Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Кыргыз-тажик чек арасы: кирип-чыгуу тартиби өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстандагы чек ара бекети.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети май айынан бери бир тараптуу жабык турган кыргыз-тажик чек арасындагы кирип-чыгуу тартибин өзгөрттү. Ага ылайык, студенттер, мугалимдер, этникалык кыргыздар, дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрүнө жеңилдик каралган.

Чек ара кызматы Министрлер кабинетинин буйругу менен кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду-автожол”, “Кайрагач-автожол”, “Кызыл-Бел-автожол”, “Бордөбө-автожол” жана “Карамык-автожол” бекеттеринде товар жана адамдардын өтүүсүнө чектөө коюлганын эске салып, кайсы учурда гана уруксат берилерин белгилеген.

Кимдерге уруксат берилди?
  • Мекенине кайтып келе жаткан кыргыз же тажик жарандары;
  • Кыргызстан жана Тажикстандагы расмий дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргызстанда жайгашкан эл аралык уюмдардын кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү. Алардын кирип-чыгышы Тышкы иштер министрлигине алдын ала кабарланышы керек;
  • Чет мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын делегациясы. Алардын кирип-чыгышы Тышкы иштер министрлигине алдын ала кабарланышы керек;
  • Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык келген этникалык кыргыздардын иммиграциясы;
  • “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо” долбооруна тартылган тажик жарандары. Аларга Кыргызстандын Энергетика министрлигине өтүнүч бериши керек;
  • Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуган же иштеген тажик жарандары. Алар кирүү үчүн алдын ала Кыргызстандын Билим жана илим министрлигине өтүнүч жөнөтүшү керек;
  • Тажик жарандыгы бар кыргыз жарандарынын жашы жете элек балдары;

УКМК коңшу өлкөдөн Кыргызстанга уруксат берилген жогорудагы чек ара бекеттери аркылуу гана кирүү керектигин эскертти. Бул тизмедегилер өз тармагы боюнча тиешелүү министрликтерге алдын ала маалымат берип, анан өтө алышат.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев буга чейин бир нече жолу элден кайрылуулар болгондуктан бул чечимди көпчүлүк жакшы эле кабыл алды дейт.

“Бул кабарды биздин аймакта тургундар жакшы эле кабыл алды. Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздардын жана башка зарыл болгон жарандардын муктаждыгы чечилип жатат. Бизге буга чейин да кайрылышкан эле”.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, транзит аркылуу өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Андан кийин "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" делип эки өлкөнүн күч кызматтары бири-биринин жарандарын кармап, жоопкерчиликке тарткан учурлар катталды.

"Кырдаалды жеңилдетүүгө ташталган кадам"

Кыргызстанда жогорку окуу жайда 3-курста окуп жаткан тажикстандык Зайналусмон болсо чек аралардын студенттерге жолтоо болбогону жакшы дейт. Анын айтымында, эки жылдан бери пандемия, андан кийинки чек ара маселесинен улам Кыргызстандагы курсташтарын көрө элек.

“Албетте, азыр билим алган студенттер үчүн маселе чечилгени жакшы. Калган мамилелер да калыбына тез арада келет деп үмүт кылам. Эки тараптуу мамилелердин салкындашы билимге жолтоо болбошу керек. Билимде чек ара жок да. Негизи эле эки өлкөнүн мамилеси мурдагыдай калыбына келип, ордуна түшүп, баары жакшы болсо дейм”.

Чек ара маселелерин бир жактуу чечип алганга чейин чек арадагы алаканы такыр жандандырбай, экономикалык, башка да кызматташтыкты токтотуп туруу талабы баткендиктер арасында көп айтылган. Бирок чек арадагы кырдаалдан кыйналгандарды да эске алыш керек. Кайсы бир күнү мамиле кайра калыптанышы зарыл дейт Баткенде чек ара маселелерин иликтеп жүргөн Хаитали Айкынов.

"Эми баткендиктер арасында чек араны ачпай туруу талабы көп эле айтылган болчу. Бирок азыр жеңилдик каралган катмардагы кишилер үчүн эч ким нааразы болбойт. Баары бир мамилелер калыбына келип, кайра мурдагыдай жашоо уланышы керек да. Ал эми бул аракет ошол чыңалууну женилдетүүгө арналган кадам десек болот. Бул жакшы көрүнүш".

"Маселе чала чечилбесе..."

Абалдын өзгөрүшү биринчи кезекте Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар үчүн маанилүү. Анткени пандемияга байланыштуу 2020-жылдын март айында эки өлкө чек арадан каттам шарттарын оорлоштургандан бери тууган-урук катыша албай калышкан. Ага карабай Кыргызстандын төрт жараны чек арадан тажик күч кызматтарына кармалып, беш жылга чейин эркинен ажыратылды.

Тажикстан менен чек арада жашап, соода менен алектенген Ниязбаба Набиев “Азаттыка” курган маегинде калктын мамилесин, карым-катнашын калыбына келтиребиз, жашоо шартты жеңилдетебиз дешсе чек араны биротоло ачып коюш керектигин билдирди.

“Биз үчүн эң башкы маселе - мамиле. Ошондуктан биротоло ачып коюш керек. Карапайым эки эл өзү мамилени куруп алат. Анткени, бири-бирине муктаж. Чек араны ортодо көзөмөлдөйбүз, бири-бирине жараша мамиле кылабыз дегендер бузат. Толук эле ачып коюш керек”.

Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын өкүлү, аларга укуктук жардам берип жүргөн жазуучу Аким Кожоев шарттарын эки тарап так аныктап, анан чечим кабыл алышса деген пикирде. Анткени буга чейин да маселелер чала чечилип, элде түшүнбөстүк жаралган.

Аким Кожоев.
Аким Кожоев.

“Албетте, чек аранын ачылганы жакшы. Анткени эки жылдан бери карантин башталганы эки тараптагы туугандар бири-бирине катташа албай турат. Ар кандай учурлар болот экен. Кабарлашып, катташып турушубуз керек экен. Сентябрдын соңунда ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемеси менен этникалык кыргыздарга чек арадан каттаганга уруксат берилди дешкен. Ал жактан туугандарыбыз келсе, Тажикстандын чек арасынан чыгарбай койгон. Ошондой учурларды эске алып, так чечип бериш керек”.

Баткенде 28-30-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын толугу менен бир тараптуу жапкан. Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы жылдык маалымат жыйынында чек ара толук такталмайынча ачылбай турганын билдирди. Ошондой эле чек ара маселесин чечүүдө негизги көйгөйлөрдү атаган.

Андан кийин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык иш топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эки тараптын мурда жетишилген макулдашуусуна ылайык, жолугушуу 5-9-октябрда Кыргызстандын Исфана шаарында уюштурулду.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG