Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:33

Бийлик чек араны чечүүгө жолтоо болгон себептерди атады


Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасындагы Максат айылы

Президент Садыр Жапаров мамлекет башына келгени өткөргөн алгачкы маалымат жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоого тоскоол болуп жаткан үч маселени атады.

23-октябрдага маалымат жыйында Баткенден келген журналист Мамажан Бердишев “май айындагы жаңжалда чечилбеген чек аранын айынан 36 кыргызстандык каза болду, эми дагы канчасы каза болушу керек?” - деген суроо узатты.

Садыр Жапаров айтымында, чек ара маселелерин тез арада чечүүгө тоскоол болгон талаштуу үч маселе бар.

“Мен чек араны бүгүн кол коюп чечкенге даярмын. Бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюнчук маселе эмес экен. Ооба, апрель айында Тажикстан менен кагылышууда 36 жараныбыз өлдү. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Өзбекстан менен чек арабызды тактап алып, анан Тажикстанга өтөлү дегенбиз. Ал жерде үч талаштуу маселе бар. Биринчиси, Төрт-Көчө деген жердеги 275 метр жер, экинчиси, Ворухка кеткен жол. Үчүнчүсү, Баткен менен Лейлек районундагы талаш жер".


Жапаровдун пикиринде, чек ара боюнча орток пикир табууга тоскоолдук кылып, талаш жараткан документтер бар.

Президент чек араны тактоо сүйлөшүү жолу менен акырындап алдыга жылып жатканын, Кыргызстан эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен маселени чечүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. Андан тышкары Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында 210 миң гектар жер жана Мургаб району тууралуу да маселелер козголуп жатканын ачыктады.

Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров кол койгон протокол кедергисин тийгизип жатканын белгиледи. Президенттин бул айтканына Мадумаров комментарий бере элек.

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Ал буга чейин “Азаттык” менен болгон маегинде аталган протоколдун "укуктук күчү жок" деп түшүндүргөн.

"Протокол деген экөөбүз келишип, мен сиздин кызыңызга барып сөйкө салып коем да. Ошол сөйкө салганым протоколдон жогору турат. Себеби, сөз берилди деген сөз. Бул протокол үмүт - деген. Бул ишке андан ары карай кетели деген".

Баткен облусунун мурдагы жетекчиси Султанбай Айжигитов чек ара боюнча кол коюлган келишим, протоколдордогу милдеттемелердин аткарылбаганы адатка айланып калганын белгилейт. Анын пикиринде, акыркы 10 жыл аралыгында мурда-кийин талаш жаратпаган аймактар кантип талаштуу тилкелердин катарына кирип калганын да иликтеш керек.

Султанбай Айжигитов
Султанбай Айжигитов

"Протоколдор көп. Бирок алардын аткарылышы, көзөмөлдөнүшү боюнча иш жакшы болбой, жаман тенденция пайда болду. Маселе 275 метр жер боюнча эле эмес да. Аны айткандан кийин калгандарын да айтыш керек. Андан башка да маселелер бар. Мисалы, Ворух анклавынын айланасында талаштуу тилкелер дээрлик жок болчу. Азыр көп жер талаштуу деп калыптыр. Алар кантип талаштуу аймакка кирип калды, ошону да иликтеш керек".

Чектеш айылдарда турмуш шартты оңдоо, элдин туруктуу жашап турушуна көмөк көрсөтүү да чек ара маселесин чечүүнүн бир жолу экени белгилүү. Баткендин биринчи губернатору Мамат Айбалаев ушундай пикирди кармангандардын бири.

Мамат Айбалаев
Мамат Айбалаев

"Ошол 275 метр жердин айланасы мурда бош жаткан жер болчу. Головнойго чейин эч ким жок эле. Азыр эми кошуналар канчалаган жерди иштетип жатышат. Ал жерлерди алмашуу, тактоо ишин жүргүзүш керек. Убакыт өткөн сайын маселе тереңдей берет. Оорлошуп кеткенден кийин чечүү да кыйындайт. Алмашып, тийиштүү жерлерден элди да көчүрүш керек. Анан экономикалык жактан маани бериш керек. Антпесе, чек ара айылдарынан эл көчүп кете берсе, кошуналардын калкы көбөйө берсе, чек ара маселеси дагы да татаалдашат. Анан Лейлек району, Сүлүктү шаары анклавга айланат. Андан көрө экономикалык жактан колдоп, жаңы жерлерди өздөштүрүп, суу чыгарып, жумушчу орундарды түзүп, элди ошол жерде кармап калышыбыз керек. Чек ара дегенибиз менен миңдеген гектар жерлер мамлекеттин бүтүндүгү деп мамиле жасалышы керек. Президент туура маселе айтты. Бирок дагы да терең караш керек. Чечкиндүү кадамдарды жасаш керек".

Садыр Жапаров маалымат жыйынында Баткен облусун өнүктүрүүгө, социалдык мекемелер, жол, суу боюнча да каражат бөлүнүп жатканына токтолду.

Кыргызстанда бир жылда аскердик техниканы жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 млн. доллар бөлгөнүн, бул коопсуздук үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.

Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасы 970 чакырымга созулат. Анын 519 чакырымы буга чейин эки тараптуу такталып, макулдашылган. Акыркы эки жылдан бери токтоп калган өкмөт аралык комиссиянын отуруму быйыл апрель айынын соңундагы куралдуу жанжалдан кийин жанданып, 48 чакырымдан ашык жер боюнча макулдашууга жетишилгени айтылды.

2020-жылга чейин Кыргызстан менен Тажикстан аралашып жайгашып калган 25 гектардай жерди бир жаңсыл алмашуу боюнча да сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калганы кабарланган. Андай жерлер ошол эле чуулгандуу Көк-Таш, Самаркандек, Арык-Асты участокторунда жайгашкан.

Андан кийин Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарындагы жерлерди алмаштыруу маселелери да каралмакчы болгон. 2020-жылы пандемиядан улам эки тараптуу сүйлөшүүлөр да токтоп, андан кийин октябрдагы бийлик алмашуудан кийин эки тараптуу жумушчу топтун жолугушуулары башталып жатканда Баткенде куралдуу кагылыш чыккан. Бул окуядан кийин эки тараптын чек араларды тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиясынын жыйындары өттү. Жумушчу топ ар ай сайын эки өлкөдө кезеги менен жыйынга чогулуп жатат. Топтун июль айындагы жыйынынан кийин 40 чакырым чек ара боюнча мунаса табылганы айтылган. Тараптар ортосунда чек араны тактоо боюнча иштер 2002-жылы башталган.

Талаштуу чек аранын айынан Кыргызстан менен Тажикстандын чегинде чыр-чатак байма-бай болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Жакында гана Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттер үчүн чек ара ачылды.

Ал эми жалпы каттамдарды калыбына келтирип, чек араны ачуу делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктагандан кийин карала турганын президент Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында айтты.

Чек ара: Таш-Тумшуктагы жаңжалдын тагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:29 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG