абдул Салам Ханафинин теги өзбек. Буга чейин "Талибандын" Катардагы кеңсесиндеги жетекчилердин бири болгон.

Талибдер түзгөн ооган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки жетектеген делегация Катардын баш калаасы Дохада АКШнын жана Евробиримдиктин дипломаттары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин 14-октябрда Түркиянын башкалаасы Анкарага барды. Муттаки тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Дин иштери башкармалыгы жана "Түрк кызылай" коомунун жетекчилери менен жолугушту.


Ал эми Анкара Ооганстандагы гуманитардык кризисти жөнгө салууга көмөктөшүүгө даярдыгын, бирок "Талибандын" бийлигин (Кыргызстанда тыюу салынган) расмий түрдө тааныбай турганын, ооган-түрк мектептери ишке киришүүсү керек экенин билдирди. Бул тууралуу түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу басма сөз жыйынында билдирди.

"Биз ушул күнгө чейин эл аралык коомчулукка "Талибан" бийлиги менен байланыш куруунун маанисин түшүндүрүп келдик. Азыр эл аралык коомчулук да ушул позицияда турат. "Талибандын" бийлигин таануу башка, байланыш куруу башка нерсе. Биз батыш өлкөлөрү сыяктуу куру убадалардан алыспыз. Ооганстанда "Маариф" фондунун 50 мектеби бар, алардын 14ү кыздар үчүн ачылган. Бул мектептердин толук ишке киришүүсү керек экенин эскерттик", - деди Чавушоглу.

Ал ошондой эле, буга чейин жабык турган Түркиянын Мазари-Шариф жана Гераттагы консулдугунун ачылышы талкууланганын кошумчалады.

Анкара муну менен катар Кабулдун аэропортунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн көптөн бери көздөп жүргөн дымагын да талибдерге билдирди.

Аэропорт учурда жабык турат. Бирок сентябрдын башында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык аба кызматы Ооганстанга гуманитардык жардамды жеткирүүнү жандантты. Жүргүнчү аба каттамы азырынча Пакистандын борбору Исламабад менен Ооганстандын Кандагар жана Мазари-Шариф шаарларынын ортосунда гана жүрүп жатат.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 7-октябрдан 9-октябрга чейин УКМКнын атайын экспедициялык тобу Кичи жана Чоң Памирде жашаган кыргыздарга Тажикстан аркылуу барып, азык-түлүк жеткирген. Коопсуздукту сактоо максатында өкмөт бекиткен тизме боюнча керектүү жардам Ооганстандын өзүнөн сатып алынган.

Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттерден Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан "Талибан" менен мамиле куруу зарыл деген турумду билдирген. Тажикстан талибдер түзгөн өкмөттү тааныбай турганын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG