Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Навальный санаалаштарын күрөштү улантууга чакырды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусияда оппозициялык саясатчы Алексей Навальный абактан кат жазып, өзүнүн фондунун кызматкерлерин жана үзөңгүлөштөрүн коррупцияга каршы күрөштү улантууга чакырды. “Ив Роше” иши боюнча соттолуп, Владимир облусундагы колонияда отурган оппозициячынын кол жазмасын “Медуза” сайты жарыялады.

Навальный жакында өткөн шайлоого баасын берип, “Акылдуу добуш берүү” системасы “Бирдиктүү Орусия” партиясын “талкалаганын” айтты.

Саясатчы басым-кысымга карабай командасынын инфраструктурасын сактап калгандыгы үчүн санаалаштарына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Орусиядан кетүүгө аргасыз болгон тарапташтарын өлкөнүн кызыкчылыгындагы аракеттерин улантууга үндөдү.

Январдын этегинде Навальный Германиядан кайтып келгенде аэропорттон кармалган. Саясатчы химиялык курал менен ууландырылгандан кийин бир нече ай Берлинде дарыланган.

Кармалгандан соң Москва шаарынын Симонов райондук соту Навальныйдын шарттуу жазасын алмаштырып, 3 жарым жылга колонияга жөнөткөн.

Оппозиционер жана бир тууганы Олег 2014-жылы “Ив Роше” компаниясынын каражатын кымырып алган деп айыпталып, шартуу соттолгон. Ага-ини күнөөсүн моюнга алган эмес. Кылмыш ишин саясий буюртма деп баалашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG