Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Баткен: өкмөт ишкерлерге жеңилдик убада кылды


Чек арадагы Ак-Сай айылынын тургундары. 27-май ,2021-жыл.
Чек арадагы Ак-Сай айылынын тургундары. 27-май ,2021-жыл.

Кыргыз өкмөтү Баткенде ишкерлик кылгандарга бир катар жеңилдиктерди убада кылды. Салыктардан тышкары экономикалык мыкты долбоорлорго салынган инвестиция үчүн мамлекеттик кепилдик берилери айтылды.

Ишкерлерге түзүлө турган шарттар жана жеңилдиктер чек ара айылдарындагы жумушсуздукту кыскартып, тышкы миграциянын агымын басаңдатат деп үмүт арткандар болууда.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

"Ишкерликти баштап жаткандар үчүн жергиликтүү бийлик жана өкмөт тарабынан тоскоолдуктар толугу менен жоюлуп, эл аралык талаптарга дал келе турган долбоорлорду даярдоого каржылык колдоо болот. Жеке инвестицияга мамлекеттик кепилдик үчүн да каржы бөлүп жатабыз", - деди Баткенде өткөн инвестициялык форумга катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров.

"Өзгөчө инвестициялык режим киргиздик. Министрлер кабинети Баткендин инвестицияларына Мамлекеттик кепилдик берүүгө даяр. Технологиялары "Евростандарт-5" талаптарына жооп берсе, Кытай базарына да чыга ала тургандай болот. Буюрса, жаңы жылга чейин Финансы министрлиги он чакты долбоорго кепилдик берет".

Мындан ары Баткен облусунун чек ара аймагында ишкердик жасоо үчүн катталгандардан салыктын төрт түрү алынбайт. Тагыраагы, жер, мүлк, пайда жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулат. Ошондой эле, беш жылга чейин киреше салыгы 5% чекке түшүрүлөт. Эгер ошол эле кыскартылган пайыздык салык да кайра эле Баткен аймагында ишти жандандырууга салынса, жеңилдетилген шарт он жылга чейин узартылат.

Бул жеңилдиктер менен өкмөт ишкерлерди жана инвесторлорду Баткенге тартууга алгачкы кадам таштап жатканын көрсөтүп, ишкердик үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүктү пайдаланып калууга чакырды.

Фергана өрөөнүндөгү үч өлкөнүн чек арасы кесилишип, жер, суу талашы, чечилбеген чек ара - регион үчүн өтө олуттуу көйгөйгө айланган. Аймакта жумушсуздук, экономикалык оор абал, ага кошумча акыркы учурда чек арада чыккан чыр - ички жана тышкы миграцияны күчөттү дейт баткендик Гыламидин Артыкбаев. Өкмөттүн чаралары ишке ашса, ушундай көйгөйлөрдү бир топ жеңилдетмек дейт жергиликтүү тургун.

"Өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу жумушсуздуктан миграциянын көп болушу эле - Баткендин экономикалык абалы кандай экенин көрсөтүп турат. Анан да Баткен облусу кошуна Тажикстандын экономикасынын 60% камсыздап турган Кожент облусу жана Өзбекстандын өндүрүшү, экономикасы жогору болгон Фергана облусу менен чектешип турат. Тең ата сүйлөшүү, маселелерди чечүүдө экономикалык абал да таасир берет эмеспи. Акыркы учурдагы чек арадагы абал да миграцияга таасирин берди. Чек арада жашагандардын аймактан көчүп кетүү ниетин күчөттү. Мамлекет көңүл буруп, аймакты өнүктүрүү үчүн чечимдерди кабыл алып, реалдуу ишке ашырыш керек. Азыркы айтылып жаткан убадалар так ишке аша тургандай болсо, албетте, абалдын жакшырышына таасирин берет деп үмүт кылабыз".

Салыктык жеңилдиктерден тышкары дагы ыңгайлуу бир топ шарттар каралган. Мында уруксат алуу, каттоо сыяктуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан берилчү уруксат кагаздардын жетимиштей түрүнө төлөмдөр арзандатылып, кээ бири акысыз болот.

Өкмөт башчы жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүү фондуна казынадан 500 млн. сомдон бөлүнүп турарын билдирди. Бөлүнгөн акча ай сайын берилбей жыл башында эсепке түшүп, экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Баткен облусунда транзиттик каттамдарга коридор жана экономикалык эркиндик түзүү демилгеси да каралып жатат.

Темир жолу бар Кызыл-Кыя шаарында ири логистикалык борбор курулуп Кытай менен Өзбекстанга соода алаканы күчөтүүгө багытталат. Мындан тышкары Дүйнөлүк банк менен алдын ала макулдашуулар жүрүп, 60 млн. АКШ доллары аймактын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшалат. Иш баштоо ниети бар инвесторлор үчүн жер, канализация маселесин тез чечүү жана уруксат алуу үчүн бийлик өкүлдөрү менен байланышка барбай бирдиктүү терезе аркылуу бүтө тургандай шарт жаралаары да убадаланды. Бирок учурда токтоп турган Айдаркен сымап, Кадамжай сурьма, Кызыл-Кыядагы тамекини кайра иштетүүчү ири өндүрүш ишканаларынын тагдыры кандай болот белгисиз. Бирок, өкмөт Баткен облусун өнүктүрүүнүн алкагында инвесторлор үчүн амнистия да карала турганын билдирген.

Буга чейин Баткен облусунда эки миңден ашык орто жана чакан ишкердик жасайм деп каттодон өткөндөрдүн 50% жакыны ишмердигин андан ары улантып кете албай токтоп калганы айтылган. Эми бул жолу колдоолор качан реалдуу ишке ашып баштаганда таасири билинет дейт ЖИА ишкерлер бирикмесинин Баткен облусу боюнча жетекчиси Муратбек Газиев:

"Албетте, салык анан шарттар жеңилдейт дегени ишкерлерди кызыктырат. Бирок мурда да бир топ убадалар берилип аткарылбай калгандыктан ишеним аз болуп калган. Бул демилгелер чындап турмушка аша баштаса Орусияда көп жылдап жүргөн мекендештер азыраак болсо дагы акчасын ушул жакка салып, ишканаларды ачып жумушсуздук кыскармак. Маселе азыркы айтылгандарды, жеңилдиктерди көзөмөлдөп аягына чыгарыш керек. Буга чейин ишкерлерибиз уруксат алуу, электр энергиясы, жерлердин багытын өзгөртүү, насыя алуу сыяктуу маселелердин оордугун айтып келишчү".

“Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө” мыйзам кыргыз-тажик чек арасындагы апрелдин соңундагы куралдуу жаңжалдан кийин демилгеленип кабыл алынган. Мыйзамды ишке ашыруу үчүн өнүгүүнүн программасы жана чаралары да бекитилген. Бул шарттар аймактагы ишкерлердин санын өтө көбөйтө албаса да иштеп турган ишканалардын жабылып калуусунун алдын алат. Анан жүгүртүүдөгү капиталы аз ишкерлерге бир аз түрткү бериш керек дейт чек ара аймагында ишкердик менен алектенген Аллаберген Абдилаев.

"Бизге азыр салыктын төрт түрү боюнча жеңилдиктер, киреше салыгынын кыскартылышы жагымдуу кабар болду. Эми бул ишке аша баштаса билинет. Биздин аймакта ишкердик кылгандардын жүгүртүүдөгү акчасы өтө көп эмес. Ошондуктан салыкты да өтө көп төлөп келдик деп айта албайм. Мамлекет колдоого алганы жакшы. Реалдуу иштеп кетсе кайсы бир деңгээлде таасирин берет деп турабыз. Дагы бир маселе мамлекет тарабынан ишкердик үчүн да пайызы аз насыялар каралышы керек. Азыр мамлекет төрт банк аркылуу насыя берет деп угуп сураштырсак, шарттары өтө татаал деп жатышат. Биз ушул абалда "өлбө жаным, өлбө" деп иштебей бир аз кеңейтели, алдыга жылалы десек капитал керек. Кеңейтүү үчүн насыя алалы десек ишкердикке насыянын пайызы өтө жогору. Тапкан пайданы насыянын пайызына төлөп эле олтуруп калабыз".

Быйыл Баткен облусун өнүктүрүү жана кайра калыбына келтирүү иштери үчүн казынадан 700 млн. сом бөлүнгөнү айтылган. Ал эми кыскартылган салыктар үчүн казынага 120 млн. сомдой түшпөй калышы мүмкүн. Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров бул чыгымдар казынага таасир этпей турганын, анын орду көмүскө экономиканы ачыктоодон түшкөн каражаттардан жабыларын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG