Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Баткенди өнүктүрүү боюнча инвестфорум келишимдерге кол коюу менен аяктады


Форумдун жыйынтыгында келишимдерге кол коюлду.
Форумдун жыйынтыгында келишимдерге кол коюлду.

Баткен шаарында бүгүн 14-октябрда өткөн «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форумунун жыйынтыгында кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Келишим-макулдашуулар ипотекалык «Ихсан Азия Глобал Строй» компаниясы менен, «Ак-Буура Групп», «Шампаншарапкомбинат», «Т. Ибрагимов» ишканалары жана Түркиянын Палаталар жана товардык биржа союзу менен түзүлдү.

Мындан тышкары, Лейлектеги Сумбула айыл аймагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоо, Кадамжайда Neftan компаниясы менен бирге агро өнөр жай паркын түзүү, Mak Fidanchilik компаниясы менен Баткен облусун сапаттуу көчөттөр менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.

«Мега жек» компаниясы менен бирге Лейлектин Арка айылында парк зонасын жана логистикалык борбор куруу, Баткен шаарында мейманкана куруу, Кызыл-Кыя шаарында парк зонасын реконструкциялоо долбоорлору да талкууланды.

Инвестициялык форумдун ишине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Баткен облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын жарым миллиард сом которулуп турарын Жапаров 13-октябрда парламентте өкмөттүн сунушталган жаңы курамы каралып жатканда билдирген.

Баткен облусу борбордон эң алыс жайгашкан, Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен тилкесиндеги аймак. Коңшулар менен чек ара такталып бүтө элек болгондуктан жер, суу талаш маселелери утур катталып турат. Быйыл жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргыз, 19 тажик жараны көз жумган. Жүздөгөн үйлөр, социалдык объектилер талкаланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG