Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Кумтөр иши: Тайырбек Сарпашев кайра камалды


Тайырбек Сарпашев. Архивдик сүрөт.
Тайырбек Сарпашев. Архивдик сүрөт.

Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга шектелип жаткан мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев кайра камалды. Бул тууралуу 14-октябрда “Азаттык” радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Сарпашевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Ал тергөө аяктаганча УКМКнын тергөө абагында болот.

Кыргызстан Кумтөр алтын кенин өзүнө алгандан кийин ага байланыштуу иликтөө баштаган. УКМК кен жаңы уюшулган учурда түзүлгөн келишимдерден тартып соңку келишим-макулдашууларга чейин бардыгын изилдеп жатат. Сарпашевге айып 2017-жылдагы документтер боюнча тагылган. Аны атайын кызмат быйыл 17-июнда кармаган, 29-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал тергөө бүткөнчө жашаган жеринен башка жакка кетпөө шарты менен бошотулган.

Атайын кызмат Сарпашев канадалык "Центерра Голд" компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген деп эсептейт. Сарпашевдун жакындары жана жактоочулары буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Ал 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG