Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

"Медиахабдын" иликтөөчүсү аңдууга кабылганын айтып чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкеринин зомбулугуна кабылганын айткан журналист окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн атайын кызматка кайрылды.

“Али Токтакунов МедиаХабынын” журналисти Мээрим Айныкеева 14-октябрда УКМКга адвокаты менен чогуу барып арыз жазган.

Ага чейин Мээрим Айныкеева өзүн атайын кызматта иштейм деп тааныштырган адамдын коркутуусуна кабылганын билдирип чыккан.

"Менин аты-жөнүмдү, иштеген жеримди бүт билет экен"

Иликтөөчү журналист Мээрим Айныкеееванын айтымында, 11-октябрдын кечинде Бишкектин Токтогул-Манас көчөсүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде бейтааныш адам анын артынан калбай, жумушуна байланыштуу ар кандай суроолорду узаткан. Журналист ал адамды сүрөткө тартмакчы болгондо кол телефонун тартып алууга аракет кылган. Айныкеева аны коркуткан жаран өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери катары тааныштырганын билдирди.

“Бизди бир бала айланчыктап эле жүргөн. Башында ага маани деле берген эмеспиз. Анан эле туруп бара жатсам жолумду тороп, менин аты-жөнүмдү, иштеген жеримди айтып баштады. Андан кийин Али Токтакуновду сурап, анын кандай адам экенине кызыга баштады. Биз эмне себептен артыбыздан жүргөнүн сураганыбызда, УКМКнын кызматкери экенин айтты. Мен дароо эле такси чакырсам, ал телефон аркылуу бирөөгө “ал такси чакырды” деп маалымат берди. Биз дароо үйго кетип калдык. Азыр адвокаттар менен сүйлөшүп, кеңешип жатабыз. Мындан кийинки аракетибиз юристтердин кеңешине жараша болот”, - деди Мээрим Айныкеева.

Мээрим Айныкееванын артынан түшкөн адам өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган. Бул сүрөттү Айныкеева тартып алган.
Мээрим Айныкееванын артынан түшкөн адам өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган. Бул сүрөттү Айныкеева тартып алган.

“МедиаХабды” иликтөөчү журналист Али Токтакунов түптөп, анда иштегендер коррупциялык көрүнүштөрдү иликтеп келишет. Мээрим Айныкеева дагы бир нече иликтөөлөрдү жасаган. Али Токтакунов “МедиаХабдын” айрым кызматкерлеринин "Фейсбук" жана "Телеграм" аккаунттарына да хакердик чабуулдар жасалганын да жазып чыкты.

Депутат Наталья Никитенко 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында журналистке байланышкан окуяга токтолуп, Камчыбек Ташиевден чоо-жайын сурады. Ага УКМКнын төрагасы мындай деп жооп берди:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Биздин кызматкерлер билимдүү жана юридикалык жактан дасыккан адамдар. Алар эч качан бир журналистке барып бир нерселерди айтып, кайра кетип калбайт. Мен муну билем. Бул кандайдыр бир провокация болушу мүмкүн. Каяктагы бир адам журналистке ар кандай сөздөрдү айтып, өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып коюшу ыктымал. Бирок атайын кызматтын кызматкери эч канчан мындай жолго барбайт. Муну билип коюңуз. Журналист кызга айтыңыз, мага кайрылсын. Биз эртең эле иликтейбиз”.

Наталья Никитенко мындан тышкары оппозициялык күчтөргө карата басымдарды эске салып, мындай окуялар дыкат иликтениши керектигин кошумчалады. Буга Камчыбек Ташиев "УКМКнын кызматкерлери эч кимге зыян келтирбейт" деген убада иретиндеги жоопту берди.

"Фейсбуктагы пост үчүн суракка чакырышты"

"Фейсбук" колдонуучу Нурэлес Үмөталиев 12-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берип чыкты. Анын айтымында, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасады делген билдирүүсү үчүн чакыртылган. Атайын кызматтын тергөөчүсү жактоочу менен келсе иш жөнүндө кабар бере турганын билдирген.

Нурэлес Үмөталиев апрель айында ИИМге сурак берип чыккан. Азыр ишти УКМК карап жатат.
Нурэлес Үмөталиев апрель айында ИИМге сурак берип чыккан. Азыр ишти УКМК карап жатат.

21 жаштагы Нурэлес саясаттан алыс экенин, болгону азык-түлүк кымбаттап, Кыргызстандын айрым облустарында казино ачуу демилгеси көтөрүлө баштаганда Садыр Жапаровду сындап чыкканын айтат.

“Мени апрель айында Ички ишмер министрлигине чакырышкан. Андан кийин УКМКдан чакыруу келди. Менде төңкөрүш кылайын деген ой жок. Болгону жарандарды тынчтык митингге чакырып, өлкөдөгү кээ бир окуяларга каршы турайын дегем. Анткени бийликтин саясатына толук макул эмесмин. Башында айтылган убадалар аткарылган жок. Бирок бийлик мындай билдирүүлөрдөн аябай коркушат экен. Азыр жактоочу издеп жатам. Өзүмдүн саясат менен ишим жок. Кээ бир окуяларга оюмду айтып коем”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Юрист Медер Алиев сөз эркиндиги менен чектен чыгуунун чек араларын сакташ керек деп эсептейт.

Медер Алиев
Медер Алиев

“Бизде мыйзамды бузбаган сөз эркиндиги болуш керек. Мен сизге бир мисал менен жооп берейин. Америка Кошмо Штатынын Жогорку Сотунун судьясы Оливер Уэнделл Холмс​тон “адам оюна келгенин айта берсе болобу” деп сурашкан. Ошондо ал “эл толгон театрдан "бомба бар" деп кыйкыруу сөз эркиндиги эмес” деп айткан. Анткени мындай окуялардан эл, мамлекет зыянга учурайт. Сөз эркиндиги менен өзү билемдикти айырмалай билишибиз керек. Тилекке каршы, бизде демократиянын балуулуктарын башкача түшүнүп жатышат. Кандайдыр бир эреже болуш керек да".

Сын – сөз эркиндигинин бир бөлүгү

Буга чейин өзүнүн сын көз караштагы пикири үчүн бир нече адам суракка чакыртылган. “Туран” партиясынын мүчөсү Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) “Фейсбуктагы” баракчасындагы билдирүүсүндө “бийликти кулатууга чакырыктар бар” деген негиз менен 1,5 жылга кесилген.

Жакында эле “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулованын укук коргоочу Рита Карасартова менен "Телеграм" аркылуу сүйлөшкөнү социалдык тармактарга жайылып, Сания Токтогазиеванын "Телеграм-аккаунтуна" чабуул жасалган. Ушундай эле окуяга адвокат Замир Жоошев туш болгон. Окуяны Башкы прокуратура териштире турганын билдирген эле

Жарандык активист Улан Үсөйүн төмөндөгүдөй пикирин ортого салды.

Улан Үсөйүн
Улан Үсөйүн

“21 жаштагы баланын суракка чакырылганы чоң маселе. Азыр жарандык коомго кысым башталгандай. Ошол эле учурда атайын кызмат керектүү маалда эле иштеп жатканы өкүндүрөт. Мисалы, Садыр Жапаровдун жакында эле бөлүшүп жаткан посту талкууга алынды. Ага чейин Дастан Бекешевге арнап жазган билдирүүсү президентке эмес, жөнөкөй жаранга да туура келбейт эле. Социалдык тармакта тартип болушун каалашса, анда президент биринчи үлгү көрсөтсүн".

12-октябрда президенттин "Фейсбуктагы" верификациядан өткөн баракчасында Чыңгыз Абдымомунов (Chyngyz Abdymomunov) аттуу жарандын посту бөлүшүлдү. Ал жерде АКШда каза болгон афро-америкалык менен кыргызстандык жаран жөнүндө сөз болот. Бирок пост бат эле өчүрүлүп, президенттин басма сөз кызматы комментарий берген жок.

Журналисттер жана жарандык активисттерге юридикалык жактан жардам көрсөткөн “Медиа полиси” институту бийлик алмашкан октябрь окуяларынан кийин жарандык коомго кысым күчөгөнүн билдирип, мындай окуяларга күч органдары чара көрбөй жатканын кабарлашты. Уюмдун юристи Алтынай Исаева мыйзамдарга ылайык, өз пикирин билдирген адам жоопко тартылбай турганына токтолду.

“5-октябрдан кийин бийлик алмашып жаткан учурда журналисттерге кысым аябай күчөп, күч колдонгон учурлар да болгон. Ошол эле учурда активдүү жарандарды онлайн коркутуп, ар кандай кат жазгандар көбөйдү. Мындан тышкары күч органдары ар кандай саясий топтордун өкүлдөрүн, интернет колдонуучуларын суракка чакыртып жатканын көрүүдөбүз. Сын – сөз эркиндигинин бир бөлүгү. Ар бир жаран бийликти мактагандан тышкары сындаганга дагы укуктуу”.

Буга чейин милиция коомдук-саясий иштерге аралашып жүргөн 100дөй адамдын телефонун быйыл жыл башында тыңшаганы, ага сот уруксат бергени белгилүү болгон. Жарандык активисттер тыңшоого уруксат берген судьяны, тыңшоо жүргүзгөн милиция кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылган.

Ички иштер министрлиги былтыркы октябрь окуяларын тергеп-иликтөөнүн алкагында ондогон адамдын телефону бир ай бою тыңшалганын моюнга алган. Ал эми райондук сот “судья мыйзамдарга ылайык акыйкат жана мыйзамдуу чечим кабыл алды" деп эсептей турганын билдирген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG