Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:33

Тыңшоолордун төркүнү эмнеде? Асанов менен Сарыбаевдин иши


Алмаз Сарыбаев менен Курсан Асанов бийликти басып алууга шек саналып камалган. Коллаж.

Бийликти күч менен басып алууга шек саналып камалган Алмаз Сарыбаев ден соолугу начарлап, убактылуу кармоочу жайдан жеке ооруканалардын бирине которулду. Ал өзүнө коюлган айыпка макул болбой 17-сентябрда ачкачылык жарыялаган.

Ал тапта бул иш боюнча камакка алынган Курсан Асановдун адвокаты кылмыш ишин козгоого жол ачкан аудиожазууну экспертизадан өткөрүүгө өтүнүч берди. Кыргызстанда жашыруун жазылган аудио аркылуу саясатчылар камакка алынып соттолгон окуялар бар. Анын мыйзамдуулугу дайыма талаш жаратат.

Асанов менен Сарыбаевдин иши

Он күндөй ачкачылык кармаган Алмаз Сарыбаев Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан жеке ооруканалардын бирине которулганы белгилүү болду.

Ал камакта жатканда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жолугуп, ачкачылык кармоону токтотууга чакырган. Бирок шектүү ага макул болгон эмес.

Омбудсмен Токон Мамытов ушундан улам Алмаз Сарыбаевдин ден соолугу начарлап, ооруканага которулганын айтты. Анын сөзүнө караганда, Сарыбаев ачкачылыкты токтотту.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

“Алмаз Сарыбаев менен сүйлөшкөнбүз. Ата-энеси да “ачкачылык кармоону токтот” деп кайрылган. Бирок ал “менин укугум бар” деп өзү болбой койгон. Азыр эми ооруканада. Биздин кызматкерлерден ПЧР-тест талап кылынып жатат. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин кызматкерлерибиз ооруканага барып акыркы маалыматтарды алып келишет”.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Сарыбаевди 15-сентябрда кармаган. Ал Жазык кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча айыпталууда. Шектүү коюлган кинеге макул болбой 17-сентябрда протест катары ачкачылык жарыялаган.

Сот анын бөгөт чарасын 16-сентябрда карап, Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган. Коронавирус пандемиясындагы шартка ылайык, ал эки жума шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында болуп, анан №1 тергөө абагына которулмак.

Аны менен кошо ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да бийликти басып алууга шек саналып камалган. Мунун алдында интернетке Асанов жана Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Текст менен коштолгон ал материал социалдык тармактарда “бийликти курал менен басып алуу боюнча сүйлөшүүлөр” деп чыккан.

Курсан Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова тергөөгө ал аудиожазууну экспертизадан өткөрүү тууралуу өтүнүч берилгенин кабарлады.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

“Аудиодогу кээ бир сөздөр такыр эле Курсан Асановдуку эмес. Айрымдары контексттен суурулуп алынган. Ошону экспертизадан өткөргүлө деп өтүнүч бергенбиз. Эгерде экспертиза туура чыкса, аудио монтаж экени аныкталат. Биринчи аудиодогу “курал-жарак, Жанар Акаев” деген сөздөр 2020-жылы 6-октябрда жазылган болушу мүмкүн. Ал эми Алмаз Сарыбаев менен болгон сүйлөшүү быйыл августтун ортолорунда болгон экен. Анда “шайлоого кимдер менен барабыз, чогуу баралы” деген эле сөз айтылган экен”.

Курсан Асанов эки жумалык карантинге байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Андан кийин ал Ысык-Ата районунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50 колонияга которулат.

Тыңшоо жана укуктук маселе

Кыргызстанда буга чейин да бир катар оппозициялык саясатчылар интернетке тараган чуулгандуу аудиолордон кийин камакка алынган окуялар болгон.

2016-жылы “Элдик парламент” кыймылынын лидерлери жана мүчөлөрү ушундай аудиожазуудан кийин камалган. Бул ишке байланыштуу саясатчылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов бийликти күч менен басып алууга айыпталып соттолуп чыгышты. Алардын айрымдары кийин акталды.

“Саясий туткундарды коргоо” комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев “кыргыз саясатында жашыруун аудиожазуу оппозицияга каршы көп колдонулган курал болуп калды” дейт.

“Бул ыкма өзгөчө Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда көп колдонулуп 2015-жылы март айында, кийин 2016-жылы канча деген саясатчыны камады. Ошондон бери бул адат болуп калды. Күчтүү бийлик саятсатчыларды мыйзам менен жолго салат. Ал эми араң турган оппозициялык саясатчыларды ушундай ыкма менен коркутам деген бийлик туура эмес нукка кетет”.

Жакында эле былтыркы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери ондогон адамдын телефонун бир ай бою тыңшаганы сентябрда ачыкка чыккан. Телефон сүйлөшүүлөрү тыңшалгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар. Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги (ИИМ) тыңшоо мыйзамдуу болгонун билдирген.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы милиция кызматкери Туратбек Мадылбеков тыңшоонун укуктук жагы тууралуу пикири менен бөлүштү.

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

“Сот тыңшоого уруксат бергенде эмнеге көңүл бурган биз ушуга маани бербей жүрөбүз. Биз көбүнчө укук коргоо органдарын, тергөө кызматын күнөөлөй беребиз. Алар иш боюнча материалдарды топтоп, аны негиздеп туруп сотко берет. Судья ал материалдарды көрүп "шектүү башка кишилер менен чогуу мыйзамга каршы иш жасаганы жатыптыр, адамды тыңшоого алганга уруксат берсе болот" деп чечим чыгарышы мүмкүн. Бирок эки киши телефондон сүйлөшүп койсо эле аларды тыңшаган туура эмес. Ага сот да жооп бериш керек. Юридикалык тилде “умысел” деп коёт адам акыл эси, жүрөгү менен бир нерсеге багыт алат. Өзгөчө саясатчылар отуруп бийликке келүү тууралуу ар кандай сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Алар саясатчы болгондон кийин максаты бийликке келиш да. Бирок алар бийликти басып алууга аракет кылганы так далилдениши керек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте, Ички иштер министрлигинде тыңшоого алган жакшы аппараттар бар. Мурда мындай жабдык УКМКда эле бар болчу. Кийин ИИМге да уруксат берилген. Бирок мүмкүнчүлүк бар деп эле ар кимди баса калып тыңшай берген болбойт. Биз Жогорку Кеңештин V чакырылышында адамдарды тыңшоону катаалдаткан мыйзамды кабыл алганбыз. Тергөө кайсы бир адамды тыңшоого алыш керек деп соттон сураса ал жөн эле уруксат берип койбошу керек”.

Юристтердин түшүндүмөсү боюнча мурдагы Жазык процесстик кодекске ылайык, адамга кылмыш иши козголгондон кийин гана соттун чечими менен анын телефон сүйлөшүүлөрү тыңшоого алынчу. Азыркы Жазык процесстик кодекс боюнча иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат. Андан кийин сот уруксат берсе ал ишке тиешеси бар шектүүлөрдүн, күбөлөрдүн телефонун тыңшоого жол ачылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG