Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Тыңшоолор мыйзамдуубу? Акыйкатчынын прокуратурага талабы


Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Токон Мамытов коомдук-саясий иштерге аралашып жүргөн жүздөй адамдын телефонун тыңшоо, кээ биринин Telegram каналдагы аккаунттарын бузуп кирүү боюнча Башкы прокуратурага экинчи жолу кайрылды.

Башкы прокуратура Акыйкатчынын жаңы кайрылуусуна жооп бере элек. Ал эми тыңшоого алган Ички иштер министрлиги тыңшоолордун корутундусу жашыруун маалымат катары өзүнчө бөлгөн. Ошол эле учурда адвокаттар иш менен тааныша албай жатканын айтышууда. Башкы прокуратура, ИИМ тыңшоолор мыйзам чегинде жүргөнүн билдирген.

Акыйкатчы институту тараткан маалыматта Токон Мамытов буга чейин да Жогорку Кеңештин төрагасына, Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана ИИМдин жетекчилерине кат жолдогону айтылат.

Акыйкатчы институту бул жолу Башкы прокуратурага төмөндөгүдөй суроолорду койгон:

Токон Мамытов
Токон Мамытов

“Депутаттарга жана партия активисттерине, соттук актыда көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын өзгөчө укуктук статусун эске алуу менен материалдар иликтенип чыкканбы? Тергөө судьясына ИИМдин тергөөчүлөрү тарабынан Кыргызстандын 100 жаранын тыңшоого негиз болуучу жетишээрлик материалдар берилгенби?”.

Август айында былтыркы 5-6-9-октябрдагы массалык башаламандыктар боюнча иштин алкагында 6-январдан 10-февралга чейин бир катар активисттердин, коомдук ишмерлердин жана депутаттардын телефону тыңшалганы белгилүү болгон.

Кийин "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулованын укук коргоочу Рита Карасартова менен Телеграм-каналы аркылуу сүйлөшкөнү социалдык тармактарга жайылып, Сания Токтогазиеванын Телеграм-аккаунтуна чабуул жасалган. Алар мунун артында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) турат деп шек саноодо.

Укук коргоочу Рита Карасартова Башкы прокуратура чуулгандуу бул иш боюнча реакция кылбай жатканын сынга алды.

“Башкы прокуратуранын милдети - мыйзам үстөмдүгүн орнотуу. Алар ар бир адамдын жеке жашоосу эң чоң баалуулук, ага киришүү мүмкүн эмес деп айтыш керек эле. Тыңшоодо одоно мыйзам бузуулар болгон. Жүз адамдын ар бири боюнча себептерин сураш керек болчу. Бир кылмыш иш менен тиешеси жок, жүз эмес, миң адамды тыңшай берсе болобу? Мен Башкы прокуратура эскертүү берет деп күтөм”.

Коомдук-саясий иштерге активдүү аралашкан жүздөй адамдын телефону сот чечими менен тыңшалганы белгилүү болгон соң, бул маселе Жогорку Кеңеште дагы каралган.

Тыңшоого алынгандардын арасында кол тийбестик укугу бар депутаттардын болушу дагы, тыңшоо канчалык мыйзамдуу болгон деген суроолорду жаратты.

Анткен менен Башкы прокуртура тыңшоо мыйзамдын негизинде, сот чечими менен болгонун билдирип келет.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев 8-сентябрдагы Жогорку Кеңеш отурумунда:

“Иштеп жаткан мыйзамдар боюнча Жогорку Кеңештин депутатын тинтүүгө гана болбойт. Андан тышкары башкы прокурор өтүнүч келтирип, Жогорку Кеңеш уруксат бергенде гана жоопкерчиликке тартылат. Ал эми телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо үчүн уруксат алуу жалпы негиздер менен эле ишке ашат”, -деп айтты.

Телефону тыңшалгандардын арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары, саясатчылар, жарандык активисттер, укук коргоочулардан тышкары быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Курсан Асанов өңдүү саясатчылар бар.

ИИМдин маалыматына ылайык, тыңшоо 6-январдан 10-февралга чейин жүргөн.

Президенттик шайлоо 11-январда өтүп, анда Садыр Жапаров жеңип чыккан. Ал шайлоого чейин премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу болуп туруп, шайлоо алдында кызматын убактылуу тапшырган эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев президенттикке талапкерлерлерди тыңшоо башка мыйзамды сыйлаган мамлекетте болгондо чоң чыр менен коштолмок дейт.

“Соттун макулдугу менен болуп жатат. Мен соттун чечими мыйзамсыз деп эсептейм. Анткени тыңшалгандардын арасында депутаттар гана эмес, президенттикке талапкерлер дагы болуп жатпайбы. Президенттикке талапкерлерди тыңшоо башка мамлекетте болгондо чоң чыр чыкмак. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маселе козголмок. Башкы прокуратура сөзсүз баа бериш керек”.

Депутат Жээнчороев тыңшоого уруксат берген Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгызбек Бердимуровду кызматтан алып, жоопкерчиликке тартуу керек деген пикирде.

Депутат судьяны кызматтан алуу керек экени бир ай мурун парламент жыйынынан дагы көтөргөн.

Анда Биринчи май райондук соту судья мыйзамга ылайык чечим чыгарганын билдирген.

"Судья мыйзамдуу жана объективдүү чечим кабыл алган. 2020-жылдын октябрындагы башаламандыкка байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мекемелер аралык тергөө тобунун башчысы атайын тергөө амалдарын жүргүзүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган. Өтүнүчтү кароо учурунда мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчилери, Башкы прокуратуранын прокурору катышкан. Тергөө иштериндеги судья бул өтүнүчтү канааттандырган, ал өз ыйгарым укуктарынын алкагында өтүнүчтү канааттандырган", - деп айтылат билдирүүдө.

14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов менен финансист Алмаз Сарыбаев “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин 309-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алуу”) негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

Анын алдында интернетте Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин телефондон сүйлөшкөнү делген аудио тараган.

Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова 6-октябрда социалдык тармакка тараган Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиону Орусиянын жана Казакстандын эки экспертизасы монтаждалган деп тыянак чыгарып бергенин билдирип чыкты.

Ички иштер министрлиги башка экспертиза дайындай турганын, Асановдун адвокаттары өткөргөн экспертизалар башка материалдарды салыштыруу менен өткөрүлбөгөнүн жарыялаган.

8-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы башаламандыкка байланыштуу сот процесси башталды. Андан мурда кылмыш иштин алкагындагы тыңшоолордун корутундусу жашыруун маалымат катары өзүнчө томго бөлүнүп, адвокаттарга таанышууга берилбей турганы белгилүү болгон.

Буга байланыштуу абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты жана телефону тыңшалган Замир Жоошев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгын сотко бере турганын билдирген.

Кыргызстанда буга чейин да бир катар оппозициялык саясатчылар интернетке тараган чуулгандуу аудиолордон кийин камакка алынган окуялар болгон.

2016-жылы “Элдик парламент” кыймылынын лидерлери жана мүчөлөрү ушундай аудиожазуудан кийин камалган. Бул ишке байланыштуу саясатчылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов бийликти күч менен басып алууга айыпталып соттолуп чыгышты. Алардын айрымдары кийин акталды.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG