Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Борбор азиялык мигранттарга Орусия мунапыс жарыялады


Ташкент аэрoпорту, Орусияга сапар алган өзбекстандык мигранттар.
Ташкент аэрoпорту, Орусияга сапар алган өзбекстандык мигранттар.

Өзбекстан менен Тажикстандын 300 миң жараны үчүн Орусияга кирүүгө салынган чектөө алынганы кабарланды. Бул чечим Орусияда соттолгон мигранттарга тиешелүү эмес. Ал эми өлкөгө кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын 74 миңдей жараны тууралуу сөз боло элек.

8-октябрда Орусиянын Миграция федерациясынын президенти Вадим Коженов буга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган өзбекстандык жана тажикстандык мигранттарга мунапыс жарыяланганын билдирди.

"Көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Өзбекстандын 150 миң, Тажикстандын 150 миң жаранына мунапыс жарыяланды. Алар буга чейин кайсы беренелер боюнча жазага тартылса, ошого жараша биздин сайтка кирип текшере алышат", - деди Коженов.

Деген менен Миграция федерациясы бул чечим Орусиядан соттун чечими менен депортацияланган чет өлкөлүктөргө тиешелүү эмес экенин эскертти. Аларга киргизилген чектөө күчүндө калат.

Анткени Орусиянын мыйзамдарына ылайык, оор кылмыш жасап же олуттуу мыйзам бузуп “кара тизмеге” илинген чет өлкөлүктөргө бул мамлекетке кирүүгө биротоло тыюу салынат. Ал эми административдик мыйзам бузгандардын көбү үч-беш жылга чейин киргизилбейт.

Ал ортодо Өзбекстан Ыраакы Чыгыштагы "Восточный" космодромундагы инфраструктуралык объектилерди куруу үчүн ушул апта 1466 мигрантты Орусияга жөнөткөнүн "Азаттыктын" өзбек кызматы жазып чыкты.

Өзбекстандын тышкы миграция боюнча маселелерди тескеген агенттигинин өкүлү Ортикхужа Норов космодромдогу курулуш иштерине баш-аягы 5 миңдей өзбек жараны тартыла турганын айтты.

Курулушчуларды Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги менен Ички иштер министрлиги тандап алат. Анын алкагында жумушчулардын саламаттыгы жана Орусияга кирүүгө уруксаты бар же жогу текшерилет.

Буга чейин Орусиянын курулуш министринин орун басары Никита Стасишин жакынкы арада Москва Орусияга өзбекстандык 10 миң мигрантты кабыл алуу боюнча схема бекитилгени жатканын билдирген. Ал үчүн өзбек мигранттары коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасы менен эмделиши керектиги айтылган.

"Өзбекстанда биз эмгек мигранттары үчүн экспертиза, эмдөө жана башка керектүү иштерди уюштурууну пландап жатабыз. Бул аларды Казакстан аркылуу поезд менен коопсуз жеткирүүгө мүмкүндүк берет", - деди Стасишин.

Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл 15-июлда жарлык чыгарып, мигранттарга документтерин иреттөө үчүн берилген мөөнөттү 30-сентябрга чейин узарткан эле.

Ага ылайык, 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктаган. Министрлик ага чейин миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, аны расмий каттатуу сыяктуу иш-чараларды толук бүтүрүү зарыл экенин эскерткен.

Мындай документтери болбогон шартта миграциялык кызмат, полиция айып пул салат же Орусиянын аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алат.

Гүлиза Акматсияева.
Гүлиза Акматсияева.

Ал эми Орусияда мигранттарга юридикалык көмөк көрсөткөн Гүлиза Акматсияева өзбекстандык жана тажикстандык мигранттар бул өлкөгө дагы көп киреше алып келген үчүн гана мындай чечим чыкканын кыйытты.

"Албетте, амнистия болуп жатат. Бирок кыргызстандык мигранттардын ишине бул канчалык деңгээлде жарары белгисиз. Ал эми биздин жаза алган мигранттардын дээрлик көпчүлүгү такси айдоочулары. Алар эки административдик жаза алса, Орусияга кирүүгө тыюу салынат. Бул өтө катаал чара. Баары патент менен иштейт. Тажик же өзбек мигранттар ай сайын салык төлөгөнү үчүн аларга амнистия жарыялоо албетте кирешелүү", - деди Акматсияева .

Жазында орус бийлиги 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен болчу. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ушул тапта Орусия 74 миң кыргызстандык жаранга кирүүгө тыюу салганын билдирген. Мекеме алардын көбүнө мындай чечимди сот чыгарганын маалымдады.

Быйыл Москвада мигранттардын ич ара массалык мушташтары көп катталган. Алардын эң ириси - июль айында Кузьминкиде болгон. Анда кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши кармалган.

Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 70тен ашыгы Кыргызстандын жарандары. Кузьминки окуясынан кийин 26 кыргызстандык Орусияга 40 жылга чейин кирбей турган болуп депортацияланган.

Ал эми 2020-жылы декабрда Кремл өлкөдө 6,3 миллион мигрант бар экенин билдирген. Пандемияга чейин алардын саны 9-11 миллиондун тегерегинде экени айтылып келет.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Бейрасмий эсепте 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG