Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Тайванда турак үйдө чыккан өрт 50дөй кишинин өмүрүн алды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Тайвандын Гаосюн шаарында 13 кабат турак жайда чыккан өрт 50гө жакын кшинин өмүрүн алып кетти. Дагы 60тайы ооруканага жеткирилди. Өрт бейшембиге караган түнү, тургундардын көбү уктап жаткан маалда тутанган. Кырсык болгон жерге дароо 160 өрт өчүүрүчү барды.

Жергиликтүү телеканалдар чукул кырдаалдар кызматтары тилсиз жоо менен күрөшүп, куткаруучулар жашоочуларды үйдөн чыгарып жатышканын көргөзүштү. Тайвандын борбордук кабар агенттиги өрт чалган имарат 40 жыл мурун курулганын, 120га жакын батирдин кеминде бешөө ээн турганын билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт коммерциялык жайлар жайгашкан биринчи кабаттан чыгып, дароо жайылып кеткен. Турак үйдө 100дөн ашуун киши жашачу. Көбү улгайган адамдар.

Өрт эртең менен саат жетилерде өчүрүлгөн, андан кийин куткаруучулар аман калгандарды издөөнү улантышты. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча аныктала элек.

Гаосюн порту асман тиреген имараттары менен белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG