Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Путиндин чочулаткан билдирүүсү


Орусиянын президенти Владимир Путиндин КМШга кирген мамлекеттердин атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушуусу.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин КМШга кирген мамлекеттердин атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушуусу.

Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстандын түндүгүндө "Ислам мамлекети" террордук тобунун эки миңдей жоочусу топтолуп жатканын билдирди.

Анткен менен "Талибан" өкмөтү муну жокко чыгарып, жаңы ооган бийлигин таануу кечеңдеп жатканы - Ооганстандагы террорчул топторго шыкак бергенин жарыялады.

Жолугушуу алдындагы чукул билдирүү

Өткөн жуманын соңунда КМШнын атайын кызматтарынын башчылары менен видео жолугушууда Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстандагы курч кырдаал Борбор Азияга жана Орусиянын өзүнө да таасир этиши мүмкүн экенин айтты.

Путин Борбор Азия менен чектешкен Ооганстандын түндүгүндө жоочулар топтолгону тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди.

Москва. Владимир Путин, Орусиянын президенти.
Москва. Владимир Путин, Орусиянын президенти.

"Биздин маалыматтар боюнча Ооганстандын түндүгүндө "Ислам мамлекети" террордук уюмунун эле мүчөлөрү эки миңге чукул. Анын лидерлери Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Орусиянын аймактарына таасир этүүнү көздөйт. Алар диний жек көрүүнү күчөтүп, диний-этникалык негиздеги чыр-чатактарды курчутууга багытталган. Террорчулар КМШнын аймагына кирип, жайгашууга умтулуп, айрыкча качкындар кейпинде кирүүгө аракеттенет. Талибдер түзгөн өткөөл өкмөт, тилекке каршы, ооган коомунун бардык катмарын чагылдырбайт", - деди Путин.

Орусиянын президентинин мындай билдирүүсү бул жумада “Талибан” өкмөтү менен Москвада өтө турган сүйлөшүүлөрдүн алдында айтылды. Буга чейин Путин Ирак менен Сирияда согуштук тажрыйба топтогон жоочулардын жоон тобу Ооганстанга барганын айткан эле.

Ооган-тажик чек арасындагы абал

Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жогорудагы жыйында ооган-тажик чек арасындагы кырдаалга баа берди.

“Биз Ооганстандан Тажикстанга өтүүнү көздөгөн тараптардын кысымын сезип жатабыз. Биздин өлкөдөгү ооган качкындарынын саны 15 миңден ашты. Күндө 500-600 адам тажик-ооган чек арасын кесип өтүү ниетинде турат. Ошондой эле, маңзат, курал-жарактардын жана ок-дарылардын аткезчилиги күчөгөнүн байкап жатабыз. Ошондуктан азыр Тажикстан күнү-түнү иштеп, 24 саат бою даяр тургандай абалда”, – деди Ятимов.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги "Талибанды" Ооганстандагы террордук коркунучтарга каршы күрөшүүгө чакырган. Ошондой эле, Путиндин Ооганстандын түндүгүндөгү террордук топтор тууралуу билдирүүсү Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн негизги маселесине айланчудай. Анткени буга чейин Тажикстан "Талибан" кыймылы Ооганстандын түндүк чек араларын көзөмөлдөөнү тажик талибдеринен турган жоочулар тобуна тапшырганын билдирген.

"Талибандын" төгүндөөсү

Бирок "Талибан" өкмөтү Ооганстандын түндүгүндө "Ислам мамлекети" террордук тобунун бөлүктөрү жайгашканы тууралуу Москванын маалыматын жокко чыгарды. Анткен менен "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки эл аралык коомчулуктун жаңы бийликти тааныбай жатканы кырдаалды курчутуп жатат деп айтты.

Ооганстан. Амир Хан Муттаки, "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу.
Ооганстан. Амир Хан Муттаки, "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу.

"Ооганстандын жаңы бийлигин тааныбоо фактысы биринчи кезекте "Ислам мамлекети" террордук уюмуна пайдалуу. Эл аралык бул жагдайда кырдаалды көзөмөлдөп, ооган элине жардам берүү демилгесин көтөрүп, бирок ошол эле кезде биздин өкмөттү тааныбай турат. Бул нерсе "Ислам мамлекети" террордук уюмунун баш көтөрүүсүнө өбөлгө түзүүдө. Бул Ооганстандын дагы жана дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин кызыкчылыгындагы иш эмес", - деди Муттаки.

19-октябрда Москвада “Талибандын” делегациясы менен Орусиянын, Кытайдын, Пакистандын жана Ирандын өкүлдөрү жолугушат. Анда Ооганстандагы кырдаал талкууланып, талибдер жаңы бийликти таанып, гуманитардык жардам сурай турганы айтылган.

Бирок Москва “Талибандан” терроризмге каршы күрөшүү кепилдигин алууну көздөп жатканы сөз болду.

Москвадагы бул жолугушуу Ооганстанда шииттердин мечиттеринде жардыруулар уюштурулуп, ондогон адам көз жумган учурга туура келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG